https://sputnik.kg/20260728/bresttin-boshotulushun-bayandagan-video-1102661715.html
Ар бир жоокер өмүрүн аяган эмес. Бресттин бошотулушун баяндаган видео
Ар бир жоокер өмүрүн аяган эмес. Бресттин бошотулушун баяндаган видео
Sputnik Кыргызстан
Брест шаары менен чебин советтик жоокерлердин баскынчылардан кантип бошоткону — кезектеги эрдиктин айкын белгиси. Ал каармандык Улуу Ата Мекендик согуштун... 28.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-28T20:33+0600
2026-07-28T20:33+0600
2026-07-28T20:33+0600
ссср
улуу ата мекендик согуш
брест
советтик аскерлер
каармандык
немецтер
баскынчы
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102661821_0:660:2048:1812_1920x0_80_0_0_cefe7f65e7a4d7ef27b9c22d9dfe6932.jpg
Мындан 82 жыл мурда советтик аскерлер Улуу Ата Мекендик согушта Брест шаары менен чебин катуу салгылаштан кийин немецтик нацисттердин колунан бошотот. 1941-жылы калааны жана анын тегерек-четин 9000 жоокер ач-ток калып, суу, дары-дармексиз болсо да каармандык менен 20 миңдей немец жоокерлеринен коргогон. Алар коргонуп да, фашисттерге каршы чабуулга өтүп да, айтор, душманга чепти басып алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Анын акыркы коргоочусу майор Петр Гаврилов 23-июлда туткунга алынган. 3 жылдан кийин, тагыраагы, 1944-жылы окоп, тикенек зымдар жана артиллерия менен бекемделген Бресттеги Германиянын коргонуусун Кызыл армия беш күндүн ичинде талкалаган. Чепти колдон чыгарып жибербеш үчүн нацисттер ага эки армияны алып келип, ал эми Гитлер "эмне кылсаңар да кармап турасыңар" деген буйрук берген. Немецтер бир нече ирет контрчабуулга өткөнгө аракет кылып, бирок 28-июлда бир кезде басып алган шаарды таштап качууга аргасыз болгон. Ал эми бир жумадан соң баскынчылар Беларустун аймагынан биротоло куулган.
ссср
брест
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102661821_0:262:2048:1798_1920x0_80_0_0_9b1f51b70fe59ef2f2d122c1e70086da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, улуу ата мекендик согуш, брест, советтик аскерлер, каармандык, немецтер, баскынчы, видео, видео
ссср, улуу ата мекендик согуш, брест, советтик аскерлер, каармандык, немецтер, баскынчы, видео, видео
Ар бир жоокер өмүрүн аяган эмес. Бресттин бошотулушун баяндаган видео
Брест шаары менен чебин советтик жоокерлердин баскынчылардан кантип бошоткону — кезектеги эрдиктин айкын белгиси. Ал каармандык Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында унутулгус болуп жазылып калды.
Мындан 82 жыл мурда советтик аскерлер Улуу Ата Мекендик согушта Брест шаары менен чебин катуу салгылаштан кийин немецтик нацисттердин колунан бошотот.
1941-жылы калааны жана анын тегерек-четин 9000 жоокер ач-ток калып, суу, дары-дармексиз болсо да каармандык менен 20 миңдей немец жоокерлеринен коргогон. Алар коргонуп да, фашисттерге каршы чабуулга өтүп да, айтор, душманга чепти басып алууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Анын акыркы коргоочусу майор Петр Гаврилов 23-июлда туткунга алынган.
3 жылдан кийин, тагыраагы, 1944-жылы окоп, тикенек зымдар жана артиллерия менен бекемделген Бресттеги Германиянын коргонуусун Кызыл армия беш күндүн ичинде талкалаган.
Чепти колдон чыгарып жибербеш үчүн нацисттер ага эки армияны алып келип, ал эми Гитлер "эмне кылсаңар да кармап турасыңар" деген буйрук берген.
Немецтер бир нече ирет контрчабуулга өткөнгө аракет кылып, бирок 28-июлда бир кезде басып алган шаарды таштап качууга аргасыз болгон. Ал эми бир жумадан соң баскынчылар Беларустун аймагынан биротоло куулган.