https://sputnik.kg/20260904/avtomektepter-mamlekettik-reestrge-kiret-1103443441.html
Кыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилиши мүмкүн
Кыргызстанда убактылуу айдоочулук күбөлүк киргизилиши мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Президенттин иш башкармалыгы коомдук... 04.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-04T10:30+0600
2026-09-04T10:30+0600
2026-09-04T10:30+0600
кыргызстан
айдоочулук күбөлүк
мыйзам долбоору
коомдук талкуу
автомектеп
https://sputnik.kg/img/07e6/08/06/1066579137_0:0:1081:608_1920x0_80_0_0_0135b9cfa7ae3af569ca19a08255ce96.jpg
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Президенттин иш башкармалыгы коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоору кабыл алынса, автомектептердин ишинен тартып айдоочулук экзамендерге чейин бир катар жаңылыктар киргизилет. Окурман үчүн маанилүү болгон негизги өзгөрүүлөр: Убактылуу айдоочулук күбөлүк пайда болушу мүмкүн. Айдоочулук укук берүүнүн баскычтуу системасын киргизүү сунушталууда. Анын алкагында айдоочуларга убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилиши мүмкүн, документ Кыргызстандын аймагында гана колдонулат; Күбөлүктү берүү, колдонуу жана жокко чыгаруу тартибин министрлер кабинети аныктайт. Башкача айтканда, убактылуу күбөлүктүн канча убакытка бериле турганы, аны алган айдоочуларга кандай талаптар коюлары жана кандай чектөөлөр болору азырынча так эмес; Автомектептер лицензия албайт, мамлекеттик реестрге кирет. Айдоочуларды даярдоо үчүн автомектеп сөзсүз түрдө реестрге киргизилиши керек болот. Мындан тышкары, анын кадрларына, окуу программаларына жана материалдык-техникалык базасына талаптар коюлат; Айдоочулук экзамен толугу менен видеого жазылышы мүмкүн. Экзамен учурунда унаага видеокаттагыч орнотулуп, экзамен алган кызматкер боди-камера тагынат. Ошондой эле башка фото жана видеокаттоо каражаттары колдонулушу мүмкүн. Бул экзамендин кандай өткөнүн кийин кайра текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет; Автомектепке барганың да санариптик эсепке алынат. Окуучунун сабакка катышуусу, окуу программасын өздөштүрүүсү жана экзаменге кирүүгө даярдыгы автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу катталат. Демек, окуучунун автомектепте чындап окуганын көзөмөлдөө күчөтүлөт; Өзгөртүлгөн унааларды каттоодон өткөрүүдө текшерүү күчөйт. Унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизилсе же ал колго чогултулса, айрым учурларда анын коопсуздугун атайын текшерүүдөн өткөрүү талап кылынат. Мындай транспорт каражаты белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берерин аккредитацияланган мамлекеттик сыноо лабораториялары аныктайт; Электромобилдердин жашыл номерлери да өзгөрөт. Электромобилдер үчүн атайын жашыл мамлекеттик номерлердин үлгүсүн жана техникалык мүнөздөмөлөрүн бекитүү тартиби такталат. Мындай номерлер Кыргызстанда катталган жарандарга жана юридикалык жактарга таандык электромобилдерге берилет. Чет өлкөлүктөр, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдуктар жана эл аралык уюмдар үчүн каралган эмес.
https://sputnik.kg/20260401/aydoochuluk-kuboluk-aluu-kancha-turat-1100547327.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/06/1066579137_0:0:1081:810_1920x0_80_0_0_56c57250975052ab4e007ff841844985.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, айдоочулук күбөлүк, мыйзам долбоору, коомдук талкуу, автомектеп
кыргызстан, айдоочулук күбөлүк, мыйзам долбоору, коомдук талкуу, автомектеп
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу жана айдоочуларды даярдоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Президенттин иш башкармалыгы коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоору кабыл алынса, автомектептердин ишинен тартып айдоочулук экзамендерге чейин бир катар жаңылыктар киргизилет.
Окурман үчүн маанилүү болгон негизги өзгөрүүлөр:
Убактылуу айдоочулук күбөлүк пайда болушу мүмкүн. Айдоочулук укук берүүнүн баскычтуу системасын киргизүү сунушталууда. Анын алкагында айдоочуларга убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк берилиши мүмкүн, документ Кыргызстандын аймагында гана колдонулат;
Күбөлүктү берүү, колдонуу жана жокко чыгаруу тартибин министрлер кабинети аныктайт. Башкача айтканда, убактылуу күбөлүктүн канча убакытка бериле турганы, аны алган айдоочуларга кандай талаптар коюлары жана кандай чектөөлөр болору азырынча так эмес;
Автомектептер лицензия албайт, мамлекеттик реестрге кирет. Айдоочуларды даярдоо үчүн автомектеп сөзсүз түрдө реестрге киргизилиши керек болот. Мындан тышкары, анын кадрларына, окуу программаларына жана материалдык-техникалык базасына талаптар коюлат;
Айдоочулук экзамен толугу менен видеого жазылышы мүмкүн. Экзамен учурунда унаага видеокаттагыч орнотулуп, экзамен алган кызматкер боди-камера тагынат. Ошондой эле башка фото жана видеокаттоо каражаттары колдонулушу мүмкүн. Бул экзамендин кандай өткөнүн кийин кайра текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет;
Автомектепке барганың да санариптик эсепке алынат. Окуучунун сабакка катышуусу, окуу программасын өздөштүрүүсү жана экзаменге кирүүгө даярдыгы автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу катталат. Демек, окуучунун автомектепте чындап окуганын көзөмөлдөө күчөтүлөт;
Өзгөртүлгөн унааларды каттоодон өткөрүүдө текшерүү күчөйт. Унаанын конструкциясына өзгөртүү киргизилсе же ал колго чогултулса, айрым учурларда анын коопсуздугун атайын текшерүүдөн өткөрүү талап кылынат. Мындай транспорт каражаты белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берерин аккредитацияланган мамлекеттик сыноо лабораториялары аныктайт;
Электромобилдердин жашыл номерлери да өзгөрөт. Электромобилдер үчүн атайын жашыл мамлекеттик номерлердин үлгүсүн жана техникалык мүнөздөмөлөрүн бекитүү тартиби такталат. Мындай номерлер Кыргызстанда катталган жарандарга жана юридикалык жактарга таандык электромобилдерге берилет. Чет өлкөлүктөр, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, консулдуктар жана эл аралык уюмдар үчүн каралган эмес.