00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргыз Агрохолдинг”: фудтрактарда сатылган эт, эттин баасын туруктуу кармоого таасир берип жатат
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Психолог: бизге жардам сурап кайрылган өспүрүмдөр көбөйдү
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Бекмамат Осмоновду эскерүү. Саясаттагы принцип, өмүрдөгү өрнөк, артында калган мурас
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
12 мин
Ачык кеп
Кыргыз Агрохолдинг”: фудтрактарда сатылган эт, эттин баасын туруктуу кармоого таасир берип жатат
21:14
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Баатыр энелердин кошумча пенсиясын 5 эсеге көбөйтүү сунушталдыБүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйыны башталатСадыр Жапаров: Кыргызстан криминалды бир суткада жок кылганын билдирди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн криминалдын таасирин жоюу жана коррупцияга каршы күрөш менен байланыштырды. Ал АКШдагы ишкер коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда 2020-жылга чейин уюшкан кылмыштуу топтордун өлкөдөгү таасири күчтүү болгонун айтып, бийликке келгенден кийин криминал "бир суткада жок кылынганын" билдирди. Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда коррупция дагы деле бар, бирок мурдагыдай деңгээлде эмес. Мамлекет башчысы чет элдик ишкерлерди Кыргызстанга келип, мыйзамды сактап, салык төлөп иштөөгө чакырды. Анын айтымында, бүгүнкү Кыргызстан 2020-жылга чейинки өлкөдөн айырмаланат жана таза иштеген ишкерлер үчүн бизнес жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар. Президент акыркы төрт жылда ИДПнын өсүшү 10 пайыздан төмөн болбогонун, быйыл экономика 11,1 пайызга өскөнүн айтты. Жапаров экономикалык өсүштүн негизги шарттары катары криминалдын жана коррупциянын азайышын, ошондой эле мамлекеттик каражаттын уурдалышына жол бербөөнү атады.
Кыргызстанда Баатыр эне ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөмдү 1000 сомдон 5000 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда. Камила Талиева баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам дообоору коомдук талкууга коюлду. Анын негиздемесинде азыркы 1000 сомдук төлөм 2011-жылдан бери өзгөртүлбөгөнү айтылат. Авторлор азык-түлүк, коммуналдык кызматтар жана дары-дармек кымбаттаганын эске алып, төлөмдү көбөйтүү зарыл экенин белгилешкен. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда Баатыр эне орденин алган 34 миңге жакын эне бар. Сунушталган өзгөртүү кабыл алынса, кошумча төлөм 2027-жылдын 1-январынан тартып 5000 сом болот. Долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жылына 1 млрд 662 млн сом талап кылынары көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда дүкөн, кафе, соода борбору же башка ишкана иштеткендерге өздөрүнүн имаратынын айланасын жана ага жанаша турган жерди таза кармоо милдетин жүктөө сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документ кабыл алынса, ишкер өзүнүн гана объектин эмес, анын тегерегиндеги аймакты да жашылдандырып, көрктөндүрүүгө тийиш болот. Аймактын так чек арасы жергиликтүү бийлик бекиткен эрежелер менен аныкталат. Ошондой эле кайсы жерге бак-дарак отургузуу, кантип көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо керектиги да ошол эрежелерде камтылат. Мыйзам долбоорунда бул талаптардын аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көзөмөлдөй турганы жазылган. Демилгечи мындай талап калктуу конуштардын тазалыгын сактоого жана жашылдандырууга жардам берет деп эсептейт. Негиздемеде ишембиликтер белгилүү бир мөөнөт менен гана чектелип калып жатканы белгиленген.
Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттары башталды. Жогорку деңгээлдеги иш-чарага 130га жакын президент жана премьер-министр катышары күтүлүүдө. Жума ичинде дүйнө лидерлери Украинадагы жана Жакынкы Чыгыштагы согуштарды, ошондой эле Ирандын айланасындагы кырдаалды талкуулап, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшөт. Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири — Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу. Ошондой эле Москва менен Вашингтон Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун жолугушуусун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап жатышат. Мындай жолугушуу өтсө, Украина маселеси кеңири талкууланышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0