https://sputnik.kg/20260928/1103958753.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда шайкештик сертификаттарын берүүнү автоматташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул маселе Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T19:00+0600
2026-09-28T19:00+0600
2026-09-28T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103958587_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c77e7c6abb1042a909d32d9d5e68738a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда шайкештик сертификаттарын берүүнү автоматташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул маселе Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жумушчу кеңешмеде талкууланды. Жыйында мамлекеттик органдар менен ведомстволордун өкүлдөрү шайкештик сертификаттарын берүүнүн автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле маалыматтык системанын башка платформалар менен өз ара аракеттенүүсү жана интеграцияланышы боюнча техникалык маселелер каралды. Мындан тышкары, тиешелүү документтерди иштеп чыгуу жана берүү тартиби боюнча маалымат берилди. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга автоматташтырылган системаны ишке киргизүүгө байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.
Кыргызстанда миграция тармагындагы бир катар мамлекеттик кызматтар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, министрликтин курамында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлүп, ага ТИМдин бирдиктүү уруксат жана резидент-карта берүү функциялары берилет. Ал эми "Кызмат" мекемесине жашап турууга уруксат берүү, жарандык маселелерди кароо жана чет өлкөлүктөрдү каттоо милдеттери өтөт.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош шаарында Калкты тейлөө борборун жана Автоунааларды каттоо бөлүмүн ачты. Эки мамлекеттик мекеме Көкүм бий көчөсү, 194–195А дарегиндеги комплексте жайгашкан. Комплекстин "А" блогунда автоунааларды каттоо жана кайра каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, автолаборатория, конференц-зал, кызматкерлердин бөлмөлөрү жана жарандар үчүн күтүү залдары каралган. "Борбордун теориялык экзамен тапшыруу залы бир убакта 62 талапкерди кабыл алат. Ал эми практикалык сынакты өткөрүү үчүн жалпы аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн заманбап автодром курулган. Кызмат көрсөтүүлөр "бирдиктүү терезе" принциби менен онлайн жана офлайн-форматта жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Ал эми комплекстин "Б" блогунда "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жаңы Калкты тейлөө борбору жайгашкан.
Еврокомиссия энергиянын кымбатташынан улам ЕБ өлкөлөрүн газ жана электр энергиясын керектөөнү азайтууга чакырды Бул тууралуу Politico басылмасы жазган. Еврокомиссиянын энергетика боюнча комиссары мындай абал канчага созуларын так айта албасын, чектөө канча убакыт талап кылынса, ошончо уланарын белгилеген. Макалада Европада газ кампаларындагы кордун көлөмү тарыхый эң төмөнкү деңгээлде экени айтылат. Буга жаңы энергетикалык кризис жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал таасир этип жатканы жазылган. ЕБ Кеңеши январь айында Россиянын энергоресурстарын импорттоодон этап-этабы менен баш тартуу боюнча регламентти бекиткен.
Кыргызстанда шайкештик сертификаттарын берүүнү автоматташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул маселе Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жумушчу кеңешмеде талкууланды. Жыйында мамлекеттик органдар менен ведомстволордун өкүлдөрү шайкештик сертификаттарын берүүнүн автоматташтырылган системасын иштеп чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле маалыматтык системанын башка платформалар менен өз ара аракеттенүүсү жана интеграцияланышы боюнча техникалык маселелер каралды. Мындан тышкары, тиешелүү документтерди иштеп чыгуу жана берүү тартиби боюнча маалымат берилди. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга автоматташтырылган системаны ишке киргизүүгө байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.Кыргызстанда миграция тармагындагы бир катар мамлекеттик кызматтар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, министрликтин курамында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлүп, ага ТИМдин бирдиктүү уруксат жана резидент-карта берүү функциялары берилет. Ал эми "Кызмат" мекемесине жашап турууга уруксат берүү, жарандык маселелерди кароо жана чет өлкөлүктөрдү каттоо милдеттери өтөт.Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Ош шаарында Калкты тейлөө борборун жана Автоунааларды каттоо бөлүмүн ачты. Эки мамлекеттик мекеме Көкүм бий көчөсү, 194–195А дарегиндеги комплексте жайгашкан. Комплекстин "А" блогунда автоунааларды каттоо жана кайра каттоо, мамлекеттик номерлерди жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, автолаборатория, конференц-зал, кызматкерлердин бөлмөлөрү жана жарандар үчүн күтүү залдары каралган. "Борбордун теориялык экзамен тапшыруу залы бир убакта 62 талапкерди кабыл алат. Ал эми практикалык сынакты өткөрүү үчүн жалпы аянты 8 500 чарчы метрди түзгөн заманбап автодром курулган. Кызмат көрсөтүүлөр "бирдиктүү терезе" принциби менен онлайн жана офлайн-форматта жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта. Ал эми комплекстин "Б" блогунда "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин жаңы Калкты тейлөө борбору жайгашкан. Еврокомиссия энергиянын кымбатташынан улам ЕБ өлкөлөрүн газ жана электр энергиясын керектөөнү азайтууга чакырды Бул тууралуу Politico басылмасы жазган. Еврокомиссиянын энергетика боюнча комиссары мындай абал канчага созуларын так айта албасын, чектөө канча убакыт талап кылынса, ошончо уланарын белгилеген. Макалада Европада газ кампаларындагы кордун көлөмү тарыхый эң төмөнкү деңгээлде экени айтылат. Буга жаңы энергетикалык кризис жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал таасир этип жатканы жазылган. ЕБ Кеңеши январь айында Россиянын энергоресурстарын импорттоодон этап-этабы менен баш тартуу боюнча регламентти бекиткен.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103958587_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_079a1fe1916c42d80fd6ad764e413a51.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио