00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жапаров жер тилкесине байланышкан көйгөйлөрдү эки жылда чечүүнү тапшырдыПрезиденттин айтымында, эл менен жолугушуулардагы кайрылуулардын 90 пайызга жакыны жасалма документтер менен жер сатып алып, алдамчылыкка кабылган жарандардын көйгөйлөрүнө байланыштуу. Алар жер жана мүлк маселелерин бүгүнкүгө чейин чече албай келишет.7-ноябрда Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен жолуккан Садыр Жапаров Президенттин администрациясына жана тиешелүү мамлекеттик органдарга бул көйгөйлөрдү эки жылдын ичинде жөнгө салууну тапшырды. Ал ар бир кайрылуу мыйзам чегинде кылдат каралышы керектигин белгиледи.
Катардан келген дарыгерлер Бишкекте 28 балага угуу бактысын тартуулайт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кохлеардык имплантация боюнча кайрымдуулук операциялары жүрүп жатат. Борбордун маалыматына караганда, алдын ала даярдалган 36 баланын ичинен медициналык комиссия 28ин тандаган. Буюрса, алардын кулак көңдөйүнө имплант коюлмакчы. Операциялар 8-ноябрга чейин пландалган.
Адис Кыргызстанга сапаты начар көмүрдөн бензин өндүрүүнү сунуштадыЕАЭБдин товардык-чийки зат биржасынын президенти Михаил Петров Кыргызстан отун-энергетика тармагында өз кендерин активдүү иштетиши керек деп эсептей турганын билдирди. "Кара-Кече — көмүргө толгон чоң капчыгай. Ал жерге завод куруп, көмүрдөн бензин өндүрүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бул эски технология. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда немистер сапаты төмөн көмүрдөн бензин алышкан. Андан бери технологиялар кыйла өнүктү", — деди Петров биздин радиого берген маегинде.Ал бензин өндүрүү үчүн калкка жана ЖЭБге жараксыз болгон көмүрдү пайдаланууну сунуштады.
Юридикалык жактарга мотоциклдерге, чиркегичтерге жана өзү жүрүүчү атайын техникаларга “кооз” мамлекеттик номерлерди сатып алууга уруксат берүү сунушталуудаМинистрлер кабинетинин токтом долбооруна ылайык, компаниялар өзгөчө сандар жана тамгалар айкалышкан мамлекеттик номерлерди онлайн-аукцион аркылуу же белгиленген баада сатып ала алышат. Учурда мындай укук жеке жактарга гана берилген.Аукционго катышуу үчүн юридикалык жактар номердин баштапкы баасынын 30 пайызын кепилдик төлөм катары төгүшү керек болот.
Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусун тапанча менен коркутууга шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, социалдык тармакка Бишкек шаарынын Чыгыш автобекетинин аймагында, Осмонкул жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жерде бир адам сумкасынан тапанчага окшош буюмду алып чыгып, маршруттук транспорттун айдоочусун коркуткан видео тараган. Бул жосун боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Милиция кызматкерлери шектүү катары 47 жаштагы Н.Б. аттуу жаранды кармап, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына алып барышкан. Мындан тышкары, видеодо тартылган тапанчага окшош буюм сигналдык тапанча экендиги аныкталган. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен аталган жаранга карата ("Майда бейбаштык") боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0