00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сокулук районунун тургундары менен жолукту. Ачык диалогдун жүрүшүндө жарандар Мамлекет башчысына коомдук турмуштун ар кандай тармактарына тийиштүү маселелер боюнча кайрылып, ошондой эле мамлекеттик деңгээлде чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү белгилешти. Жолугушуунун жүрүшүндө жеке мүнөздөгү маселелер да, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу темалары да, анын ичинде социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, билим берүү жана спорт объектилерин куруу жана оңдоо, мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында турак жай менен камсыздоо, ошондой эле жер жана мүлк талаштары козголду. Мындан тышкары, тургундар мунапыс, кылмыш иштерин кароо жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча кайрылышты. Президент Садыр Жапаров ар бир кайрылууну кылдат жана ар тараптуу кароо зарылдыгын баса белгилеп, тармактык министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмаларды берди.
Иттерге малдын боорун жана өпкөсүн берүү адамга мите ооруларын жугузушу мүмкүн Малды үй шартында союп, анын боорун жана өпкөсүн иттерге берүү адамдын эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларына чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Бул тууралуу илимий кызматкер Максат Ахмеджанов Sputnik агенттигинде билдирди. Анын айтымында, малдын жабыркаган органдарындагы мите личинкалары иттин организмине түшүп, кийин жумурткалары заң аркылуу айлана-чөйрөгө тарайт. Алар адамга кол аркылуу жугушу мүмкүн. Окумуштуу бул оорулар алгачкы баскычта билинбей өтүп, боорду олуттуу жабыркатышы мүмкүн экенин белгиледи. Оор учурларда операция жолу менен боордун бир бөлүгүн алып салууга туура келет. Адис малды атайын союучу жайларда союуну жана иттерге жылына бир-эки жолу мите курттарга каршы дары берүүнү сунуштады. Алдын алуу чаралары оорулардын жайылышын азайтууга жардам берерин кошумчалады.
Бишкек шаарынан V Элдик курултайга катышуу үчүн 72 делегат шайланды. Мэриядан билдиришкендей, алардын ичинен 15 өкүл курултайда борбор калаанын тургундарынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын ортого салат. Бүгүн "Тунгуч" театрында делегаттар менен жолугушуу өтүп, анда алдыдагы курултайдын күн тартиби, уюштуруу маселелери жана катышуу тартиби түшүндүрүлдү. Ошондой эле добуш берүү аркылуу Элдик курултайдын Улуттук кеңешине эки талапкер көрсөтүлүп, Эсептөө комиссиясына бир өкүл аныкталды. Белгилей кетсек, V Элдик курултай 18-19-декабрда Бишкек шаарында өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан шайланган делегаттар катышат.
Францияда жалпы улуттук нааразылык акцияларына болжол менен 600 миң адам катышты. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, Парижде митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуулар болуп, тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ, үн чыгаруучу гранаталарды жана суу аткычтарды колдонгон. Бир нече адам жаракат алып, айрым катышуучулар кармалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0