https://sputnik.kg/20260928/1103945962.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, бир адамга орточо 276 доллардан кредиттик карыз туура келген. Бул — Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T13:00+0600
2026-09-28T13:00+0600
2026-09-28T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103945796_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0637ba82a88f245357759009066cb688.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, бир адамга орточо 276 доллардан кредиттик карыз туура келген. Бул — Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген беш өлкөнүн ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч. Киши башына насыялык карыздын көлөмү боюнча 3 261 доллар менен Армения биринчи орунда. Россияда бул көрсөткүч — 3 153 доллар, Казакстанда — 2 428, Беларуста 1 127 доллар болгон. Жеке жактардын кредиттик карызынын ички дүң продукцияга (ИДП) болгон катышы боюнча да Кыргызстанда көрсөткүч салыштырмалуу төмөн — 8,8 пайыз. Арменияда бул көрсөткүч 32,9 пайызга жетет. Россия менен Казакстанда жарандардын насыялык карызынын ИДПга карата үлүшү болжол менен 16 пайыздын тегерегинде.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан жаңы маданий борбордун курулушун көрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, 40 сотых жерге жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө зал, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу жайлар каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотмо болот. Калаа башчысы тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифтилерди караштырууну тапшырып, борбор шаардыктар үчүн ыңгайлуу коомдук жай болушу керектигин белгиледи.
MCN Coin каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков жана Бекмат Мухтар уулу беш жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды. Маалымдалгандай, Субанбеков тарабынан 14 жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулган. Мындан улам Субанбековго карата "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин өндүрүштөн токтотуу чечими кабыл алынган. Андан тышкары, ал калган 9 жабырлануучуга келтирилген материалдык зыянды алты айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилди. Райондук соттун өкүмүнүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Эске салсак, 26-майда Биринчи май райондук соту MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбековду 7 жылга, Бекмат Мухтар уулун 6 жылга, ал эми дагы үч адамдын ар бирин 5 жылдан эркинен ажыратууга өкүм кылган. Алардын ичинен үчөө 3 жылдык пробациялык көзөмөл менен абактан бошотулган. Дагы бир айыпталуучу кылмыш курамы жок болгондуктан акталган.
Украина өкмөтүнүн башчысы Сергей Корецкий украиналыктарды дагы бир ирет сабыр кылып, чыдап коюуга чакырып, андан сырткары, салыкты көбөйтүү пландары коюлуп жатканы боюнча маалыматты тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Алдыга оптимизм менен карап, сабыр кылып, чыдашыңар керек болуп жатат", — деген ал ТСН телеканалына берген интервьюсунда украиналыктарга кайрылып. Корецкий Украинанын 2027-жылдагы бюджетинин долбооруна киргизилген кошумча нарк салыгын дагы бир пайызга көтөрүү планын ырастаган. Украинанын финансы министри Сергей Марченко 10-сентябрда бюджеттеги таңсыктыктан улам социалдык төлөмдөрдү берүү кечиктириле тургандыгын билдирген. Киев акыркы жылдары Батыш жардам берет деген үмүттө бюджетти удаа-удаа дефицит менен түзүп келет. Өлкөнүн бюджети быйыл 1,9 триллион гривна (45 миллиард доллар) таңсыктык менен кабыл алынган.
Кыргызстанда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, бир адамга орточо 276 доллардан кредиттик карыз туура келген. Бул — Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген беш өлкөнүн ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч. Киши башына насыялык карыздын көлөмү боюнча 3 261 доллар менен Армения биринчи орунда. Россияда бул көрсөткүч — 3 153 доллар, Казакстанда — 2 428, Беларуста 1 127 доллар болгон. Жеке жактардын кредиттик карызынын ички дүң продукцияга (ИДП) болгон катышы боюнча да Кыргызстанда көрсөткүч салыштырмалуу төмөн — 8,8 пайыз. Арменияда бул көрсөткүч 32,9 пайызга жетет. Россия менен Казакстанда жарандардын насыялык карызынын ИДПга карата үлүшү болжол менен 16 пайыздын тегерегинде.Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан жаңы маданий борбордун курулушун көрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Долбоорго ылайык, 40 сотых жерге жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө зал, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу жайлар каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотмо болот. Калаа башчысы тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифтилерди караштырууну тапшырып, борбор шаардыктар үчүн ыңгайлуу коомдук жай болушу керектигин белгиледи. MCN Coin каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков жана Бекмат Мухтар уулу беш жылдык пробация менен абактан бошотулду. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды. Маалымдалгандай, Субанбеков тарабынан 14 жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулган. Мындан улам Субанбековго карата "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш ишин өндүрүштөн токтотуу чечими кабыл алынган. Андан тышкары, ал калган 9 жабырлануучуга келтирилген материалдык зыянды алты айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилди. Райондук соттун өкүмүнүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Эске салсак, 26-майда Биринчи май райондук соту MCN Coin иши боюнча Исрадин Субанбековду 7 жылга, Бекмат Мухтар уулун 6 жылга, ал эми дагы үч адамдын ар бирин 5 жылдан эркинен ажыратууга өкүм кылган. Алардын ичинен үчөө 3 жылдык пробациялык көзөмөл менен абактан бошотулган. Дагы бир айыпталуучу кылмыш курамы жок болгондуктан акталган.Украина өкмөтүнүн башчысы Сергей Корецкий украиналыктарды дагы бир ирет сабыр кылып, чыдап коюуга чакырып, андан сырткары, салыкты көбөйтүү пландары коюлуп жатканы боюнча маалыматты тастыктады. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Алдыга оптимизм менен карап, сабыр кылып, чыдашыңар керек болуп жатат", — деген ал ТСН телеканалына берген интервьюсунда украиналыктарга кайрылып. Корецкий Украинанын 2027-жылдагы бюджетинин долбооруна киргизилген кошумча нарк салыгын дагы бир пайызга көтөрүү планын ырастаган. Украинанын финансы министри Сергей Марченко 10-сентябрда бюджеттеги таңсыктыктан улам социалдык төлөмдөрдү берүү кечиктириле тургандыгын билдирген. Киев акыркы жылдары Батыш жардам берет деген үмүттө бюджетти удаа-удаа дефицит менен түзүп келет. Өлкөнүн бюджети быйыл 1,9 триллион гривна (45 миллиард доллар) таңсыктык менен кабыл алынган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103945796_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3e8936c210bd57d86f4ce24f4b4251a9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио