https://sputnik.kg/20260928/1103948888.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T15:00+0600
2026-09-28T15:00+0600
2026-09-28T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103948722_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_209e088621ee821191544ccd88798ce5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Инмин Яннын Улан-Батордогу жолугушуусунда талкууланды. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстандын регионалдык хаб катары өнүгүүсү, жашыл экономика жана энергетика, жашыл каржылоо, бизнести колдоо, жеткирүү чынжырларын жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү маселелери да каралды. Маалыматка ылайык, АӨБдүн колдоосу менен Улуттук электрондук логистика системасын түзүү боюнча алгачкы изилдөө жүргүзүлгөн. Эми системанын жол картасын жана уюштуруу моделин иштеп чыгуу пландалууда. Улуттук электрондук логистика системасын түзүү Кыргызстандагы логистикалык процесстерди санариптештирүүгө жана жеткирүү чынжырларын өнүктүрүүгө багытталат.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин кызматтык унаасы 64 миң сомдон ашык айыпка түшкөн Мынча суммага жетүү үчүн калаа башчыны ташыган машина 56 ирет жол эрежесин бузган. Соцтармакка тараган сүрөттү көргөндөр нааразы пикирлерин жазууда. Эл карапайым бирөөнүкү 3 миң сомдон ашканда эле айып короого кирмек деп жатат. Ал арада мэрия бардык айып пулдар төлөнгөнүн билдирди. Аткаминердин айдоочусуна экинчи эреже бузбай айда деп түшүндүрүшкөнү айтылды. Tolom.kg порталынан алынган экинчи сүрөттөн айып пулдар чын эле төлөнгөнүн көрүүгө болот.
ЖККУ өлкөлөрүнүн чалгын топтору Россиядагы "Издөө-2026" машыгуусун улантып жатат. Жоокерлер шарттуу душманды таап, объектилерин жок кылып жатышат. Иш-чарага кыргызстандыктар болуп жалпы 2 миң аскер кызматкери жана 350 курал-жарак бирдиги тартылган. "Барс" чакырык атын колдонгон кыргызстандык аскер алардын бөлүгү 16 чакырым жерди басып өткөнүн айтты. Жоокерлер дрондорду колдонуп, аймакты чалгындап, жарадарларды эвакуациялап, жарылуучу заттар менен иштешкен. "Барс" тажрыйба алмашуу жогору деңгээлде өтүп жатканын белгиледи.
Ош шаарындагы "Бими Ош сервис" бажылык тариздөө жайынын пайдаланылбаган имаратынан ок атуучу курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, атайын жабдылган жайдан курал-жарак жана ок-дары салынган сейф табылган. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө үч тапанча, беш ок салгыч жана ар түрдүү калибрдеги 100 даана ок алынган. Ошондой эле үч рация табылганы айтылды. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Еврокомиссия энергиянын кымбатташынан улам ЕБ өлкөлөрүн газ жана электр энергиясын керектөөнү азайтууга чакырды Бул тууралуу Politico басылмасы жазган. Еврокомиссиянын энергетика боюнча комиссары мындай абал канчага созуларын так айта албасын, чектөө канча убакыт талап кылынса, ошончо уланарын белгилеген. Макалада Европада газ кампаларындагы кордун көлөмү тарыхый эң төмөнкү деңгээлде экени айтылат. Буга жаңы энергетикалык кризис жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал таасир этип жатканы жазылган. ЕБ Кеңеши январь айында Россиянын энергоресурстарын импорттоодон этап-этабы менен баш тартуу боюнча регламентти бекиткен. Москва Батыш Россиянын энергоресурстарын сатып алуудан баш тартуу менен олуттуу ката кетиргенин билдирген. Анткени баанын өсүшүнөн улам Европа андан да көбүрөөк көз каранды болуп калары, ал эми сатып алуулар токтобой, болгону ортомчулар аркылуу уланары айтылган.
Кыргызстанда Улуттук электрондук логистика системасын (NELS) түзүү боюнча иштер улантылат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) вице-президенти Инмин Яннын Улан-Батордогу жолугушуусунда талкууланды. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, жолугушууда Кыргызстандын регионалдык хаб катары өнүгүүсү, жашыл экономика жана энергетика, жашыл каржылоо, бизнести колдоо, жеткирүү чынжырларын жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү маселелери да каралды. Маалыматка ылайык, АӨБдүн колдоосу менен Улуттук электрондук логистика системасын түзүү боюнча алгачкы изилдөө жүргүзүлгөн. Эми системанын жол картасын жана уюштуруу моделин иштеп чыгуу пландалууда. Улуттук электрондук логистика системасын түзүү Кыргызстандагы логистикалык процесстерди санариптештирүүгө жана жеткирүү чынжырларын өнүктүрүүгө багытталат.Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин кызматтык унаасы 64 миң сомдон ашык айыпка түшкөн Мынча суммага жетүү үчүн калаа башчыны ташыган машина 56 ирет жол эрежесин бузган. Соцтармакка тараган сүрөттү көргөндөр нааразы пикирлерин жазууда. Эл карапайым бирөөнүкү 3 миң сомдон ашканда эле айып короого кирмек деп жатат. Ал арада мэрия бардык айып пулдар төлөнгөнүн билдирди. Аткаминердин айдоочусуна экинчи эреже бузбай айда деп түшүндүрүшкөнү айтылды. Tolom.kg порталынан алынган экинчи сүрөттөн айып пулдар чын эле төлөнгөнүн көрүүгө болот.ЖККУ өлкөлөрүнүн чалгын топтору Россиядагы "Издөө-2026" машыгуусун улантып жатат. Жоокерлер шарттуу душманды таап, объектилерин жок кылып жатышат. Иш-чарага кыргызстандыктар болуп жалпы 2 миң аскер кызматкери жана 350 курал-жарак бирдиги тартылган. "Барс" чакырык атын колдонгон кыргызстандык аскер алардын бөлүгү 16 чакырым жерди басып өткөнүн айтты. Жоокерлер дрондорду колдонуп, аймакты чалгындап, жарадарларды эвакуациялап, жарылуучу заттар менен иштешкен. "Барс" тажрыйба алмашуу жогору деңгээлде өтүп жатканын белгиледи. Ош шаарындагы "Бими Ош сервис" бажылык тариздөө жайынын пайдаланылбаган имаратынан ок атуучу курал-жарак сакталган жашыруун жай табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, атайын жабдылган жайдан курал-жарак жана ок-дары салынган сейф табылган. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө үч тапанча, беш ок салгыч жана ар түрдүү калибрдеги 100 даана ок алынган. Ошондой эле үч рация табылганы айтылды. Тергөө амалдары жүрүүдө. Еврокомиссия энергиянын кымбатташынан улам ЕБ өлкөлөрүн газ жана электр энергиясын керектөөнү азайтууга чакырды Бул тууралуу Politico басылмасы жазган. Еврокомиссиянын энергетика боюнча комиссары мындай абал канчага созуларын так айта албасын, чектөө канча убакыт талап кылынса, ошончо уланарын белгилеген. Макалада Европада газ кампаларындагы кордун көлөмү тарыхый эң төмөнкү деңгээлде экени айтылат. Буга жаңы энергетикалык кризис жана Жакынкы Чыгыштагы жаңжал таасир этип жатканы жазылган. ЕБ Кеңеши январь айында Россиянын энергоресурстарын импорттоодон этап-этабы менен баш тартуу боюнча регламентти бекиткен. Москва Батыш Россиянын энергоресурстарын сатып алуудан баш тартуу менен олуттуу ката кетиргенин билдирген. Анткени баанын өсүшүнөн улам Европа андан да көбүрөөк көз каранды болуп калары, ал эми сатып алуулар токтобой, болгону ортомчулар аркылуу уланары айтылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103948722_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9d16c7306a66a5f34a2c88da91d50822.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио