https://sputnik.kg/20261107/bishkekte-ajdoochunu-tapancha-menen-korkutkan-1104764102.html
Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан шектүү кармалды. Видео
Бишкекте айдоочуну тапанча менен коркуткан шектүү кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусун тапанча менен коркутууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан... 07.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-07T13:55+0600
2026-11-07T13:55+0600
2026-11-07T13:55+0600
кыргызстан
кылмыш
коркутуу
коомдук транспорт
тапанча
милиция
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081956739_0:154:3095:1895_1920x0_80_0_0_98765382eef4a9ec1d4b594545150e98.jpg
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусун тапанча менен коркутууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, социалдык тармакка Бишкек шаарынын Чыгыш автобекетинин аймагында, Осмонкул жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жерде бир адам сумкасынан тапанчага окшош буюмду алып чыгып, маршруттук транспорттун айдоочусун коркуткан видео тараган. Бул жосун боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери шектүү катары 47 жаштагы Н.Б. аттуу жаранды кармап, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына алып барышкан. Мындан тышкары, видеодо тартылган тапанчага окшош буюм сигналдык тапанча экендиги аныкталган. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен аталган жаранга карата ("Майда бейбаштык") боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
https://sputnik.kg/20261105/ayalga-myltyk-kezegen-kishi-karmaldy-1104731647.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/01/10/1081956739_183:0:2912:2047_1920x0_80_0_0_932c2c9db56afade34f6a83b3df2c483.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, кылмыш, коркутуу, коомдук транспорт, тапанча, милиция
кыргызстан, кылмыш, коркутуу, коомдук транспорт, тапанча, милиция
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусун тапанча менен коркутууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармакка Бишкек шаарынын Чыгыш автобекетинин аймагында, Осмонкул жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жерде бир адам сумкасынан тапанчага окшош буюмду алып чыгып, маршруттук транспорттун айдоочусун коркуткан видео тараган.
Бул жосун боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери шектүү катары 47 жаштагы Н.Б. аттуу жаранды кармап, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына алып барышкан. Мындан тышкары, видеодо тартылган тапанчага окшош буюм сигналдык тапанча экендиги аныкталган.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен аталган жаранга карата ("Майда бейбаштык") боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.