00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Кыргыз көчмөн маданиятынын башка көчмөн элдердин маданиятынан айырмачылыгы
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
Ачык кеп
Эксперт: Кыргызстанда эмгек акыга болгон индексация 2008-жылдан бери болгон эмес
21:12
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Ош облусундагы "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерлер соода орундарынын ижара акысы кескин жогорулап кеткенине нааразы болуп митингге чыгышты.Аталган базарда соода кылган Роза аттуу ишкердин айтымында, буга чейин соодагерлер контейнердин чоң-кичинесине карабастан орду үчүн айына 4 500 сомго чейин төлөп келишкен. Эми мындан ары төлөм ээлеген аянттын чарчы метрине жараша эсептеле турган болуп жатат."Чарчы метрине канчадан төлөй турганыбыз азырынча белгисиз. Биз тараптагы бир соодагер келишим түзүп 12 миң сом төлөптүр, башкалар ошого каршы болуп жатышат. Экинчи кабатта склад катары колдонулган контейнерлери барлар дагы бар, эми аларга да акы төлөнөт экен деп жатышат", — деди соодагер.Ал ошондой эле баа көтөрүлгөнү менен базардагы шарттар мурдагы калыбында калып, жакшырбаганын белгиледи. Соодагердин сөзүнө караганда, күн суук болгонуна карабай базарда жылыткычтарды да сайдырбай жатышат.
Кыргызстан визасыз кире алган өлкөлөрдүн тизмесин 18 мамлекетке кеңейтүүнү көздөп жатат. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, тизмеге Индонезия, Филиппин, Иордания, Марокко, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, Непал, Тунис, Колумбия, Доминикан Республикасы, Коста-Рика, Эквадор, Перу, Панама, Сейшел аралдары, Гватемала, Тринидад жана Тобаго, Ямайка кошулмакчы. Мындан тышкары, буга чейин тизмеге кирген мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргызстанда визасыз жүрүү мөөнөтү 30 күндөн 60 күнгө чейин узартылат. Башкача айтканда, алар өлкөгө киргенден тартып ар бир 120 күндүн ичинде жалпысынан 60 күн визасыз жүрө алышат. Документте бул өзгөртүүлөр чет өлкөлүк туристтерди көбүрөөк тартууга жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталганы белгиленген. Айрыкча 45-60 күнгө созулган бийик тоолуу альпинисттик экспедицияларга ыңгайлуу шарт түзүү максаты коюлган. Ушу тапта Кыргызстандын бир тараптуу визасыз режим тизмесинде 55 мамлекет бар, ал эми эки тараптуу макулдашууларды жана ЕАЭБ мамлекеттерин эске алганда республикага 75 өлкөнүн жарандары кирип чыга алат.
Умрага уча албай Ташкентте калган зыяратчылардын окуясы боюнча иш козголуп, "Нур Умра Трэвел" ЖЧКсынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти."Социалдык тармактарда кыргызстандыктар Ташкент аэропортунан умрага уча албай калганы тууралуу видео тараган. Текшерүү учурунда фирма сапарды "Умра" тиркемесине каттатпай туруп уюштурганы, андан сырткары, жолду улантуу үчүн ар бир кишиден кошумча 100 доллардан талап кылганы аныкталган. Муфтияттан бул компанияда буга чейин дагы эреже бузуулар болгонун айтышты", — дешти милициядан. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголду. Тинтүү учурунда документтер жана квитанциялар алынган. Шектүү катары компаниянын 43 жаштагы жетекчиси кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда. Эске салсак, буга чейин Ташкент аэропортунда калып калган кыргызстандыктар тууралуу маалымат тарап, муфтият аларды мекенине кайтаруу маселесин чукул жыйында талкуулаган. Чогулушка Өзбекстан элчилигинин кызматкерлери дагы катышкан. Көп өтпөй Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жарандарды кырдаал турукташканга чейин башка өлкөлөр аркылуу сапарга чыкпоого жана түз каттамдарды колдонууга чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0