https://sputnik.kg/20260922/1103837051.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Окуу китептери базарларга тарап кеткен окуя боюнча иш козголгону айтылдыЛавров: Батыш дүйнөлүк экономикадагы ордун сактоо үчүн ыплас ыкмаларга өтконун... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T19:00+0600
2026-09-22T19:00+0600
2026-09-22T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103836885_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bb4131b54363b3f89ce4682d98a022a3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Окуу китептери базарларга тарап кеткен окуя боюнча иш козголгону айтылдыЛавров: Батыш дүйнөлүк экономикадагы ордун сактоо үчүн ыплас ыкмаларга өтконун билдирдиКыргызстан айрым курулуш материалдарын импорттоого алты айга тыюу салат
Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айга тыюу салат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Чектөө курулуш блоктору жана кирпичтерге, плиткаларга, айнектин айрым түрлөрүнө жана электр кабелдерине тиешелүү. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алып келинген товарларга жана өлкө аркылуу транзит менен өткөн жүктөргө бул тыюу жайылтылбайт. Ошондой эле стратегиялык жана инвестициялык долбоорлор үчүн керектүү курулуш материалдарын алып келүүгө уруксат берилет
Окуу китептеринин "Дордой" баштаган базарларга тарап кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Ал акыркы эки жылда окуу китептерин басып чыгарууга 1,3 миллиард сом бөлүнгөнүнө карабай ата-энелер китеп сатып алууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, президент Садыр Жапаров бул максатка дагы 7 миллиард сом бөлгөнүн эске салды.Деген менен депутат кылмыш ишинин чоо-жайын ачыктаган жок. Эскерте кетсек, мектептерде окуу китептери таңсык болуп жаткан маалда мамлекеттик басмаканадан чыккан китептер базарларда эркин сатылып жатканы айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштаганын билдирген болчу.
Кыргызстандагы тоолуу аймактар үчүн "Бизнес-инкубатор жана акселератор" программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды. Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 15-октябрында аяктайт. Тоолор өнөктөштүгүнүн катчылыгы Кыргызстандагы ФАО, КР президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана министрлер кабинети менен биргеликте, Италия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен "Кыргызстандын тоолуу аймактары үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор" (БИА) программасына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын жарыялайт. Программа түздөн-түз Кыргызстандын тоолуу аймактарында ишке ашырылып жаткан бизнести жана демилгелерди колдоого, ошондой эле тоо экономикасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө багытталган.
Батыш дүйнөлүк экономикадагы позициясын ыплас ыкмалар менен сактап калууга жандалбастап жатат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров "Фейктер тууралуу диалог" форумунда билдирди. Анын айтымында, батыш мамлекеттери алдыңкы жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен адилеттүү атаандашуудан кооптонуп турат. "Мындай учурда ыплас ыкмалар, санкция, тарифтер, куру айыптоолор күчөйт", — деп түшүндүрдү Лавров. Министр буга чейин Россия Европаны санкцияларды алдыртууга аракет кылбай турганын билдирген. Анын айтымында, Москва өнөктөштөрү менен өз кызыкчылыгынан туруп мамиле курат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 18 тыйын юань 13 сом 5 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ23-сентябрга караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Шаршемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +26...+31, Жалал-Абад, Ош облустарында +27...+32, Талас чөлкөмүндө +23...+28, Ысык-Көл регионунда +21...+26, Нарын аймагында +20...+25 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ошто +29...+31, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Окуу китептери базарларга тарап кеткен окуя боюнча иш козголгону айтылдыЛавров: Батыш дүйнөлүк экономикадагы ордун сактоо үчүн ыплас ыкмаларга өтконун билдирдиКыргызстан айрым курулуш материалдарын импорттоого алты айга тыюу салат Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айга тыюу салат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Чектөө курулуш блоктору жана кирпичтерге, плиткаларга, айнектин айрым түрлөрүнө жана электр кабелдерине тиешелүү. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алып келинген товарларга жана өлкө аркылуу транзит менен өткөн жүктөргө бул тыюу жайылтылбайт. Ошондой эле стратегиялык жана инвестициялык долбоорлор үчүн керектүү курулуш материалдарын алып келүүгө уруксат берилет Окуу китептеринин "Дордой" баштаган базарларга тарап кетиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Ал акыркы эки жылда окуу китептерин басып чыгарууга 1,3 миллиард сом бөлүнгөнүнө карабай ата-энелер китеп сатып алууга аргасыз болуп жатканын белгилеп, президент Садыр Жапаров бул максатка дагы 7 миллиард сом бөлгөнүн эске салды.Деген менен депутат кылмыш ишинин чоо-жайын ачыктаган жок. Эскерте кетсек, мектептерде окуу китептери таңсык болуп жаткан маалда мамлекеттик басмаканадан чыккан китептер базарларда эркин сатылып жатканы айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев окуу китептеринин базарда сатылышы боюнча укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштаганын билдирген болчу. Кыргызстандагы тоолуу аймактар үчүн "Бизнес-инкубатор жана акселератор" программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталды. Өтүнмөлөрдү кабыл алуунун акыркы мөөнөтү 2026-жылдын 15-октябрында аяктайт. Тоолор өнөктөштүгүнүн катчылыгы Кыргызстандагы ФАО, КР президентинин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү жана министрлер кабинети менен биргеликте, Италия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен "Кыргызстандын тоолуу аймактары үчүн Бизнес-инкубатор жана акселератор" (БИА) программасына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын жарыялайт. Программа түздөн-түз Кыргызстандын тоолуу аймактарында ишке ашырылып жаткан бизнести жана демилгелерди колдоого, ошондой эле тоо экономикасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө багытталган. Батыш дүйнөлүк экономикадагы позициясын ыплас ыкмалар менен сактап калууга жандалбастап жатат. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров "Фейктер тууралуу диалог" форумунда билдирди. Анын айтымында, батыш мамлекеттери алдыңкы жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен адилеттүү атаандашуудан кооптонуп турат. "Мындай учурда ыплас ыкмалар, санкция, тарифтер, куру айыптоолор күчөйт", — деп түшүндүрдү Лавров. Министр буга чейин Россия Европаны санкцияларды алдыртууга аракет кылбай турганын билдирген. Анын айтымында, Москва өнөктөштөрү менен өз кызыкчылыгынан туруп мамиле курат. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 18 тыйын юань 13 сом 5 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 20 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ23-сентябрга караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Шаршемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +26...+31, Жалал-Абад, Ош облустарында +27...+32, Талас чөлкөмүндө +23...+28, Ысык-Көл регионунда +21...+26, Нарын аймагында +20...+25 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +27...+29, Ошто +29...+31, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103836885_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_51a12b97f74817ce1147ef783e3b7d2d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио