https://sputnik.kg/20260922/1103821698.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мектептерге 1 миллиондон ашуун жаңы китеп жеткирилетМосквалык өндүрүшчүлөр Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүү жүргүздүСадыр Жапаровго... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T11:00+0600
2026-09-22T11:00+0600
2026-09-22T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103821532_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_34ab270889f884a8d8ee76dbddf63bf1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы мектептерге 1 миллиондон ашуун жаңы китеп жеткирилетМосквалык өндүрүшчүлөр Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүү жүргүздүСадыр Жапаровго Нью-Йоркто америкалык ишкерлер сыйлык тапшырды
Жапаровго Америка-Кыргыз бизнес кеңешинин, АКШнын ишкер коомчулугунун атынан Кыргызстандын экономикасын өргө тарткан өнүгүүлөрдү жасаганы үчүн сыйлык тапшырылды Эске салсак, президент бул күндөрү АКШда иш сапар менен жүрөт. Мамлекет башчы аталган шаарда АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолуккан. Жапаров бизнес жүргүзүүнүн ачык эрежелерин калыптандыруу мындан аркы экономикалык өсүш үчүн маанилүү негиз экенин айткан. Аны менен катар эле жаңы долбоорлорду ишке ашырууда америкалык инвестицияларды тартууга Кыргызстан кызыкдар экенин билдирген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Жапаров Кыргызстан эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи. "Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми Россиянын элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм", — деп айтылат куттуктоо катында.
Кыргызстандын мектептери үчүн басылып чыккан 1 миллиондон ашуун нускадагы окуу китептери жана колдонмолор учурда жеткирүү баскычында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду. Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйыл окуу куралдарын чыгарууга казынадан 744 миллион сом, ал эми Агартуу министрлигинин эсебинен кошумча 16,2 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы каржылоого 3 миллион 668 миң 606 даана окуу материалын чыгаруу пландалып, анын 2 миллион 455 миң 868и мектептерге жеткирилген, ал эми 1 миллиондон ашыгы жеткирүү баскычында турат. Жыйында 12 жылдык окутууга өтүү үчүн керектүү класстарга окуу китептерин этап-этабы менен басып чыгаруу каралды. Салыштырсак, 2025-жылы бул багытка 855 миллион сом жумшалып, мектептерге 4,7 миллиондон ашык китеп басылып берилген. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев окуучуларды китеп менен камсыздоо башкы орунда экенин айтып, мектеп китептеринин базарда сатылышы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен катаал чара көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле президенттин чечими менен керектүү каржы толук бөлүнөрү айтылды. Жыйын соңунда Агартуу министрлигине китептерди чыгарууну тездетип, мектептердин китеп менен камсыздалышын ай сайын текшерип туруу тапшырылды.
Москванын өнөр жай тармагынын өкүлдөрү бизнес-миссиянын алкагында Бишкекке келип, Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке ишканаларынын жетекчилери менен жолукту. Анда товарларды жана жабдууларды алып келүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Москва өкмөтүнүн министри, Инвестициялык жана өнөр жай саясаты департаментинин жетекчиси Анатолий Гарбузов билдирди.Делегациянын катарындагы "Инженердик системалар лабораториясы" күнөсканаларга керектүү заманбап жабдууларды чыгарат. Алардын автоматташтырылган системалары түшүмдү бир нече эсе көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, дыйкан-фермердик чарбалар жана Veges менен "Евросервис групп" компаниялары менен сүйлөштү.Ал эми өлчөөчү жабдууларды чыгарган "Себа инжиниринг" компаниясы көчмө электр лабораторияларын жана трансформаторлорду текшере турган, электр кабель чубалгыларындагы бузулган жерлерди так аныктаган заманбап аппаратураларды сунуштайт.
Кыргызстандагы мектептерге 1 миллиондон ашуун жаңы китеп жеткирилетМосквалык өндүрүшчүлөр Кыргызстандагы өнөктөштөрү менен сүйлөшүү жүргүздүСадыр Жапаровго Нью-Йоркто америкалык ишкерлер сыйлык тапшырды Жапаровго Америка-Кыргыз бизнес кеңешинин, АКШнын ишкер коомчулугунун атынан Кыргызстандын экономикасын өргө тарткан өнүгүүлөрдү жасаганы үчүн сыйлык тапшырылды Эске салсак, президент бул күндөрү АКШда иш сапар менен жүрөт. Мамлекет башчы аталган шаарда АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолуккан. Жапаров бизнес жүргүзүүнүн ачык эрежелерин калыптандыруу мындан аркы экономикалык өсүш үчүн маанилүү негиз экенин айткан. Аны менен катар эле жаңы долбоорлорду ишке ашырууда америкалык инвестицияларды тартууга Кыргызстан кызыкдар экенин билдирген.Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Жапаров Кыргызстан эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берерин белгиледи. "Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми Россиянын элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм", — деп айтылат куттуктоо катында. Кыргызстандын мектептери үчүн басылып чыккан 1 миллиондон ашуун нускадагы окуу китептери жана колдонмолор учурда жеткирүү баскычында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду. Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйыл окуу куралдарын чыгарууга казынадан 744 миллион сом, ал эми Агартуу министрлигинин эсебинен кошумча 16,2 миллион сом бөлүнгөн. Жалпы каржылоого 3 миллион 668 миң 606 даана окуу материалын чыгаруу пландалып, анын 2 миллион 455 миң 868и мектептерге жеткирилген, ал эми 1 миллиондон ашыгы жеткирүү баскычында турат. Жыйында 12 жылдык окутууга өтүү үчүн керектүү класстарга окуу китептерин этап-этабы менен басып чыгаруу каралды. Салыштырсак, 2025-жылы бул багытка 855 миллион сом жумшалып, мектептерге 4,7 миллиондон ашык китеп басылып берилген. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев окуучуларды китеп менен камсыздоо башкы орунда экенин айтып, мектеп китептеринин базарда сатылышы боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен катаал чара көрүлөрүн эскертти. Ошондой эле президенттин чечими менен керектүү каржы толук бөлүнөрү айтылды. Жыйын соңунда Агартуу министрлигине китептерди чыгарууну тездетип, мектептердин китеп менен камсыздалышын ай сайын текшерип туруу тапшырылды.Москванын өнөр жай тармагынын өкүлдөрү бизнес-миссиянын алкагында Бишкекке келип, Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке ишканаларынын жетекчилери менен жолукту. Анда товарларды жана жабдууларды алып келүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Москва өкмөтүнүн министри, Инвестициялык жана өнөр жай саясаты департаментинин жетекчиси Анатолий Гарбузов билдирди.Делегациянын катарындагы "Инженердик системалар лабораториясы" күнөсканаларга керектүү заманбап жабдууларды чыгарат. Алардын автоматташтырылган системалары түшүмдү бир нече эсе көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Компаниянын өкүлдөрү Кыргызстандын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы, дыйкан-фермердик чарбалар жана Veges менен "Евросервис групп" компаниялары менен сүйлөштү.Ал эми өлчөөчү жабдууларды чыгарган "Себа инжиниринг" компаниясы көчмө электр лабораторияларын жана трансформаторлорду текшере турган, электр кабель чубалгыларындагы бузулган жерлерди так аныктаган заманбап аппаратураларды сунуштайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103821532_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6974ff241cb558b518c9efa280990333.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио