00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
13:58
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Батышта Украинанын ЕБге кириши уюмдун кадырына доо кетирери айтылды

© AP Photo / Geert Vanden WijngaertУкраина менен ЕБдин желектери. Архив
Украина менен ЕБдин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Украинаны Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алуу боюнча башталган сүйлөшүүлөр уюмдун кеңейиши тигил же бул өлкөнүн сиңирген эмгегине эмес, тек гана геосаясий кызыкчылыктарга негизделип жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Венгриядан шайланган Европарламенттин депутаты Кинга Гал Х социалдык тармагына жазды.

“Бүгүн Евробиримдик Украинаны тездетилген тартипте мүчөлүккө кабыл алуу багытында дагы бир кадам таштап, сүйлөшүүлөрдүн алгачкы баскычын ачты. Бул кадам Евробиримдиктин кеңейүү процесси өлкөлөрдүн чыныгы жетишкендиктерине эмес, барган сайын геосаясий кызыкчылыктарга гана таянып чечим кабыл алып жатканын дагы бир жолу далилдеди. Башка талапкер өлкөлөр жылдап эң катаал шарттарды аткарууга мажбур болуп жатса, Украина даяр эмес экенине карабай, ага "жашыл чырак" жагылып жатат”, — деп жазды ал.

Кинга Галдын пикиринде, Украинанын Евробиримдикке кириши уюмга мүчө мамлекеттер үчүн олуттуу коркунучтарды жаратып, бирикменин аброюна шек келтирет.
“Бул кадамдын тобокелчилиги тууралуу дээрлик эч кандай талкуу жүргөн жок. Саясий кызыкчылыктардан улам тездетилип жаткан бул кеңейүү процессинин айынан европалык фермерлер, ынтымак фондунан бөлүнүүчү каражат жана жалпы Евробиримдиктин бюджети зыян тартып, курмандыкка айланышы мүмкүн. Негизи кеңейүү процесси өлкөнүн реалдуу жыйынтыктарына, даярдыгына жана баарына бирдей мамиле кылуу принцибине негизделиши керек. Бүгүн биз мындай мамилени көрбөй жатабыз. Бул жагдай Евробиримдиктин кеңейүү саясатына болгон ишенимди кетирүү коркунучун жаратат”, — деп баса белгиледи евродепутат.
Евробиримдик Украина менен Молдовага талапкер өлкө макамын 2022-жылдын июнь айында берген. Бирок уюмдун өзүндө бул кадам негизинен Киев менен Кишиневду Москвага каршы турууда колдоо иретинде жасалган символикалык гана чечим болгонун моюнга алышкан. Ал эми 2024-жылдын июнь айында Люксембургда бул эки өлкө менен Евробиримдиктин ортосунда алгачкы өкмөттөр аралык конференциялар өтүп, муну менен алардын уюмга кириши боюнча расмий сүйлөшүү процессине старт берилген.
Деген менен бул кадамдар аталган өлкөлөрдүн уюмга милдеттүү түрдө кабыл алынарын билдирбейт жана Брюсселге (Евробиримдикке) эч кандай милдеттенме жүктөбөйт. Тек гана уюмга мүчө болуунун узак жолу башталганынан кабар берет. Алсак, Түркия 1999-жылдан бери, Түндүк Македония 2005-жылдан, Черногория 2010-жылдан, ал эми Сербия 2012-жылдан бери талапкер макамында турат. Евробиримдикке эң акыркы болуп Хорватия кирген, аракет 2013-жылы ишке ашып, уюмга кошулуу процесси туура он жылга созулган.
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2026
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын чамасы чак эле. Вэнс Украина боюнча күтүүсүз билдирүү жасады
Жаңылыктар түрмөгү
0