https://sputnik.kg/20260922/1103818084.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Студенттерге кийинки жылдан тарта айына 2,5 миң сомдон төлөп, учак билеттерин алып берүү сунушталуудаБул тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T08:59+0600
2026-09-22T08:59+0600
2026-09-22T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103817918_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_94856b55d131949a50f450766f2a8fd8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Студенттерге кийинки жылдан тарта айына 2,5 миң сомдон төлөп, учак билеттерин алып берүү сунушталуудаБул тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, өлкөнүн түндүк облустарынан түштүк аймакка же тескеричинче түштүк аймактардан түндүккө келип окуган студенттерге жылына 18 миң сом грант берүү сунушталууда. Бул каражат өлкө ичиндеги төрт авиакаттамга жумшалат — башкача айтканда, ар бир билетке 4,5 миң сомдон бөлүнөт Ошондой эле өкмөттүн демилгесинде 2027–2031-жылдары 24 720 орунга эсептелген жатаканаларды куруу жана реконструкциялоо зарыл экени айтылган. Белгилей кетсек бийлик аймактар аралык студенттик мобилдүүлүк программасын ишке ашырууда.
ЖК депутаты тыгын көйгөйүн чечүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштады Эл өкүлү Уланбек Жаанбаевдин айтымында, борбор калаада үйлөр жамгырдан кийинки козу карындай эле көбөйүп жатат, бирок унаа токтотуучу жайлар жетишсиз. “Реновациянын алкагында эки кабат үйлөрдүн ордуна 15-16 кабаттуу үйлөр пайда болууда. Балким, шаарда көп кабат үй салууга мораторий киргизип, курулуш иштерин шаардын сыртына чыгаруу керекпи? Ошто да ушундай эле абал, Бишкекте андан да начар. Эгер тынымсыз кура берсек, бул көйгөй чечилбейт. Же метро куруу керекпи?” — деген депутат.
Кыргызстанда тигилген аялдардын блузкаларына чет өлкөлөрдө суроо-талап өсүп жатат. Улуттук статистика комитети билдиргендей, быйыл январь-июль айларында өлкөдөн 1 миллион 368 миң даана блузка экспорттолгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын январь-июль айларында экспорттолгон блузкалардын көлөмү 900 миң даанага да жеткен эмес. Кардар өлкөлөрдүн сап башында ЕАЭБ мүчөлөрү болгон Россия менен Казакстан турат. Бул мамлекеттер товардын 50 пайыздан көбүн, тагыраагы, 1 миллион 254 миң даана сатып алган. Ошондой эле кыз-келиндердин бул кийими Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытай, Грузия, БАЭ, АКШ, Германия, Польша, Канада, Чехия жана Португалияга экспорттолгон.
Ишемби күнү арашан асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер катышып, тажрыйба алмашышты. Фестивалда министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу арашан койлорун экспортко чыгаруу, аларга асыл тукум статусун алуу жана фермерлерге жылына 3 пайыз үстөк менен жеңилдетилген насыя берүү иштерине басым жасаларын белгиледи.
Студенттерге кийинки жылдан тарта айына 2,5 миң сомдон төлөп, учак билеттерин алып берүү сунушталуудаБул тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга илинди. Ага ылайык, өлкөнүн түндүк облустарынан түштүк аймакка же тескеричинче түштүк аймактардан түндүккө келип окуган студенттерге жылына 18 миң сом грант берүү сунушталууда. Бул каражат өлкө ичиндеги төрт авиакаттамга жумшалат — башкача айтканда, ар бир билетке 4,5 миң сомдон бөлүнөт Ошондой эле өкмөттүн демилгесинде 2027–2031-жылдары 24 720 орунга эсептелген жатаканаларды куруу жана реконструкциялоо зарыл экени айтылган. Белгилей кетсек бийлик аймактар аралык студенттик мобилдүүлүк программасын ишке ашырууда.ЖК депутаты тыгын көйгөйүн чечүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү курууга мораторий киргизүүнү сунуштады Эл өкүлү Уланбек Жаанбаевдин айтымында, борбор калаада үйлөр жамгырдан кийинки козу карындай эле көбөйүп жатат, бирок унаа токтотуучу жайлар жетишсиз. “Реновациянын алкагында эки кабат үйлөрдүн ордуна 15-16 кабаттуу үйлөр пайда болууда. Балким, шаарда көп кабат үй салууга мораторий киргизип, курулуш иштерин шаардын сыртына чыгаруу керекпи? Ошто да ушундай эле абал, Бишкекте андан да начар. Эгер тынымсыз кура берсек, бул көйгөй чечилбейт. Же метро куруу керекпи?” — деген депутат.Кыргызстанда тигилген аялдардын блузкаларына чет өлкөлөрдө суроо-талап өсүп жатат. Улуттук статистика комитети билдиргендей, быйыл январь-июль айларында өлкөдөн 1 миллион 368 миң даана блузка экспорттолгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла өскөн. Тактап айтканда, 2025-жылдын январь-июль айларында экспорттолгон блузкалардын көлөмү 900 миң даанага да жеткен эмес. Кардар өлкөлөрдүн сап башында ЕАЭБ мүчөлөрү болгон Россия менен Казакстан турат. Бул мамлекеттер товардын 50 пайыздан көбүн, тагыраагы, 1 миллион 254 миң даана сатып алган. Ошондой эле кыз-келиндердин бул кийими Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытай, Грузия, БАЭ, АКШ, Германия, Польша, Канада, Чехия жана Португалияга экспорттолгон. Ишемби күнү арашан асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер катышып, тажрыйба алмашышты. Фестивалда министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу арашан койлорун экспортко чыгаруу, аларга асыл тукум статусун алуу жана фермерлерге жылына 3 пайыз үстөк менен жеңилдетилген насыя берүү иштерине басым жасаларын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103817918_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f90096323fdb81427d24b0e0074e9a32.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио