00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыздын Алтынайы менен Жамийласы. 80ге чыккан Наталия Аринбасарова тууралуу 8 факт

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүАктриса Наталья Аринбасарова
Актриса Наталья Аринбасарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2026
Жазылуу
Кыргыз адабиятында өзгөчө орунга ээ болгон "Биринчи мугалимдеги" Алтынай жана "Жамийладагы" Жамийланын образын түбөлүккө экранда калтырган Наталья Аринбасарова быйыл 80 жашын белгилөөдө. Кыргызстанды унутпаган актриса быйыл да Көчмөндөр оюндарында кадырлуу конок болду.
Жарым кылымдан ашык убакыттан бери чыгармачыл дүйнөдө жүргөн актриса жалпысынан 70тен ашык роль жараткан. Бүгүн сулуулугу жана таланты менен азыркыга чейин элдин элесинен кете элек Аринбасарованын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги актриса тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Балерина болууну каалаган. Наталья Аринбасарова 1946-жылы 24-сентябрда Москва шаарында төрөлгөн. Атасы – казак жигити Өтеули Туремуратович менен апасы – поляк кызы Мария Конецпольская беш баланы тарбиялашкан. Атасы аскер кызматкери болгондуктан актрисанын балалыгы Түркмөнстанда өтөт. Ал жактагы жашоосу оор болгонун, күн куйкалаган ысыкта жоокерлердин арасында кедейчиликте өткөнүн эскерген жайы бар. Үй-бүлө Казакстанга 1956-жылы гана көчүп келет. Атасы жумушуна байланыштуу ар дайым кызматта болгондуктан, апасы балдарын катуу тартипте тарбиялаган. Болочоктогу актриса кичинекей кезинде "Ак куулар көлү" фильмин көрүп, балерина болууну чечет. Он жашында Москвадагы Чоң театрдын алдындагы балет окуу жайына тапшырып, өтүп кетет.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанга келген Наталия Аринбасарова. Архив
Визит заслуженной российской актрисы театра и кино Натальи Аринбасаровой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2026
Кыргызстанга келген Наталия Аринбасарова. Архив
Оорудан улам актрисага айланган. Наталья Аринбасарова Москвада өзү курактуу кыздар менен бирге балет окуу жайынын жатаканасында жашап калат. Ошол кезде эле белгилүү чыгармачыл адамдар менен бирге Чоң театрдагы спектаклдерде кичинекей ролдорду жарата баштайт. Бирок анын балерина болом деген тилеги 15 жашында таш кабат. Дарыгерлер жүрөк оорулуу экендигин аныкташат. Дарты билинип калса окуу жайдан айдаларына шек жок эле. Андыктан оорусун жашырып, билим алуусун уланта берет. Бирок машыгуу учурунда кыйналып, алы кете баштаганын сезет. Ошентсе да чыгармачылыкка болгон кыялынан кайтпай, кино дүйнөсүнө аралашууну чечет. Анткени мугалимдери ага табиятынан актрисалык таланты бар экенин дайыма айтышчу. 1964-жылы окуу жайды аяктаары менен алгачкы тасмасына чакыруу алат.
Оор шартта тартылган "Биринчи мугалим". Режиссер Андрей Михалков-Кончаловский дебюттук эмгеги үчүн Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасын тандайт. Анын негизинде тартыла турган тасманын башкы ролуна 18 жаштагы Наталья Аринбасарованы чакырат. Ошентип актрисанын чыгармачыл жашоосу кыргыз жеринде, кыргыз тасмасында башталат. Кино тарыхыбыздын шедеврине айланган чыгарма чындыгында эле өтө оор шарттарда тартылган. Мисалы, тасмадагы Дүйшөндүн ролун аткарган Болот Бейшеналиев менен Аринбасарова жамгырда калган сахнаны аткаруу үчүн бир күн кечке чылгый муздак суу болгон кийим кийип жүрүшкөн. Ошондой эле Дүйшөндүн Алтынайды күмүш жасалга менен бетке чапкан жери да жасалмалыктан алыс болгон. Салабаттуу келген Бейшеналиев актрисаны жалпысынан он жолу чындап эле урат. Буга чыдабаган жаш актрисанын бети-башы шишип, ал тургай эси оогонго чейин барат. Дагы айта кетчү нерсе, фильмге эч кандай каскадерлор катышкан эмес. Аринбасарова сегиз ай тартылган тасма үчүн 930 рубль гонорар алат. Көптөгөн кыйынчылык менен жаралган ролдун үзүрү да жакшы болот. Бул эмгеги Аринбасаровага кино дүйнөсүн гана ачып тим болбостон, абройлуу Венеция кинофестивалында эң мыкты актрисага берилчү "Вольпи" алтын кубогун алып келет.
© Sputnik / Александр Федоров"Биринчи мугалим" тасмасын тартуу учуру. Архив
Съемки фильма режиссера Андрея Кончаловского Первый учитель - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2026
"Биринчи мугалим" тасмасын тартуу учуру. Архив
Актриса-студент. Биротоло чыгармачылыкка бел байлаган Наталья Аринбасарова актердук билимин өркүндөтүүнү чечет. Мындан улам Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) актердук факультетине тапшырат. Жашы курсташтарына караганда улуу болгон актрисага мугалимдер да өзгөчө мамиле кылышат. Ал кезде студенттерге 3-курска чейин тасмага тартылууга уруксат берилчү эмес. Ал эми аркасында олуттуу сыйлыгы бар актриса үчүн бул тыюуну алып салышат. Чындыгында эле актрисанын таланты эл оозуна алынып, атагы өлкөнүн булуң-бурчуна тараган кез эле. Сабактан чыккан кезде окуу жайдын алдында аны күткөн журналисттердин саны үзүлчү эмес. Ошол эле кезде киного чакыруулар да биринин артынан бири түшө баштайт.
Кыргыз фильмдеринин жылдызы. Алгачкы эмгеги менен эле бүт өлкө тааныган жылдызга айланган Наталья Аринбасарованын карьерасы советтик кинематографиянын алтын фондунан орун алган тасмаларга бай. Алардын арасында биз сүйгөн кыргыз фильмдери өзгөчөлөнүп турат. Ирина Поплавскаянын "Жамийласында", Үсөнжан Ибрагимовдун "Эски тегирменинде" жана Төлөмүш Океевдин "Уланында" кыргыз кыздарынын ролун жеткире аткарып берген. Ошондой эле актрисанын олуттуу эмгектеринин арасына "Ташкент — нандын шаарын", Никита Михалков тарткан "Согуштун аягындагы бейпил күнүн", жолдошу Эльдор Уразбаевдин "Транссибирь экспресси" жана "Минотаврга зыяратын" кошсо болот. Актриса 21-кылымда да бош отурбай "Антикиллер", "Москва, сени сүйөм", "Балалыгымдын асманы" сыяктуу тасмаларда жана сериалдарда роль жаратып келет.
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Жамийла" тасмасынан кадр. Архив
Кадр из художественного фильма Джамиля - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2026
"Жамийла" тасмасынан кадр. Архив
Үч жолу турмуш курган. "Биринчи мугалим" тасмасы учурунда режиссер Андрей Кончаловский менен актрисанын ортосунда сүйүү оту жанат. Кино тартуу учурунда эле көпчүлүккө көрүнбөй жолугушуп жүрүшүп, актриса 18ге чыккандан кийин кыргыз айылында баш кошушат. Бирок Аринбасарова турмушка чыкканын ата-энесине айтпайт. Анткени алардын каршы чыгары белгилүү эле. Актриса ойлогондой эле Алма-Атага барган кезинде атасы аны үйгө камап, жолдошун болсо киргизбей коет. Кончаловский көзүнө жаш алып ыйлап, Чыңгыз Айтматов аркылуу партиянын чоңдоруна чейин чыгат. Бирок кыздын атасы эч макулдугун бербейт. Актриса үйүнөн качып чыгып, эки жаш Москваны көздөй бет алышат. Экөөнүн турмушу, тилекке каршы, беш жылга гана созулат. Бул арада ата-эне жолун жолдоп азыр режиссерлук менен алектенген Егор аттуу балалуу болушат. Экөө Кончаловскийдин чет өлкөдө иштөөнү каалап туруп алгандыгынан улам ажырашышат. Актриса экинчи жолу 1970-жылы Кончаловскийдин досу, анын бир топ тасмаларында иштеген сүрөтчү Николай Двигубскийге турмушка чыгат. Таланттардын үй-бүлөсүнүн жалгыз кызы Екатерина азыр кинорежиссер жана жазуучу. Бирок бул турмушу да мурдагысына окшош жол менен аяктайт. Двигубский 1980-жылы биротоло Францияга сапар алгандыктан, алар эки ача жолго түшүшөт. Ал эми үчүнчү жолдошу, дагы бир режиссер Эльдор Уразбаев менен 1982-жылы баш кошуп, 16 жыл чогуу жашашат.
Кыргызстанды унутпаган актриса. Наталья Аринбасарова кинодогу маанилүү ролдорун ойногон кыргыз жерин азыркыга чейин унутпай келет. Өлкөбүз эгемендигин алгандан бери Кыргызстанга бир топ жолу келип кеткен. 2003-жылы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө, 2016-жылы дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн "Ак илбирс" кино сыйлыгын алуу үчүн Бишкекке келген. Актриса Кыргызстанга болгон сүйүүсү эч качан өчпөгөндүгүн билдирип, биринчи жолдошу Андрей Кончаловскийдин ар дайым "Бул өлкөнүн абасы менен дем алган актерго күч кошулуп, таланты өсө түшөт" деп айтканын эскерген жайы бар. Ошондой эле эски досторуна жолукканда сүйүнөрүн, ал эми дүйнөдөн өткөн жолдошторунун мүрзөсүнө барганда жүрөгүн кайгы басарын айткан.
Бааланган эмгек. Наталья Аринбасарованын экранда жараткан эмгектери өз убагында татыктуу бааланган. Ал СССРдин жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти наамын алып, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына жана "Астананын 10 жылдыгы" медалына татыган. Кинодогу ролдору үчүн өз кезегинде Бүткүл союздук кинофестивалда "Эң мыкты актриса" наамы жана Ленин атындагы комсомолдук сыйлыгы менен сыйланган. Ошондой эле 1994-жылы "Алсыз жүрөк" фильминде жараткан ролу үчүн Женева кинофестивалынын лауреаты болгон.
Айтматов кадырын салып ачык кадрларды калтырткан. Биринчи мугалимдеги ирмемдер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2023
Айтматов кадырын салып ачык кадрларды калтырткан. "Биринчи мугалимдеги" ирмемдер
Жаңылыктар түрмөгү
0