https://sputnik.kg/20261107/1104764458.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кыргызстандык кыз-келинди расмий никеге турмайын турмушка чыкпоого чакырды. Президент Сокулук эли менен жолукканда арыз-муң менен... 07.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-07T13:00+0600
2026-11-07T13:00+0600
2026-11-07T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/07/1104764292_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d39783c2cc952be54a526e7ce006aedb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кыргызстандык кыз-келинди расмий никеге турмайын турмушка чыкпоого чакырды. Президент Сокулук эли менен жолукканда арыз-муң менен келген бир келин ИИМдин мурдагы кызматкери менен расмий никесиз жашаганын айтты. Түгөйлөр үч балалуу болуп, үй-мүлк, мал-жандык күтүшкөн. Бирок учурда чогуу жашабай калгандыктан алимент өндүрүү кыйын болуп жатканына даттанды. Өлкө башчы нике тууралуу күбөлүктүн жоктугу мүлктү бөлүштүрүүнү татаалдаштырарын белгилеп, кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды. "Жарандык никени унуткула, өзгөчө, биздин кыздар. Тиешелүү тартипте барып, никени каттатып, күбөлүк алгыла, анан гана чогуу жашагыла", — деди президент. Ошондой залда отурган тиешелүү кызматкерге аялга кеңеш берип, анын маселесин чечип берүүнү тапшырды.
Тарыхтын сыноолуу мезгилдеринде улуттун уңгусун сактап калуу үчүн улуу муундар баштарын канжыгага коюп, Ата мекенин сактап келишти. Бул сөздөр Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен эге багыттаган куттуктоосунда айтылган. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү оңой болбогонун белгилеп, ата-бабалардын мекендин эркиндиги жана келечеги үчүн күрөшүн эскерди. "Бул күндөрү – калайык-калкыбыздын кылымдарды карыткан тарыхына таазим этип, өткөнүбүзгө саресеп салып, эртеңки келечегибизди таразалаган эң касиеттүү учур. Ар бир улуттун өзүн таанышы, улут катары сакталып калышы түпкүрдөн келе жаткан тарыхый эс тутумга жана улуттук эркиндик үчүн күрөшкөн баатыр бабалардын мурасына таянат", — деген.
Ата мекендик ЖМКлар улуттук биримдикти чыңдоодо, жаратуучулук демилгелерди илгерилетүүдө, тарыхый эс тутумду сактоодо жана Кыргызстан тууралуу дүйнө коомчулугунда объективдүү түшүнүктү калыптандырууда олуттуу потенциалга ээ экенине ишенем. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосунда айтылат. Өкмөттүн башчысы журналистика өлкөнүн тарыхын сактоодо, коомдук аң-сезимди калыптандырууда жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Касымалиев санариптик технологиялар маалымат таратуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткени менен, журналистикада чындык, кесиптик этика, маалыматтын аныктыгы жана жоопкерчилик башкы баалуулук бойдон каларына токтолду. Министрлер кабинетинин төрагасы медиа өкүлдөрүнө чың ден соолук, чыгармачылык дем, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалаган.
Германиянын коргонуу министри Борис Писториус Берлин Киевге Patriot абадан коргонуу системаларын мындан ары жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Жеткирүү, айрыкча Patriot абадан коргонуу системаларын жеткирүү маселеси татаал болуп жатат. Германия буга чейин бир нече системаны жана алар үчүн башкарылуучу көп ракета өткөрүп берген. Учурда мындан ары бере албайбыз" — деген министр Funke медиатобуна берген маегинде. Буга чейин Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү абадан коргоно турган ракеталарынын жетишсиздигинен улам баллистикалык ракеталарды атып түшүрө албай жатканын мойнуна алган.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандык кыз-келинди расмий никеге турмайын турмушка чыкпоого чакырды. Президент Сокулук эли менен жолукканда арыз-муң менен келген бир келин ИИМдин мурдагы кызматкери менен расмий никесиз жашаганын айтты. Түгөйлөр үч балалуу болуп, үй-мүлк, мал-жандык күтүшкөн. Бирок учурда чогуу жашабай калгандыктан алимент өндүрүү кыйын болуп жатканына даттанды. Өлкө башчы нике тууралуу күбөлүктүн жоктугу мүлктү бөлүштүрүүнү татаалдаштырарын белгилеп, кыргызстандык кыз-келиндерге кайрылды. "Жарандык никени унуткула, өзгөчө, биздин кыздар. Тиешелүү тартипте барып, никени каттатып, күбөлүк алгыла, анан гана чогуу жашагыла", — деди президент. Ошондой залда отурган тиешелүү кызматкерге аялга кеңеш берип, анын маселесин чечип берүүнү тапшырды.Тарыхтын сыноолуу мезгилдеринде улуттун уңгусун сактап калуу үчүн улуу муундар баштарын канжыгага коюп, Ата мекенин сактап келишти. Бул сөздөр Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен эге багыттаган куттуктоосунда айтылган. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү оңой болбогонун белгилеп, ата-бабалардын мекендин эркиндиги жана келечеги үчүн күрөшүн эскерди. "Бул күндөрү – калайык-калкыбыздын кылымдарды карыткан тарыхына таазим этип, өткөнүбүзгө саресеп салып, эртеңки келечегибизди таразалаган эң касиеттүү учур. Ар бир улуттун өзүн таанышы, улут катары сакталып калышы түпкүрдөн келе жаткан тарыхый эс тутумга жана улуттук эркиндик үчүн күрөшкөн баатыр бабалардын мурасына таянат", — деген. Ата мекендик ЖМКлар улуттук биримдикти чыңдоодо, жаратуучулук демилгелерди илгерилетүүдө, тарыхый эс тутумду сактоодо жана Кыргызстан тууралуу дүйнө коомчулугунда объективдүү түшүнүктү калыптандырууда олуттуу потенциалга ээ экенине ишенем. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосунда айтылат. Өкмөттүн башчысы журналистика өлкөнүн тарыхын сактоодо, коомдук аң-сезимди калыптандырууда жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Касымалиев санариптик технологиялар маалымат таратуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткени менен, журналистикада чындык, кесиптик этика, маалыматтын аныктыгы жана жоопкерчилик башкы баалуулук бойдон каларына токтолду. Министрлер кабинетинин төрагасы медиа өкүлдөрүнө чың ден соолук, чыгармачылык дем, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалаган.Германиянын коргонуу министри Борис Писториус Берлин Киевге Patriot абадан коргонуу системаларын мындан ары жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Жеткирүү, айрыкча Patriot абадан коргонуу системаларын жеткирүү маселеси татаал болуп жатат. Германия буга чейин бир нече системаны жана алар үчүн башкарылуучу көп ракета өткөрүп берген. Учурда мындан ары бере албайбыз" — деген министр Funke медиатобуна берген маегинде. Буга чейин Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрү абадан коргоно турган ракеталарынын жетишсиздигинен улам баллистикалык ракеталарды атып түшүрө албай жатканын мойнуна алган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/07/1104764292_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f55b601cb26f329f703dd5eeb6de5b1b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио