https://sputnik.kg/20260928/1103953654.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана каржылоону тартуу боюнча кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу Инвестициялар... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T17:00+0600
2026-09-28T17:00+0600
2026-09-28T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103953460_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7c1f1c6998d0f5cdf5a8c4ed47e88cc8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Өзбекстан инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана каржылоону тартуу боюнча кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиевдин жолугушуусунда сөз болду. Жолугушууда тараптар инвестициялык демилгелерди колдоо, келечектүү долбоорлорду биргелешип издөө жана аларды ишке ашырууга каржылык мүмкүнчүлүктөрдү тартуу маселелерин талкуулашты. Равшанбек Сабиров Улуттук агенттик менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялык долбоорлорду колдоодо биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү кең экенин белгиледи. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыгындагы долбоорлорду илгерилетүү, инвестициялык демилгелер боюнча маалымат алмашуу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашты.
Кыргызстандын аскер кызматкерлери үчүн даярдалган тамактануу рациондорундагы азык-түлүктүн 90 пайызы өлкө ичинде өндүрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, "Кыргыз агрохолдинг" ишканасы тамак-аш салынган 41,3 миң баштыкты жасап берүүгө буюртма алган. Рацион даярдоодо ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын колдонууга басым жасалууда. Бул жергиликтүү айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын колдоого багытталган.
Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатта балдардын коопсуздугу, ден соолугу жана социалдык укуктары боюнча бир катар көйгөйлөр аныкталды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мекемеге барып, балдардын жашоо шартын жана укуктарынын сакталышын текшерди. Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, 100 балага ылайыкталган интернатта учурда 88 бала тарбияланат. Акыркы бир жыл ичинде 6 бала интернаттан качууга аракет кылган. Буга байланыштуу Акыйкатчы мекеменин аймагын тосуп, балдардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды. Мындан тышкары, 71 бала медициналык кароодон өткөн. Алардын дээрлик бардыгынан тиштин кариеси, айрымдарынан экзема, калкан безине байланыштуу жана башка оорулар аныкталган. Балдардын көпчүлүгүнө офтальмологдун кароосу зарыл экени белгиленди. Интернатта медициналык пункт болгону менен, туруктуу дарыгер жок.
Венгриянын парламенти премьер-министр Петер Мадьярдын бирөөнүн чөнтөк телефонун колунан жулуп алып, жок кылып салганы үчүн кол тийбестик макамынан ажыратты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Отурумга катышкан 139 депутаттын бардыгы жогорудагы бүтүмгө макул болушкан. Телефон боюнча чырдын төркүнү тууралуу маалымат берилди. 2024-жылы келечектеги премьер Будапешттеги көңүл ачуучу жайлардын биринде ошол жерде эс алып жүргөндөрдүн бири менен жаакташа кетет. Ал киши саясатчыны мобилдик телефонуна тарта баштаганда, Мадьяр колунан жулуп алат. Кийин аппаратты Дунай дарыясына ыргытып жиберет. "Каарман" анда Европарламентке депутат кези экенин, тартип сакчылардын сурамын аталган парламент канааттандырбаганын айтышты. Кийин Венгрияда 2026-жылы депутат болгондо прокуратура иликтөөнү жандандырыш үчүн саясатчыны кол тийбестиктен ажыратууга аттанып түшкөн. Мадьяр өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен макамдан ажыроого каршы эместигин билдирген. Ал эми кылмыш иш ага карата атайылап токулган деген пикирин кошумчалаган.
Кыргызстан менен Өзбекстан инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана каржылоону тартуу боюнча кызматташууну күчөтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиевдин жолугушуусунда сөз болду. Жолугушууда тараптар инвестициялык демилгелерди колдоо, келечектүү долбоорлорду биргелешип издөө жана аларды ишке ашырууга каржылык мүмкүнчүлүктөрдү тартуу маселелерин талкуулашты. Равшанбек Сабиров Улуттук агенттик менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялык долбоорлорду колдоодо биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрү кең экенин белгиледи. Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыгындагы долбоорлорду илгерилетүү, инвестициялык демилгелер боюнча маалымат алмашуу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу боюнча макулдашты. Кыргызстандын аскер кызматкерлери үчүн даярдалган тамактануу рациондорундагы азык-түлүктүн 90 пайызы өлкө ичинде өндүрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, "Кыргыз агрохолдинг" ишканасы тамак-аш салынган 41,3 миң баштыкты жасап берүүгө буюртма алган. Рацион даярдоодо ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын колдонууга басым жасалууда. Бул жергиликтүү айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын колдоого багытталган.Чүй облусундагы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатта балдардын коопсуздугу, ден соолугу жана социалдык укуктары боюнча бир катар көйгөйлөр аныкталды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мекемеге барып, балдардын жашоо шартын жана укуктарынын сакталышын текшерди. Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, 100 балага ылайыкталган интернатта учурда 88 бала тарбияланат. Акыркы бир жыл ичинде 6 бала интернаттан качууга аракет кылган. Буга байланыштуу Акыйкатчы мекеменин аймагын тосуп, балдардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылды. Мындан тышкары, 71 бала медициналык кароодон өткөн. Алардын дээрлик бардыгынан тиштин кариеси, айрымдарынан экзема, калкан безине байланыштуу жана башка оорулар аныкталган. Балдардын көпчүлүгүнө офтальмологдун кароосу зарыл экени белгиленди. Интернатта медициналык пункт болгону менен, туруктуу дарыгер жок. Венгриянын парламенти премьер-министр Петер Мадьярдын бирөөнүн чөнтөк телефонун колунан жулуп алып, жок кылып салганы үчүн кол тийбестик макамынан ажыратты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Отурумга катышкан 139 депутаттын бардыгы жогорудагы бүтүмгө макул болушкан. Телефон боюнча чырдын төркүнү тууралуу маалымат берилди. 2024-жылы келечектеги премьер Будапешттеги көңүл ачуучу жайлардын биринде ошол жерде эс алып жүргөндөрдүн бири менен жаакташа кетет. Ал киши саясатчыны мобилдик телефонуна тарта баштаганда, Мадьяр колунан жулуп алат. Кийин аппаратты Дунай дарыясына ыргытып жиберет. "Каарман" анда Европарламентке депутат кези экенин, тартип сакчылардын сурамын аталган парламент канааттандырбаганын айтышты. Кийин Венгрияда 2026-жылы депутат болгондо прокуратура иликтөөнү жандандырыш үчүн саясатчыны кол тийбестиктен ажыратууга аттанып түшкөн. Мадьяр өзүн күнөөлүү деп эсептебегендиктен макамдан ажыроого каршы эместигин билдирген. Ал эми кылмыш иш ага карата атайылап токулган деген пикирин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103953460_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_56f6a66827e58c504efcbb8fc312b964.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио