https://sputnik.kg/20261107/1104767479.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда келечекте мектеп окуучуларын планшеттер менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен... 07.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-07T17:00+0600
2026-11-07T17:00+0600
2026-11-07T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/07/1104767313_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b4c89329577f2c84830f8e599f431b9c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда келечекте мектеп окуучуларын планшеттер менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, беш-алты жылдан кийин окуучуларды планшеттер менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралат. “Беш жылдан кийин планшеттерге өтүүгө аракет кылабыз. Ага көп каражат кетет, бирок аларды көп жолу колдонууга болот. Бир планшетке бардык окуу китептерин киргизип койсоң, окуучу математика, тарых, эне тили жана адабият китептерин бир түзмөктөн пайдалана алат. Мамлекет аны өзү камсыздап берет”, — деди Садыр Жапаров.
Кыргызстандагы 1 830 айылдын баары 2030-жылдын аягына чейин башкы пландар менен камсыздалат. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Совет мезгилинен бери район борборлору менен чакан шаарлардын башкы пландары дээрлик иштелип чыккан эмес. Мындай документтер Бишкек жана Ош шаарларында гана болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин өлкөдөгү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Нурдан Орунтаевдин маалыматына ылайык, акыркы үч жылдан бери жыл сайын 150дөн 200гө чейин башкы план иштелип чыгууда. “Айыл борборлору жана чакан шаарлар боюнча иштер негизинен аяктады. Мисалы, Чүй облусунун өзүндө акыркы бир жумада жергиликтүү деңгээлде 10 башкы план кабыл алынды”, — деди министр.
Оштогу айланма жолду россиялык компания курат. ОшТВ телеканалы анын болжолдуу маршрутун көрсөттүЖолдун узундугу 32 чакырым болот. Анын алкагында 10 көпүрө, анын ичинде Ак-Буура дарыясы аркылуу чоң көпүрө куруу пландалууда.Бул жол менен Бишкектен Ноокатка жана Баткенге бараткан оор жүк ташуучу автоунаалар Ошту айланып өтө алат. Натыйжада шаардагы тыгын азаят. Каттагандар аталган жолдон акы төлөп өтөрүн айтышты.
Кыргызстанда 12 жугуштуу ооруга каршы иммунитеттин бар-жогун аныктоо боюнча масштабдуу медициналык изилдөө жүрүүдө. Ага катышууну каалагандар акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов Sputnik агенттигине билдирди. Изилдөө Россиянын Роспотребнадзоруна караштуу Санкт-Петербургдагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анын алкагында дифтерия, көк жөтөл, кызамык, суу чечек, В гепатити, кене энцефалити жана бруцеллез сыяктуу 12 инфекция боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Катышуучулар кан тапшырып, аталган илдеттерге каршы иммунитетинин деңгээлин биле алышат. Өлкө боюнча талдоо (анализ) тапшыруу үчүн 67 пункт уюштурулган.
Кыргызстанда келечекте мектеп окуучуларын планшеттер менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, беш-алты жылдан кийин окуучуларды планшеттер менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралат. “Беш жылдан кийин планшеттерге өтүүгө аракет кылабыз. Ага көп каражат кетет, бирок аларды көп жолу колдонууга болот. Бир планшетке бардык окуу китептерин киргизип койсоң, окуучу математика, тарых, эне тили жана адабият китептерин бир түзмөктөн пайдалана алат. Мамлекет аны өзү камсыздап берет”, — деди Садыр Жапаров.Кыргызстандагы 1 830 айылдын баары 2030-жылдын аягына чейин башкы пландар менен камсыздалат. Бул тууралуу курулуш министри Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусунда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, Совет мезгилинен бери район борборлору менен чакан шаарлардын башкы пландары дээрлик иштелип чыккан эмес. Мындай документтер Бишкек жана Ош шаарларында гана болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин өлкөдөгү калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Нурдан Орунтаевдин маалыматына ылайык, акыркы үч жылдан бери жыл сайын 150дөн 200гө чейин башкы план иштелип чыгууда. “Айыл борборлору жана чакан шаарлар боюнча иштер негизинен аяктады. Мисалы, Чүй облусунун өзүндө акыркы бир жумада жергиликтүү деңгээлде 10 башкы план кабыл алынды”, — деди министр.Оштогу айланма жолду россиялык компания курат. ОшТВ телеканалы анын болжолдуу маршрутун көрсөттүЖолдун узундугу 32 чакырым болот. Анын алкагында 10 көпүрө, анын ичинде Ак-Буура дарыясы аркылуу чоң көпүрө куруу пландалууда.Бул жол менен Бишкектен Ноокатка жана Баткенге бараткан оор жүк ташуучу автоунаалар Ошту айланып өтө алат. Натыйжада шаардагы тыгын азаят. Каттагандар аталган жолдон акы төлөп өтөрүн айтышты. Кыргызстанда 12 жугуштуу ооруга каршы иммунитеттин бар-жогун аныктоо боюнча масштабдуу медициналык изилдөө жүрүүдө. Ага катышууну каалагандар акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул тууралуу Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов Sputnik агенттигине билдирди. Изилдөө Россиянын Роспотребнадзоруна караштуу Санкт-Петербургдагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Анын алкагында дифтерия, көк жөтөл, кызамык, суу чечек, В гепатити, кене энцефалити жана бруцеллез сыяктуу 12 инфекция боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Катышуучулар кан тапшырып, аталган илдеттерге каршы иммунитетинин деңгээлин биле алышат. Өлкө боюнча талдоо (анализ) тапшыруу үчүн 67 пункт уюштурулган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/07/1104767313_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e51d3207800663bfadef5f18c04be4a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио