https://sputnik.kg/20260928/1103949166.html
Нотариус: курсакта калган наристе да биринчи кезектеги мураскер боло алат

Sputnik Кыргызстан
Маркумдун биринчи кезектеги мураскерлери жубайы, ата-энеси, балдары (анын ичинде курсактагы наристеси) болот. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда жеке... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T15:04+0600
2026-09-28T15:04+0600
2026-09-28T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103948996_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_68f976caef2ca3f46557162b793ec721.jpg
Нотариус: курсакта калган наристе да биринчи кезектеги мураскер боло алат
Sputnik Кыргызстан
Маркумдун биринчи кезектеги мураскерлери жубайы, ата-энеси, балдары (анын ичинде курсактагы наристеси) болот. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда жеке нотариустар Миржан Жумалиева жана Замир Касымалиев айтып беришти.Алардын айтымында, маркумдан калган мурас 7 категорияда кезек менен берилет.“Биринчи кезекте маркумдун керээзин карап чыгабыз. Керээз калган болсо анын негизинде бөлүп беребиз. Керээз бардык мүлкүн камтыбаса, калган мүлкүн мыйзам аркылуу бөлүштүрөбүз. Мыйзамда биринчи, экинчи кезектеги мураскерлер деп, мураскерлердин кезеги жетиге чейин бөлүштүрүлгөн. Жетинчи бөлүккө жарандык жубайы, өгөй балдары кирет. Биринчи кезекте жубайы, ата-энеси, балдары, төрөлө элек балдары келет. Керээз жок боло турган болсо кезектегилер менен каралат. Тууганчылдыгы жок, карамагындагы жашаган адамга да мурас бөлүнүп берилет”, - деди Жумалиева.“Кабыл алуу фактысы” менен мураска ээлик кылууга болот.“Мураскер 6 айлык мөөнөт ичинде мураска байланышкан маселелер боюнча, нотариуска кайрылыш керек. Эгер белгиленген мөөнөт өтүп кете турган болсо, сот аркылуу калыбына келтирбестен, “кабыл алуу фактысы менен” мураскер каза болгон кишинин үйүндө жашап, коммуналдык чыгымдарды, жер салыгын төлөп жүрө турган болсо, иш жүзүндө кабыл алган болуп эсептелет. Бул биринчи кезектегилерге берилет. Алар баш тартса кийинки кезектегилер ала алышат”,- деди Касымалиев.Ошондой эле алар, жубайы же жолдошу мураскер болуп кала турган болсо, үй-бүлөлүк кодекстин негизинде чогуу жашап, кыймылсыз мүлктү бирге алышканы үчүн тең жарыманан бөлүнөрүн, калганы балдарына же башка кезектеги мураскорлорго бирдей бөлүнөрүн кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103948996_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e950cea3d10013e90a12760ef092656c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Нотариус: курсакта калган наристе да биринчи кезектеги мураскер боло алат
15:04 28.09.2026 (Жаңыртылды: 15:16 28.09.2026) Коноктор
Миржан Жумалиева, жеке нотариусЗамир Касымалиев, жеке нотариус