https://sputnik.kg/20260922/1103829318.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айга тыюу салат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 26-сентябрдан... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T15:00+0600
2026-09-22T15:00+0600
2026-09-22T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103829152_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8cf292d95b34aff7af75f3a4bc56d5b6.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айга тыюу салат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Чектөө курулуш блоктору жана кирпичтерге, плиткаларга, айнектин айрым түрлөрүнө жана электр кабелдерине тиешелүү. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алып келинген товарларга жана өлкө аркылуу транзит менен өткөн жүктөргө бул тыюу жайылтылбайт. Ошондой эле стратегиялык жана инвестициялык долбоорлор үчүн керектүү курулуш материалдарын алып келүүгө уруксат берилет.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну эмес, мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу маселени көтөргөнүн айтты. Министр мындай демилгени көтөрмөк түгүл, андай кылууга мүмкүн эмес экенин белгилеген. "Бул маселени көтөргөн эмесмин, менден сурашкан. Бизде социалдык тармактарга тыюу салууга ыйгарым укук жок. Анткени социалдык тармактардын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда эмес, бул кыргызстандык продукт эмес. Мен болгону мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу айткам", — деди Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына. Министрдин айтымында, смартфон колдонууга чектөө буга чейин эле киргизилген. Мектептердин кире беришине балдар телефонун калтырып кетүү үчүн кутулар коюлган. "Биз социалдык тармактарга тыюу сала албайбыз. Ата-энелер балдарын көзөмөлдөшү керек. Алар баласы эмне менен алектенип жатканын билип турушу зарыл", — деп кошумчалаган Кендирбаева.
Улут аралык кастыкты козутууга айыпталган блогер Айтилек Орозбеков акталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Жаныш Бараков билдирди. Анын айтымында, Свердлов райондук соту блогердин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан. Орозбеков улут аралык кастыкты козутууга шектелип, быйыл 6-майда кармалган болчу. Милиция блогер 50дөн ашык мекемени (кафе, коомдук тамактануу жайлары, соода-оюн-зоок борборлору жана башкалар) өзү билемдик менен “текшерип”, бир тараптуу тыянактарды чыгарган деп билдирген эле.
АКШнын ЖМКлары Трампка бойкот жарыялоодо ▪️Трамп бир катар ЖМКларды “жалган маалымат таратууга” айыптап, аларга Ак үйдө иштөөгө тыюу салды ▪️CNN, MS NOW жана Politico басылмаларынын журналисттерине Ак үйдүн аймагына кирүүгө тыюу салынды. Ошондой эле алардын өткөрмө документтери жараксыз деп таанылды. Мындан кийин алар Трампты сотко беришти ▪️Ак үйдүн кабарчылар ассоциациясы жана бир катар телеканалдар администрацияны сөз эркиндигин бузууга айыптап, Трамп катышкан иш-чараларды чагылдыруудан баш тартарын билдиришти. Алардын арасында Трампты колдогон Fox News, ошондой эле ABC, CBS жана NBC телеканалдары бар ▪️Бойкотко New York Times жана Washington Post гезиттери да кошулду. Алар кесиптештерине тилектештик билдирип, Трамп катышкан расмий кадрларды жана материалдарды жарыялоодон баш тартышты ▪️Бул окуялардан кийин Ак үй TRUMP TV каналын ишке киргизүүгө даярданууда. Администрациянын расмий YouTube каналында “TRUMP TV: The Essentials Station” аттуу түз эфир пландалганын көрүүгө болот
Кыргызстан ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө алты айга тыюу салат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 26-сентябрдан тарта күчүнө кирет. Чектөө курулуш блоктору жана кирпичтерге, плиткаларга, айнектин айрым түрлөрүнө жана электр кабелдерине тиешелүү. Ал эми ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстанга алып келинген товарларга жана өлкө аркылуу транзит менен өткөн жүктөргө бул тыюу жайылтылбайт. Ошондой эле стратегиялык жана инвестициялык долбоорлор үчүн керектүү курулуш материалдарын алып келүүгө уруксат берилет. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну эмес, мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу маселени көтөргөнүн айтты. Министр мындай демилгени көтөрмөк түгүл, андай кылууга мүмкүн эмес экенин белгилеген. "Бул маселени көтөргөн эмесмин, менден сурашкан. Бизде социалдык тармактарга тыюу салууга ыйгарым укук жок. Анткени социалдык тармактардын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда эмес, бул кыргызстандык продукт эмес. Мен болгону мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу айткам", — деди Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына. Министрдин айтымында, смартфон колдонууга чектөө буга чейин эле киргизилген. Мектептердин кире беришине балдар телефонун калтырып кетүү үчүн кутулар коюлган. "Биз социалдык тармактарга тыюу сала албайбыз. Ата-энелер балдарын көзөмөлдөшү керек. Алар баласы эмне менен алектенип жатканын билип турушу зарыл", — деп кошумчалаган Кендирбаева. Улут аралык кастыкты козутууга айыпталган блогер Айтилек Орозбеков акталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жактоочусу Жаныш Бараков билдирди. Анын айтымында, Свердлов райондук соту блогердин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапкан. Орозбеков улут аралык кастыкты козутууга шектелип, быйыл 6-майда кармалган болчу. Милиция блогер 50дөн ашык мекемени (кафе, коомдук тамактануу жайлары, соода-оюн-зоок борборлору жана башкалар) өзү билемдик менен “текшерип”, бир тараптуу тыянактарды чыгарган деп билдирген эле.АКШнын ЖМКлары Трампка бойкот жарыялоодо ▪️Трамп бир катар ЖМКларды “жалган маалымат таратууга” айыптап, аларга Ак үйдө иштөөгө тыюу салды ▪️CNN, MS NOW жана Politico басылмаларынын журналисттерине Ак үйдүн аймагына кирүүгө тыюу салынды. Ошондой эле алардын өткөрмө документтери жараксыз деп таанылды. Мындан кийин алар Трампты сотко беришти ▪️Ак үйдүн кабарчылар ассоциациясы жана бир катар телеканалдар администрацияны сөз эркиндигин бузууга айыптап, Трамп катышкан иш-чараларды чагылдыруудан баш тартарын билдиришти. Алардын арасында Трампты колдогон Fox News, ошондой эле ABC, CBS жана NBC телеканалдары бар ▪️Бойкотко New York Times жана Washington Post гезиттери да кошулду. Алар кесиптештерине тилектештик билдирип, Трамп катышкан расмий кадрларды жана материалдарды жарыялоодон баш тартышты ▪️Бул окуялардан кийин Ак үй TRUMP TV каналын ишке киргизүүгө даярданууда. Администрациянын расмий YouTube каналында “TRUMP TV: The Essentials Station” аттуу түз эфир пландалганын көрүүгө болот
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103829152_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_31d6ec9b65169baad4da0595574c5975.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио