https://sputnik.kg/20261107/tarykh-kunu-menen-kuttuktady-1104762445.html
Мамлекет оңой түптөлгөн жок. Мамкатчы Тарых, аталарды эскерүү күнү менен куттуктады
Мамлекет оңой түптөлгөн жок. Мамкатчы Тарых, аталарды эскерүү күнү менен куттуктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тарыхтын сыноолуу мезгилдеринде улуттун уңгусун сактап калуу үчүн улуу муундар баштарын канжыгага коюп, Ата мекенин сактап келишти... 07.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-07T10:50+0600
2026-11-07T10:50+0600
2026-11-07T10:50+0600
кыргызстан
арслан койчиев
тарых
ата-баба
эскерүү
куттуктоо
репрессия
үркүн
https://sputnik.kg/img/101996/96/1019969697_0:200:6016:3584_1920x0_80_0_0_131e4397f7bc5a20d6eed676ffb89177.jpg
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тарыхтын сыноолуу мезгилдеринде улуттун уңгусун сактап калуу үчүн улуу муундар баштарын канжыгага коюп, Ата мекенин сактап келишти. Бул сөздөр Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен эге багыттаган куттуктоосунда айтылган. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү оңой болбогонун белгилеп, ата-бабалардын мекендин эркиндиги жана келечеги үчүн күрөшүн эскерди. Ошондой эле 1916-жылдагы Үркүн окуясына токтолуп, репрессиянын курмандыгы болгон улуттук лидерлердин, анын ичинде Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстановдун тарыхый ордун белгиледи. Мамлекеттик катчы өткөнгө таазим кылуу келечек алдындагы жоопкерчиликти сезүү экенин айтып, кыргызстандыктарга тынчтык, биримдик жана өнүгүү каалады.
https://sputnik.kg/20240422/kara-kyrgyz-avtonom-oblusu-1084462587.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101996/96/1019969697_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_1272d996e38b55758c112d55691e6323.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, арслан койчиев, тарых, ата-баба, эскерүү, куттуктоо, репрессия, үркүн
кыргызстан, арслан койчиев, тарых, ата-баба, эскерүү, куттуктоо, репрессия, үркүн
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Тарыхтын сыноолуу мезгилдеринде улуттун уңгусун сактап калуу үчүн улуу муундар баштарын канжыгага коюп, Ата мекенин сактап келишти. Бул сөздөр Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен эге багыттаган куттуктоосунда айтылган.
Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү оңой болбогонун белгилеп, ата-бабалардын мекендин эркиндиги жана келечеги үчүн күрөшүн эскерди.
"Бул күндөрү – калайык-калкыбыздын кылымдарды карыткан тарыхына таазим этип, өткөнүбүзгө саресеп салып, эртеңки келечегибизди таразалаган эң касиеттүү учур. Ар бир улуттун өзүн таанышы, улут катары сакталып калышы түпкүрдөн келе жаткан тарыхый эс тутумга жана улуттук эркиндик үчүн күрөшкөн баатыр бабалардын мурасына таянат", — деген.
Ошондой эле 1916-жылдагы Үркүн окуясына токтолуп, репрессиянын курмандыгы болгон улуттук лидерлердин, анын ичинде Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстановдун тарыхый ордун белгиледи.
Мамлекеттик катчы өткөнгө таазим кылуу келечек алдындагы жоопкерчиликти сезүү экенин айтып, кыргызстандыктарга тынчтык, биримдик жана өнүгүү каалады.