https://sputnik.kg/20261107/zhaparov-iylagan-kelindin-baldaryn-kaytaryp-beruunu-tapshyrdy-1104768453.html
Жапаров ыйлаган келиндин балдарын алып берүүнү тиешелүү тарапка тапшырды. Видео
Жапаров ыйлаган келиндин балдарын алып берүүнү тиешелүү тарапка тапшырды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кантта жашаган келин көз жашын төгүп, президент Садыр Жапаровго кайрылып, ажырашып кеткен күйөөсүнөн балдарын алып берүүсүн суранды... 07.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-07T20:18+0600
2026-11-07T20:18+0600
2026-11-07T20:25+0600
кыргызстан
кант
садыр жапаров
эне
бала
алимент
келин
арыз
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104498808_0:98:2560:1539_1920x0_80_0_0_21a286df695ae002071ba7918c9e747b.jpg
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кантта жашаган келин көз жашын төгүп, президент Садыр Жапаровго кайрылып, ажырашып кеткен күйөөсүнөн балдарын алып берүүсүн суранды. Бул мамлекет башчы эл менен жолугуп жатканда болду. Ал өзүн Аруу Эмилбекова деп тааныштырып, төрт баланын энеси экенин айтты. Муну уккан Садыр Жапаров ишти кайра карап чыгып, балдарды энесине алып берүүнү тиешелүү тарапка тапшырды.
https://sputnik.kg/20261107/sadyr-zhaparov-kyrgyzstandyk-kyz-kelinderge-kajryldy-1104763492.html
кант
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/18/1104498808_285:0:2560:1706_1920x0_80_0_0_e3fe95a6b3b1c295d8d907205b480d52.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кант, садыр жапаров, эне, бала, алимент, келин, арыз
кыргызстан, кант, садыр жапаров, эне, бала, алимент, келин, арыз
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кантта жашаган келин көз жашын төгүп, президент Садыр Жапаровго кайрылып, ажырашып кеткен күйөөсүнөн балдарын алып берүүсүн суранды. Бул мамлекет башчы эл менен жолугуп жатканда болду.
Ал өзүн Аруу Эмилбекова деп тааныштырып, төрт баланын энеси экенин айтты.
"2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун айынан жолдошум менен эки жолго түшкөнбүз. Жолдошум азыркы учурда 10 жылдан бери бажыда иштеп келет, Камчыбек Кыдыршаевичтин (Ташиев — ред. ) жакын туугандары. 2021-жылы ошол зомбулуктан ажырашкандан кийин, балдарды талашуу маселесинде тең укуктуулуктун негизинде эмес, төрт баланы тең "үйүң жок" деген негиз менен атасына өткөрүп беришкен. Соттун чечими чыккандан кийин эле ал мени алиментке берди. Мен беш жылдан бери алимент төлөп келем. Беш жылдан бери соттун чечими аткарылган жок, урматтуу Садыр Нуркожоевич, балдарымды беш жылдан бери көргөн жокмун", — деди ыйлаган келин.
Муну уккан Садыр Жапаров ишти кайра карап чыгып, балдарды энесине алып берүүнү тиешелүү тарапка тапшырды.