https://sputnik.kg/20260922/1103822089.html
Баланын табити начарласа, эмнеге көңүл буруу керек?

Sputnik Кыргызстан
Балдардын туура тамактануусу тууралуу "Спутниктен сүйлөйбүз" уктуруусунда Бишкек шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун эне жана баланын ден соолугун... 22.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-22T11:04+0600
2026-09-22T11:04+0600
2026-09-22T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103821806_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_72eb11b2d3f9830bf65edd370be2cfcd.jpg
Баланын табити начарласа, эмнеге көңүл буруу керек?
Sputnik Кыргызстан
Балдардын туура тамактануусу тууралуу "Спутниктен сүйлөйбүз" уктуруусунда Бишкек шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басары Диляра Искакова айтып берди.
Адистин айтымында, күз-кыш мезгилинде балдардын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени бул учурда күнүмдүк рациондогу жаңы жашылча-жемиштердин түрү азайып, айрым балдар эт, жашылча жана мөмө-жемиштерден баш тартып, тамакты тандап жей баштайт. Мунун натыйжасында организмге керектүү витаминдерди жана минералдарды жетиштүү өлчөмдө алуу көйгөйү жаралышы мүмкүн."Өнөкөт оорулардын баары туура эмес тамактанууга байланыштуу. Туура тамактанууну эне кош бойлуу болгон учурдан тартып эле кармануусу керек. Азыр жылдан жылга балдардын табити начарлап бара жатат. Айрыкча күнүмдүк рациондогу тамак-аштан, анын ичинде эттен баш тарткан балдар көбөйүүдө", — деди Искакова.Анын белгилешинче, баланын табитинин начарлашынын негизги себептеринин бири — аз кандуулук. Адис Кыргызстанда мындан эки жыл мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянуу менен балдар арасында кан аздык кеңири тараганын белгиледи.
"Айрыкча Бишкек шаарында аз кандуулук олуттуу көйгөй болуп саналат. Ал айрым учурда баланын тамактануу адаттарынын өзгөрүшүнө алып келет. Кээ бир балдар топурак, айрымдары самын жеген учурлар да кездешет. Бул баланын аз кандуулугунун белгилеринин бири болушу мүмкүн", — деди ал.Ошондой эле адис баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тамактануусуна көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, туура жана өз убагында уюштурулган тамактануу баланын ден соолугун чыңдап, бир катар оорулардын алдын алууга жардам берет.Мындан тышкары, адис ата-энелерди дарыгердин кеңешисиз балдарына витаминдерди, дары-дармектерди, биологиялык активдүү кошулмаларды жана ар кандай сиропторду берүүдөн алыс болууга чакырды."Ата-энелер баланын иммунитетин же канын жогорулатуу максатында дарыгердин көзөмөлүсүз ар кандай витаминдерди, дарыларды, биологиялык активдүү кошулмаларды жана сиропторду өз алдынча бербеши керек. Мындай каражаттар кошумча зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан өз алдынча дарылануудан жана дары-дармектерди дарыгердин кеңешисиз колдонуудан алыс болууну сунуштайм", — деди адис.Искакова ошондой эле балдардын пайдалуу тамак-аштын ордуна тез даярдалуучу жана зыяндуу азыктарды көп колдонуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары балдар арасында ашыкча салмак жана кант диабети көйгөйлөрү да көбөйүп жатканын кошумчалады.
Балдардын туура тамактануусу тууралуу "Спутниктен сүйлөйбүз" уктуруусунда Бишкек шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басары Диляра Искакова айтып берди.Адистин айтымында, күз-кыш мезгилинде балдардын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени бул учурда күнүмдүк рациондогу жаңы жашылча-жемиштердин түрү азайып, айрым балдар эт, жашылча жана мөмө-жемиштерден баш тартып, тамакты тандап жей баштайт. Мунун натыйжасында организмге керектүү витаминдерди жана минералдарды жетиштүү өлчөмдө алуу көйгөйү жаралышы мүмкүн."Өнөкөт оорулардын баары туура эмес тамактанууга байланыштуу. Туура тамактанууну эне кош бойлуу болгон учурдан тартып эле кармануусу керек. Азыр жылдан жылга балдардын табити начарлап бара жатат. Айрыкча күнүмдүк рациондогу тамак-аштан, анын ичинде эттен баш тарткан балдар көбөйүүдө", — деди Искакова.Анын белгилешинче, баланын табитинин начарлашынын негизги себептеринин бири — аз кандуулук. Адис Кыргызстанда мындан эки жыл мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянуу менен балдар арасында кан аздык кеңири тараганын белгиледи."Айрыкча Бишкек шаарында аз кандуулук олуттуу көйгөй болуп саналат. Ал айрым учурда баланын тамактануу адаттарынын өзгөрүшүнө алып келет. Кээ бир балдар топурак, айрымдары самын жеген учурлар да кездешет. Бул баланын аз кандуулугунун белгилеринин бири болушу мүмкүн", — деди ал.Ошондой эле адис баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тамактануусуна көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, туура жана өз убагында уюштурулган тамактануу баланын ден соолугун чыңдап, бир катар оорулардын алдын алууга жардам берет.Мындан тышкары, адис ата-энелерди дарыгердин кеңешисиз балдарына витаминдерди, дары-дармектерди, биологиялык активдүү кошулмаларды жана ар кандай сиропторду берүүдөн алыс болууга чакырды."Ата-энелер баланын иммунитетин же канын жогорулатуу максатында дарыгердин көзөмөлүсүз ар кандай витаминдерди, дарыларды, биологиялык активдүү кошулмаларды жана сиропторду өз алдынча бербеши керек. Мындай каражаттар кошумча зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан өз алдынча дарылануудан жана дары-дармектерди дарыгердин кеңешисиз колдонуудан алыс болууну сунуштайм", — деди адис.Искакова ошондой эле балдардын пайдалуу тамак-аштын ордуна тез даярдалуучу жана зыяндуу азыктарды көп колдонуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары балдар арасында ашыкча салмак жана кант диабети көйгөйлөрү да көбөйүп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/16/1103821806_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8ef4232c4a6070139f286fc88c50a56e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Баланын табити начарласа, эмнеге көңүл буруу керек?
11:04 22.09.2026 (Жаңыртылды: 11:16 22.09.2026) Коноктор
Диляра Искакова, Бишкек шаарындагы №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басары