https://sputnik.kg/20260928/1103959022.html
Россияны санкциялар солгундата алган жок: экономиканын туруктуулугунун сыры эмнеде?

Sputnik Кыргызстан
Стратегиялык соода өнөктөшүбүз болгон Россиянын экономикасы түздөн-түз биздин экономикага да таасир этет. Ошондуктан Россиянын экономикалык бакубатчылыгы биз... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T19:05+0600
2026-09-28T19:05+0600
2026-09-28T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103958852_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c5e9e0a99eedeba4a976569af8ce0f4f.jpg
Россияны санкциялар солгундата алган жок: экономиканын туруктуулугунун сыры эмнеде?
Sputnik Кыргызстан
Стратегиялык соода өнөктөшүбүз болгон Россиянын экономикасы түздөн-түз биздин экономикага да таасир этет. Ошондуктан Россиянын экономикалык бакубатчылыгы биз үчүн абдан маанилүү. Мындай пикирин “Экономикалык панорама” уктуруусунда экономист-изилдөөчү Улукман Мамытов билдирди.Анын айтымында, Россияга Совет мезгилинен тартып эле батыш тарабынан санкциялар салынып келген. Ал эми 2022-жылы Россия Украинада атайын аскердик операция баштагандан бери чоң-кичине болуп, жалпысынан 20 миңден ашык санкция киргизилди."Ошол учурда көптөгөн эксперттер Россиянын экономикасы кыйрайт деп күтүшкөн. Бирок буга карабастан, Россиянын экономикасы туруктуулугун көрсөтүп, олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жок. Мунун бир себеби — Россия санкцияларга көнүп калган. Тескерисинче, өлкөнүн экономикасында өсүш байкалууда. Рублдин курсу да бекемделип, учурда 1 доллар 70–80 рублдун айланасында болууда. Мындан тышкары, Россияда валюталык операцияларга чектөөлөр киргизилген. Башкача айтканда, мурдагыдай эле валютанын өлкөдөн сыртка эркин чыгып кетишине мүмкүнчүлүк жок. Бул да рублдин бекемделишине таасир эткен факторлордун бири. Нефть жана газ экспорттогон "Роснефть", "Газпром" сыяктуу компаниялар киреше тапкан учурда, түшкөн валютанын дээрлик 80 пайызы ички рынокко сатылышы керек деген талап бар. Демек, ички рынокто валюта көбөйгөн сайын ага болгон суроо-талап да төмөндөйт. Бул өз кезегинде рублдин курсун бекемдөөгө шарт түзөт. Россиянын соода балансы дайыма позитивдүү, башкача айтканда, профицит менен жабылат. Экспорттун көлөмү былтыр 65 миллиард доллар болсо, быйыл 80 миллиард долларды түздү. Демек, өлкөгө валюта канчалык көп кирсе, улуттук валютанын туруктуулугу ошончолук күчөйт. Россия чет мамлекеттерге негизинен чийки заттарды — мунай, газ, буудай жана башка товарларды экспорттойт. Ошондой эле өлкө Африка мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга да гуманитардык жардамдарды жөнөтүп келет. Бул да Россиянын экономикалык мүмкүнчүлүгүнүн белгилеринин бири. Иран маселесине байланыштуу Ормуз кысыгы жабылган учурда дүйнөлүк рынокто жер семирткичтердин жетишсиздиги жаралган. Бул тартыштык Россия үчүн, тескерисинче, кошумча киреше алып келген факторлордун бири болду. Эгер мурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соодада доллар кеңири колдонулса, акыркы жылдары улуттук валюталарга өтүү процесси күчөдү. Соода операциялары рубль менен жүргүзүлө баштады. Ал тургай Россия менен Кытайдын ортосундагы соодада да рубль жана юань колдонулуп жатат”, — деди Мамытов.Ал дагы бир маанилүү жагдай — Россиянын Борбордук банкынын акча-кредит саясаты экенин белгиледи."Жогорку инфляция менен күрөшүү үчүн Россиянын Борбордук банкы 2024-жылдын октябрь айында негизги ченди рекорддук 21 пайызга чейин көтөргөн. Бул көрсөткүч бир нече жыйын катары менен сакталып турган. Ошол эле учурда Россиянын реалдуу ИДПсынын өсүшү 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 4,9 пайызды түзгөн. Мындай шартта мамлекет экономикага активдүү аралашып, атайын программалар аркылуу коопсуздук тармагына, завод-фабрикаларга, курал-жарак жан

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103958852_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c9a26e57b28f13350fe7ea7dbdac32cc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Россияны санкциялар солгундата алган жок: экономиканын туруктуулугунун сыры эмнеде?
19:05 28.09.2026 (Жаңыртылды: 19:16 28.09.2026) Коноктор
Улукман Мамытов, экономист-изилдөөчү