https://sputnik.kg/20261015/ehki-ehl-aralyk-korgozmo-1104302989.html
Бишкекте 120 ишкана катышкан эки эл аралык көргөзмө ачылды. Видео
Бишкекте 120 ишкана катышкан эки эл аралык көргөзмө ачылды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте 15-17-октябрь аралыгы KYRGYZSTAN EXPO 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026 эл аралык көргөзмөлөрү өтөт. 15.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-15T11:17+0600
2026-10-15T11:17+0600
2026-10-15T11:17+0600
кыргызстан
көргөзмө
ишкана
өнөр жай
логистика
эрлист акунбеков
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104301864_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_2d92401fb87ae453aa099ae8019081a1.jpg
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте 15-17-октябрь аралыгы KYRGYZSTAN EXPO 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026 эл аралык көргөзмөлөрү өтөт. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков көргөзмөгө коюлган продукцияларды көрүп чыкты. Уюштуруучулар "Жаштык аренада" өтүп жаткан иш-чарага 120 ишкана катышып жатканын маалымдашты. Анда чийки заттан тартып даяр продукциялар сунушталууда. Акунбеков өлкөдө жаңы ишканалар ачылып, өнөр жайды технологиялык жактан жаңылоого шарттар түзүлүп жатканын жана бул багытта бир катар ийгиликтер бар экенин белгиледи.Көргөзмөлөрдө өнөр жай продукциялары, инновациялык технологиялар жана бизнес үчүн даяр чечимдер көрсөтүлүп жатат. Курулуш, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, агроөнөр жай комплекси, логистика жана инновация тармактарына өзгөчө көңүл бурулган. Көргөзмө аянтчасы өнөр жай өкүлдөрүн, инвесторлорду жана ишкерлерди бириктирмекчи.
https://sputnik.kg/20261013/kubat-rakhimov-kyrgyzstan-eaeb-zakaz-1104265273.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/0f/1104301864_160:0:1120:720_1920x0_80_0_0_e5ea291d1c8239b2be7e3b0dad316a0e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, көргөзмө, ишкана, өнөр жай, логистика, эрлист акунбеков
кыргызстан, көргөзмө, ишкана, өнөр жай, логистика, эрлист акунбеков
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте 15-17-октябрь аралыгы KYRGYZSTAN EXPO 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN 2026 эл аралык көргөзмөлөрү өтөт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков көргөзмөгө коюлган продукцияларды көрүп чыкты. Уюштуруучулар "Жаштык аренада" өтүп жаткан иш-чарага 120 ишкана катышып жатканын маалымдашты. Анда чийки заттан тартып даяр продукциялар сунушталууда.
Акунбеков өлкөдө жаңы ишканалар ачылып, өнөр жайды технологиялык жактан жаңылоого шарттар түзүлүп жатканын жана бул багытта бир катар ийгиликтер бар экенин белгиледи.
"ЕАЭБге мүчөлүк, Кытайга жана Борбор Азиянын рынокторуна географиялык жакындык өндүрүштөгү байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешип чыгарылган продукцияны сатууга негиз түзөт. Бул жагынан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу өзгөчө мааниге ээ. Ал жаңы транспорттук коридорлорду түзүүнүн, өндүрүштүк жана логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн стратегиялык элементи болуп саналат", — деди өкмөттүн өкүлү.
Көргөзмөлөрдө өнөр жай продукциялары, инновациялык технологиялар жана бизнес үчүн даяр чечимдер көрсөтүлүп жатат. Курулуш, энергетика, тоо-кен өнөр жайы, агроөнөр жай комплекси, логистика жана инновация тармактарына өзгөчө көңүл бурулган.
Көргөзмө аянтчасы өнөр жай өкүлдөрүн, инвесторлорду жана ишкерлерди бириктирмекчи.