https://sputnik.kg/20261013/riga-baskynchylardan-boshotulgan-1104266958.html
Рига фашисттик баскынчылардан кантип бошотулган? Тарыхый видео
Рига фашисттик баскынчылардан кантип бошотулган? Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Латвия советтик республикалардын ичинен биринчи болуп оккупацияланган, немецтик армия аны 1941-жылдын 8-июлунда басып алган. 13.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-13T20:16+0600
2026-10-13T20:16+0600
2026-10-13T20:16+0600
дүйнөдө
улуу ата мекендик согуш
латвия
рига
бошотуу
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097127473_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_16716a9a3699e375055424bbedc7f4c9.jpg
1944-жылдын 13-октябрында кызыл армиячылар Рига шаарын фашисттик баскынчылардан бошоткон. Фашисттер 5000ден ашуун объектини жок кылып, Риганы биротоло талкалоону көздөгөн эле. Бирок партизандардын жардамы менен шаар минадан тазаланып, чоң апаатты алдын алууга мүмкүн болгон. Оккупация жылдары өлкө калкынын саны 400 миң кишиге азайып кеткен. 280 миң тургунду Германияга кара жумушка алып кетишкен, ал эми Латвиянын аймагында 48 түрмө, 23 концлагерь жана 18 еврей геттолору курулган. Риганын бошотулушу Прибалтика стратегиялык операциясынын бир бөлүгү эле, аны Советтер Союзунун маршалы Василевский жетектеген. "Риганын тургундары биздин аскерлерди чоң кубаныч менен тосуп алышты", — деп ошол күнү 9-Прибалтика фронтунун штабы кабарлаган.
латвия
рига
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097127473_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_0a542ac29eeb9e08b1870b8c4f91b90f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, латвия, рига, бошотуу, видео, видео
дүйнөдө, улуу ата мекендик согуш, латвия, рига, бошотуу, видео, видео
Рига фашисттик баскынчылардан кантип бошотулган? Тарыхый видео
Латвия советтик республикалардын ичинен биринчи болуп оккупацияланган, немецтик армия аны 1941-жылдын 8-июлунда басып алган.
1944-жылдын 13-октябрында кызыл армиячылар Рига шаарын фашисттик баскынчылардан бошоткон.
Фашисттер 5000ден ашуун объектини жок кылып, Риганы биротоло талкалоону көздөгөн эле. Бирок партизандардын жардамы менен шаар минадан тазаланып, чоң апаатты алдын алууга мүмкүн болгон.
Оккупация жылдары өлкө калкынын саны 400 миң кишиге азайып кеткен. 280 миң тургунду Германияга кара жумушка алып кетишкен, ал эми Латвиянын аймагында 48 түрмө, 23 концлагерь жана 18 еврей геттолору курулган.
Риганын бошотулушу Прибалтика стратегиялык операциясынын бир бөлүгү эле, аны Советтер Союзунун маршалы Василевский жетектеген.
"Риганын тургундары биздин аскерлерди чоң кубаныч менен тосуп алышты", — деп ошол күнү 9-Прибалтика фронтунун штабы кабарлаган.