Ырчы Нуржан Түмөнбаева: жеңишке жеткирген "Саринжи-Бөкөйдү" 20 жыл бышырып аткардым
17:05 28.09.2026 (Жаңыртылды: 17:16 28.09.2026)
Ырчы Нуржан Түмөнбаева: жеңишке жеткирген "Саринжи-Бөкөйдү" 20 жыл бышырып аткардым
Жазылуу
Коноктор
Нуржан Түмөнбаева, ДКО “Көчмөндөр санаты” эл аралык сынагында айтуучулук багыты боюнча баш байгенин ээси, ырчы, дастанчы
“Стимул” уктуруусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн “Көчмөндөр санаты” эл аралык сынагында айтуучулук багытында баш байгени багындырган ырчы, дастанчы Нуржан Түмөнбаева менен маек курдук.Анын айтымында, эл аралык сынакка 38 өлкөдөн дастанчылар катышкан. Ал сынакта 20 жыл бышырган "Саринжи-Бөкөй" эпосун аткарып жеңишке жеткен.“Ар бир өлкөнүн салттуу музыкасын кемелине келтире аткарган, тандалган таланттары келип катышты. Ар бир элдин “Курманбек, “Олжобай менен Кишимжан” сыяктуу эле биздикиндей дастандары бар экен. Музыкага тилдин кереги жок деп калабыз, алардын тилин билбесек дагы эмне жөнүндө айтып жаткандарын түшүнүп жаттык. Ал эми мен күүчү Болуш Мадазимовдун вариантында "Саринжи-Бөкөй" элдик дастанын аткардым. Дал ушул дастанды 20 жыл мурун мектеп курагында үйрөнгөм. Дастандын күүсү татаал болгондуктан көпкө чейин үйрөнүп жүрдүм. Кийин консерваторияга келгенде, устатым Роза Аманова менен дастандын үстүндө дагы көп иштедик. Эми сынактарга катышканга убактысы келди деп алып чыктым. Азыр деле толук бышырып, кемелине келтирип аткарып жатам деп ойлобойм. Ойногон сайын ыр болобу, күү болобу анын мукамдуу кайрыктары чыга берет”,- деди Түмөнбаева.Ошондой эле ал "Саринжи-Бөкөй" дастанына арналган комузу бар экенин, ал комуз менен башка ырларды аткарбай турганын кошумчалады.