https://sputnik.kg/20261118/1104960889.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T08:59+0600
2026-11-18T08:59+0600
2026-11-18T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104960723_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0e6af9f3b2d8adc478928e3753435aae.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырды. Өз сөзүндө минкаб башчысы масштабдуу инвестициялык долбоорлор өлкөнүн транспорттук байланышын кеңейтүүгө, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганын белгиледи. "Ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого субсидия түрүндө 5,3 млрд сом каралган. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө 19,4 млрд сом жана үлүштүк грант түрүндө 1,8 млрд сом бөлүнөт. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө 19,4 млрд сом жана үлүштүк грант түрүндө 1,8 млрд сом бөлүнөт. Бааларды турукташтырууга 5 млрд сом, Турукташтыруу фондуна 20 млрд сом каралган", - деп билдирди.
Кыргызстанда 13-декабрга чейин аңчылыкка уруксат берилген Жаратылыш министрлиги 15-августтан бери аң уулоо болуп жатканын, ошондон тарта уруксат берилгенин билдирди. Мында жаныбарлардын жана канаттуулардын ар бир түрүнө өз-өзүнчө мөөнөт каралган. Мергенчилик мыйзамдуу болуш үчүн күбөлүк, жолдомо жана уруксат кылган документтер зарыл. Аны менен Сибирь тоо текесин, элик, каман, кыргоол жана кекиликти атканга болот. Бирок коюлган чектен ашып кетпеш керек. Ал эми озгөчө коргоодогу айбанаттарга аңчылык кылууга тыюу салынат жана айып пулга жыгылат.
ИИМ ишкерлер менен блогерлерди товар жарнама кылууда баңгизат каткан, издегенге окшош сценарийлерди колдонбоого чакырды Соцтармакта айрым дүкөндөр өз товарын, кызматын жарнама кылганда көрүнгөн жерге акча катып, товар жашырып, элди издетип, ар кандай оюндарды уюштуруп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам ИИМ баңгизат менен байланышкан сценарийлерди колдонууга болбой турганын эскертти.
Кыргыз циркинин артисттери эл аралык аренага чыгып, чет өлкөлүк кесиптештеринен тажрыйба алышы керек. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Нурлан Конокбаев билдирди. Ушул тапта циркте Кыргызстандын тарыхына, маданиятына жана салтына арналган масштабдуу шоу-программа даярдалууда. Аны биргелешип өткөрүү үчүн россиялык белгилүү режиссер Елена Петрикова чакырылган. Конокбаевдин айтымында, улуттук цирк искусствосун өнүктүрүү үчүн кыргыз артисттери дүйнө жүзү боюнча гастролдошу дагы керек, ошондуктан белгилүү коллективдерди бизге көбүрөөк чакыруу зарыл. Жетекчи режиссер Елена Петрикованы чакыруунун максаттарынын бири кыргыз артисттери үчүн АКШда, Европада жана Россияда чыга ала турган масштабдуу шоу түзүү экенин айтты. Конокбаев Петрикова цирк программаларын коюуда чоң тажрыйбага ээ экенин, аны менен кызматташуу жергиликтүү артисттерге жана көркөм жетекчиликке жаңы кесиптик деңгээлге чыгууга жардам берерин баса белгиледи. Директордун айтымында, Кыргыз цирки толугу менен реконструкцияланып, масштабдуу шоулар үчүн керектүү техника менен жабдылган. Учурда Кыргыз мамлекеттик циркинде 25 артист бар. Жаңы программаны д
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырды. Өз сөзүндө минкаб башчысы масштабдуу инвестициялык долбоорлор өлкөнүн транспорттук байланышын кеңейтүүгө, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганын белгиледи. "Ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого субсидия түрүндө 5,3 млрд сом каралган. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө 19,4 млрд сом жана үлүштүк грант түрүндө 1,8 млрд сом бөлүнөт. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө 19,4 млрд сом жана үлүштүк грант түрүндө 1,8 млрд сом бөлүнөт. Бааларды турукташтырууга 5 млрд сом, Турукташтыруу фондуна 20 млрд сом каралган", - деп билдирди.Кыргызстанда 13-декабрга чейин аңчылыкка уруксат берилген Жаратылыш министрлиги 15-августтан бери аң уулоо болуп жатканын, ошондон тарта уруксат берилгенин билдирди. Мында жаныбарлардын жана канаттуулардын ар бир түрүнө өз-өзүнчө мөөнөт каралган. Мергенчилик мыйзамдуу болуш үчүн күбөлүк, жолдомо жана уруксат кылган документтер зарыл. Аны менен Сибирь тоо текесин, элик, каман, кыргоол жана кекиликти атканга болот. Бирок коюлган чектен ашып кетпеш керек. Ал эми озгөчө коргоодогу айбанаттарга аңчылык кылууга тыюу салынат жана айып пулга жыгылат.ИИМ ишкерлер менен блогерлерди товар жарнама кылууда баңгизат каткан, издегенге окшош сценарийлерди колдонбоого чакырды Соцтармакта айрым дүкөндөр өз товарын, кызматын жарнама кылганда көрүнгөн жерге акча катып, товар жашырып, элди издетип, ар кандай оюндарды уюштуруп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам ИИМ баңгизат менен байланышкан сценарийлерди колдонууга болбой турганын эскертти.Кыргыз циркинин артисттери эл аралык аренага чыгып, чет өлкөлүк кесиптештеринен тажрыйба алышы керек. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Нурлан Конокбаев билдирди. Ушул тапта циркте Кыргызстандын тарыхына, маданиятына жана салтына арналган масштабдуу шоу-программа даярдалууда. Аны биргелешип өткөрүү үчүн россиялык белгилүү режиссер Елена Петрикова чакырылган. Конокбаевдин айтымында, улуттук цирк искусствосун өнүктүрүү үчүн кыргыз артисттери дүйнө жүзү боюнча гастролдошу дагы керек, ошондуктан белгилүү коллективдерди бизге көбүрөөк чакыруу зарыл. Жетекчи режиссер Елена Петрикованы чакыруунун максаттарынын бири кыргыз артисттери үчүн АКШда, Европада жана Россияда чыга ала турган масштабдуу шоу түзүү экенин айтты. Конокбаев Петрикова цирк программаларын коюуда чоң тажрыйбага ээ экенин, аны менен кызматташуу жергиликтүү артисттерге жана көркөм жетекчиликке жаңы кесиптик деңгээлге чыгууга жардам берерин баса белгиледи. Директордун айтымында, Кыргыз цирки толугу менен реконструкцияланып, масштабдуу шоулар үчүн керектүү техника менен жабдылган. Учурда Кыргыз мамлекеттик циркинде 25 артист бар. Жаңы программаны д
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104960723_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_512b2a71d6842e22c9ed95609c95bfff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио