https://sputnik.kg/20261018/deputat-ajdoochu-ajyp-koroodon-unaany-aluunu-zhenildetuu-1104360542.html
Депутат унааны айып короодон чыгарып алууну жеңилдетүүнү сунуштады
Депутат унааны айып короодон чыгарып алууну жеңилдетүүнү сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов унааны эвакуациялоо жана аны айып короодо кармоо эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Эгер мыйзам... 18.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-18T12:00+0600
2026-10-18T12:00+0600
2026-10-18T12:41+0600
кыргызстан
жогорку кеңеш
улан примов
унаа
эвакуация
мыйзам
айдоочу
жеңилдик
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092503648_0:88:3330:1961_1920x0_80_0_0_abf7b2ff7c938d1bb36919a9afba9c46.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов унааны эвакуациялоо жана аны айып короодо кармоо эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар үчүн бир катар жеңилдиктер пайда болот.Эл өкүлү автоунааны белгилүү бир эреже бузуу үчүн эвакуациялап кетишсе "мурда төлөнбөгөн башка айыптары бар" деген негиз менен бербей коюуга тыюу салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, эски айыптарды төлөө милдети сакталат, бирок аларды төлөтүү максатында гана унааны айып короодо кармап туруу мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн.Мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар төмөнкү укуктарга ээ болот:Бул демилге айдоочулардын укугун коргоп, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жана убакытты үнөмдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленген.
https://sputnik.kg/20260619/mopedderge-kozomol-kuchodu-1101962698.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/07/1092503648_300:0:3031:2048_1920x0_80_0_0_06449a648ed72ca320a33937e590c1fd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жогорку кеңеш, улан примов, унаа, эвакуация, мыйзам, айдоочу, жеңилдик
кыргызстан, жогорку кеңеш, улан примов, унаа, эвакуация, мыйзам, айдоочу, жеңилдик
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов унааны эвакуациялоо жана аны айып короодо кармоо эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар үчүн бир катар жеңилдиктер пайда болот.
Эл өкүлү автоунааны белгилүү бир эреже бузуу үчүн эвакуациялап кетишсе "мурда төлөнбөгөн башка айыптары бар" деген негиз менен бербей коюуга тыюу салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, эски айыптарды төлөө милдети сакталат, бирок аларды төлөтүү максатында гана унааны айып короодо кармап туруу мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн.
Мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар төмөнкү укуктарга ээ болот:
унаа качан кандай негизде эвакуацияланганы жана кайсы айып короодо турганы тууралуу толук маалымат алуу;
мажбурлап эвакуациялоо учуру тартылган сүрөт жана видеоматериалдарды талап кылуу;
эгер эвакуациялоо же унааны кармоо учурунда зыян келтирилгени байкалса, унааны айып короодон чыгарып жатканда аны милдеттүү түрдө кароодон өткөрүүнү талап кылуу.
Бул демилге айдоочулардын укугун коргоп, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жана убакытты үнөмдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленген.