https://sputnik.kg/20261118/1104965884.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда интернет аркылуу акы төлөнүүчү курс саткан жана окуткан адамдарга жаңы талап киргизүү сунушталды. Алар кардардан акча алардан мурда өзүнүн билими... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T11:00+0600
2026-11-18T11:00+0600
2026-11-18T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104965718_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d96ea1e13958cf7b6fd24d5328ccf85b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда интернет аркылуу акы төлөнүүчү курс саткан жана окуткан адамдарга жаңы талап киргизүү сунушталды. Алар кардардан акча алардан мурда өзүнүн билими, квалификациясы жана иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, онлайн-курс сунуштаган адам кайсы окуу жайдан билим алганын, адистигин, кошумча окуулардан өткөнүн, кандай сертификаттары бар экенин жана бул тармакта канча убакыт иштегенин көрсөтүшү керек. Эгер анын тиешелүү билими же иш тажрыйбасы жок болсо, бул тууралуу да ачык айтууга тийиш. Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү курстардын же семинарлардын сертификатын жогорку билимдин документи катары көрсөтүүгө тыюу салуу каралган.Белгилей кетсек, долбоор бардык онлайн-курс окутуучулардан сөзсүз жогорку билим же лицензия талап кылбайт. Негизги максат — кардарлар кызмат сатып алардан мурда аны ким окутарын жана анын кандай даярдыгы бар экенин билишине шарт түзүү.
Кыргызстанда жашы жете электерге электр самокатын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бир нече депутат демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, эгер жеке жак самокатты же гироскутерди 18 жашка толо элек балдарга ижарага берсе — 20 миң сом, юридикалык жак 55 миң сом айыпка жыгылат. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, акыркы жылдары мобилдик тиркемелер аркылуу электр самокаттарын ижарага берип киреше тапкандар кыйла көбөйдү. Аны менен катар балдар жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары да арбыды. Мындай чектөөлөр жашы жете электердин өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле шаар көчөлөрүндө жана тротуарларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Азия-Тынч океан аймагы (АТЭС) бүгүнкү күндө глобалдык экономиканын борборуна, планетанын башкы өнөр жай жана технологиялык хабына айланды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин АТЭС саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы аймакта чоң өзгөрүүлөр болуп, "тектоникалык жылыш" болгонун белгилеген. "Азия-Тынч океан аймагына дүйнөлүк ИДПнын 60 пайыздан ашыгы жана калктын 36 пайызы туура келет. Ошондой эле дүйнөлүк сооданын 50 пайызын жана кызмат көрсөтүүнүн 35 пайызын түзөт", — деди Путин. Анын айтымында, аймакка дүйнөлүк чет элдик түз инвестициялардын 60 пайыздан ашыгы агылып келүүдө. Мындан тышкары, АТЭСте ири рыноктор топтолуп, дүйнөнүн алдыңкы компаниялары, заманбап илимий-изилдөө жана билим берүү кластерлери жайгашкан. Россия лидери бул өзгөрүүлөр негизинен Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн арты менен ишке ашканын белгиледи.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы бүгүн Вьетнам менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.Жолдоштук мелдеш Вьетнамдын Намдинь шаарында өттү. Оюндун жүрүшүндө алгач атаандаштар эсеп ачкан. Кыргызстандын атынан Валерий Кичин эсепти теңеп, Эрбол Атабаев акыркы мүнөттөрдө жеңиш тобун киргизди. Бул Кыргызстандын Вьетнамдагы окуу-машыгуу жыйынынын алкагындагы экинчи беттеши болду. Биринчи оюнда "ак шумкарлар" Кытай Тайбэйинин курамасын 3:0 эсебинде уткан.
Кыргызстанда интернет аркылуу акы төлөнүүчү курс саткан жана окуткан адамдарга жаңы талап киргизүү сунушталды. Алар кардардан акча алардан мурда өзүнүн билими, квалификациясы жана иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, онлайн-курс сунуштаган адам кайсы окуу жайдан билим алганын, адистигин, кошумча окуулардан өткөнүн, кандай сертификаттары бар экенин жана бул тармакта канча убакыт иштегенин көрсөтүшү керек. Эгер анын тиешелүү билими же иш тажрыйбасы жок болсо, бул тууралуу да ачык айтууга тийиш. Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү курстардын же семинарлардын сертификатын жогорку билимдин документи катары көрсөтүүгө тыюу салуу каралган.Белгилей кетсек, долбоор бардык онлайн-курс окутуучулардан сөзсүз жогорку билим же лицензия талап кылбайт. Негизги максат — кардарлар кызмат сатып алардан мурда аны ким окутарын жана анын кандай даярдыгы бар экенин билишине шарт түзүү.Кыргызстанда жашы жете электерге электр самокатын ижарага берүүгө тыюу салуу сунушталууда. Бир нече депутат демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, эгер жеке жак самокатты же гироскутерди 18 жашка толо элек балдарга ижарага берсе — 20 миң сом, юридикалык жак 55 миң сом айыпка жыгылат. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, акыркы жылдары мобилдик тиркемелер аркылуу электр самокаттарын ижарага берип киреше тапкандар кыйла көбөйдү. Аны менен катар балдар жана өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары да арбыды. Мындай чектөөлөр жашы жете электердин өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле шаар көчөлөрүндө жана тротуарларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Азия-Тынч океан аймагы (АТЭС) бүгүнкү күндө глобалдык экономиканын борборуна, планетанын башкы өнөр жай жана технологиялык хабына айланды. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин АТЭС саммитинде сүйлөп жатып билдирди. Мамлекет башчысы аймакта чоң өзгөрүүлөр болуп, "тектоникалык жылыш" болгонун белгилеген. "Азия-Тынч океан аймагына дүйнөлүк ИДПнын 60 пайыздан ашыгы жана калктын 36 пайызы туура келет. Ошондой эле дүйнөлүк сооданын 50 пайызын жана кызмат көрсөтүүнүн 35 пайызын түзөт", — деди Путин. Анын айтымында, аймакка дүйнөлүк чет элдик түз инвестициялардын 60 пайыздан ашыгы агылып келүүдө. Мындан тышкары, АТЭСте ири рыноктор топтолуп, дүйнөнүн алдыңкы компаниялары, заманбап илимий-изилдөө жана билим берүү кластерлери жайгашкан. Россия лидери бул өзгөрүүлөр негизинен Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн арты менен ишке ашканын белгиледи. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы бүгүн Вьетнам менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.Жолдоштук мелдеш Вьетнамдын Намдинь шаарында өттү. Оюндун жүрүшүндө алгач атаандаштар эсеп ачкан. Кыргызстандын атынан Валерий Кичин эсепти теңеп, Эрбол Атабаев акыркы мүнөттөрдө жеңиш тобун киргизди. Бул Кыргызстандын Вьетнамдагы окуу-машыгуу жыйынынын алкагындагы экинчи беттеши болду. Биринчи оюнда "ак шумкарлар" Кытай Тайбэйинин курамасын 3:0 эсебинде уткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104965718_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b1daffb39831489473277bc4d6616de7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио