https://sputnik.kg/20261118/1104973275.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,2 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек... 18.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-18T15:00+0600
2026-11-18T15:00+0600
2026-11-18T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104973109_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_21c8a1b2c3e0563fbb3ccf34929cd62f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,2 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров журналисттерге билдирди.Анын айтымында, аталган каражат добуш берүүнүн экинчи турун эске алуу менен каралган."Биз экинчи тур болуп калат деген ыктымалдыкты да карашыбыз керек. Эгерде шайлоо бир тур менен жыйынтыкталса, анда 600-700 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат", — деди ал.Ошондой эле Шайназаров талапкерлер төккөн шайлоо күрөөсү кайтарылбай турганын белгиледи. Ага ылайык, талапкер утса да, утулса да канча добуш алганына карабастан, төлөнгөн каражат мамлекеттик бюджетке өтөт.Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКга талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берүү 13-ноябрда аяктап, жалпысынан 11 жарандан арыз түшкөн.
Кыргызстанда кийинки жылы пенсия кыйла жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, быйыл пенсияны 7 пайызга көтөрүү үчүн 1,3 миллиард сом бөлүү пландалган. Бирок жыл башында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүү көлөмүн эске алуу менен пенсияны 20 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган.Депутат Дастан Бекешев социалдык төлөмдөр көбөйгөнү менен инфляциядан улам ал анча сезилбей калып жатканын белгиледи. Фонддун төрагасы мыйзам боюнча пенсияны индексациялоодо өткөн жылдагы инфляциянын деңгээли жана орточо айлык акынын өсүшү эске алынарын түшүндүрдү. Ага ылайык, быйыл пенсия 13 пайызга жогорулашы керек болчу, бирок Социалдык фонд аны 20 пайызга көтөргөн.
Бишкектин чок ортосундагы №1 тергөө абагында кармалып тургандар жакында жаңы курулган изоляторго которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.Мекеме аталган тергөө абагы 1943-жылы курулганын, бир нече жыл мурун аны которуу чечими кабыл алынганын эске салды.Жаңы түрмө Төмөнкү Ноорус айылында жайгашкан. Комплекс 1 500 кишиге ылайыкташып, жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт. 25-ноябрда абак көчүрүлүп, ошондон кийин кармалып тургандар которула баштайт.
Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АТЭС саммитинин алкагында эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык абалды талкуулашты.Россия лидери Шэньчжэнь шаарын Кытайдын гүлдөп-өнүгүшүнүн символу жана үлгү ала турган мыкты мисал деп атады."АТЭС алкагында делегациялардын жолугушуусу үчүн дал ушул тез өнүгүп жаткан, кооз шаарды тандап алганыңыз бекеринен эмес деп ойлойм. Бул шаар — Кытайдын гүлдөп-өнүгүүсүнүн символу жана ыкчам өсүп жаткан эң ири мегаполистердин бири. Сиздерди муну менен куттуктайбыз, бул — үлгү ала турган жакшы мисал", — деди ал. Путин ошондой эле Россия менен Кытайдын тышкы саясаттагы кызматташтыгы туруктуу жана жакшы нукта жүрүп жатканын белгиледи. Ал татаал геосаясий кырдаалга карабай эки өлкө тең дүйнөдө адилеттүү тартип орнотуу багытында иш жүргүзүп жатканын кошумчалады.Ал эми Кытай лидери эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бекем экенин билдирди.Мындан тышкары, Россия — Кытай сүйлөшүүлөрүнө президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков жана президенттик администрация жетекчисинин орун басары Максим Орешкин катышты.
Алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 1,2 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров журналисттерге билдирди.Анын айтымында, аталган каражат добуш берүүнүн экинчи турун эске алуу менен каралган."Биз экинчи тур болуп калат деген ыктымалдыкты да карашыбыз керек. Эгерде шайлоо бир тур менен жыйынтыкталса, анда 600-700 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалат", — деди ал.Ошондой эле Шайназаров талапкерлер төккөн шайлоо күрөөсү кайтарылбай турганын белгиледи. Ага ылайык, талапкер утса да, утулса да канча добуш алганына карабастан, төлөнгөн каражат мамлекеттик бюджетке өтөт.Эске салсак, Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. БШКга талапкерлигин көрсөтүү үчүн арыз берүү 13-ноябрда аяктап, жалпысынан 11 жарандан арыз түшкөн.Кыргызстанда кийинки жылы пенсия кыйла жогорулайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, быйыл пенсияны 7 пайызга көтөрүү үчүн 1,3 миллиард сом бөлүү пландалган. Бирок жыл башында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүү көлөмүн эске алуу менен пенсияны 20 пайызга жогорулатуу чечими кабыл алынган.Депутат Дастан Бекешев социалдык төлөмдөр көбөйгөнү менен инфляциядан улам ал анча сезилбей калып жатканын белгиледи. Фонддун төрагасы мыйзам боюнча пенсияны индексациялоодо өткөн жылдагы инфляциянын деңгээли жана орточо айлык акынын өсүшү эске алынарын түшүндүрдү. Ага ылайык, быйыл пенсия 13 пайызга жогорулашы керек болчу, бирок Социалдык фонд аны 20 пайызга көтөргөн. Бишкектин чок ортосундагы №1 тергөө абагында кармалып тургандар жакында жаңы курулган изоляторго которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.Мекеме аталган тергөө абагы 1943-жылы курулганын, бир нече жыл мурун аны которуу чечими кабыл алынганын эске салды.Жаңы түрмө Төмөнкү Ноорус айылында жайгашкан. Комплекс 1 500 кишиге ылайыкташып, жалпы аянты 24 миң чарчы метрди түзөт. 25-ноябрда абак көчүрүлүп, ошондон кийин кармалып тургандар которула баштайт.Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АТЭС саммитинин алкагында эки тараптуу мамилелерди жана эл аралык абалды талкуулашты.Россия лидери Шэньчжэнь шаарын Кытайдын гүлдөп-өнүгүшүнүн символу жана үлгү ала турган мыкты мисал деп атады."АТЭС алкагында делегациялардын жолугушуусу үчүн дал ушул тез өнүгүп жаткан, кооз шаарды тандап алганыңыз бекеринен эмес деп ойлойм. Бул шаар — Кытайдын гүлдөп-өнүгүүсүнүн символу жана ыкчам өсүп жаткан эң ири мегаполистердин бири. Сиздерди муну менен куттуктайбыз, бул — үлгү ала турган жакшы мисал", — деди ал. Путин ошондой эле Россия менен Кытайдын тышкы саясаттагы кызматташтыгы туруктуу жана жакшы нукта жүрүп жатканын белгиледи. Ал татаал геосаясий кырдаалга карабай эки өлкө тең дүйнөдө адилеттүү тартип орнотуу багытында иш жүргүзүп жатканын кошумчалады.Ал эми Кытай лидери эки өлкөнүн ортосундагы мамиле бекем экенин билдирди.Мындан тышкары, Россия — Кытай сүйлөшүүлөрүнө президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков жана президенттик администрация жетекчисинин орун басары Максим Орешкин катышты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/12/1104973109_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_223a9ddadcb357168a1456122533bc70.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио