00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:04
56 мин
Жаңылыктар
09:00
2 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Ежедневные новости
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Ежедневные новости
13:01
2 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Ежедневные новости
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Ежедневные новости
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
19:00
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чолпон сымал жанып, жалп өчкөн. Бүбүсара Бейшеналиеваны эскерүү

© Фото / Александр ФедоровБүбүсара Бейшеналиева. Архив
Бүбүсара Бейшеналиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2026
Жазылуу
Балет – музыканын коштоосунда, татаал кыймыл-аракет, гармония менен образ жаратуу, тема-идеяны бий аркылуу айтып берүү. Бул өнөр кыргыздарга XX кылымда гана европалык, биринчи кезекте, орус балет искусствосунун таасири менен келди.
Муну карап көргүлө эми, мурда салттуу балет өнөрү, балет бийчилери жок болгон деп жатабыз, анан ошол өнөр кыргыз маданиятына аралашып, аралашкандан көп узабай эле дал ушул элден балет жылдызы чыгып, дүйнөлүк балет өнөрүнө кызыгуучулардын жүрөгүн бир солк эттирип алды.
Бул биз сөз кылып аткан бийчи Бүбүсара Бейшеналиева менен байланыштуу. нын ысымына "Кыргыз балетинин канышасы", "Кыргызстандын балет өнөрүнүн чолпон жылдызы", "Сахнанын ак куусу", "Кыргыздын Улановасы", "Кыргыз балетинин примасы" сыяктуу көтөрүңкү да, эркелеткен да эпитеттерди кошуп айтышат.
Бүбүсара Бейшеналиева табиятынан эле бий өнөрү үчүн жаралган: адамды өзүнө ушунчалык бир тез тартып алган жылдыздуу жүзү; музыка менен кошулуп кеткен ийрелеңдеген эптүү колдору менен жеңил гана каалгып учуп жүргөн буттары; сахнадагы ыргактуу жана ийкемдүү дене-бою; образ менен бирге жашаган мимикасы жана пластикасы... Бийи менен кыргыздар балет өнөрүн дүйнөлүк деңгээлде өздөштүрө алган эл экенин тастыктаган.
Биз бүгүн 100 жылдыгы белгиленип жаткан ошол бийчи тууралуу 7 факт сунуш кылабыз.
Кесип тандоодогу кокустук. Бүбүсара Бейшеналиева ал кездеги Кант, азыркы Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө (Воронцовка) айылында 1926-жылы 17-майда туулган (бул так дата эмес дешет, ал кезде дароо эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилчү эмес эле го, кийин-кийин ошол датада уулу Эрмек туулган экен, ошого өзүнүн туулган күнүн да ушул күн деп алган экен). Ал кезде (азыр дале) Фрунзенин үстү жагындагы, тоо түбүндөгү айыл шаардыктардын эс алып келер сүйүктүү жайы болгон. Кыргыздар менен бирге эле орус, немис, украин ж.б. улуттун өкүлдөрү жашаган. Алар ыр-бийге жакын калк болот эмеспи, секелек кыз алардын өнөрүн көрүп суктанганы менен орусча билчү эмес, бийлеген да эмес болуш керек. Кокусунан эле бул айылга СССРдин экинчи шаары, маданият очогу болгон Ленинграддан, хореогафиялык окуу жайынан адистер келип, балдарды өздөрүндө окутуу үчүн алып кетмек болуп тандап калышат. Комиссиянын башчысы Владимир Варковицкий экен, ал дале 20дан жаңы оогон жаш жигит, кийин гана атактуу балет артисти, балетмейстер, педагог болот эмеспи. Ошол "бала" окуучуларды ары секиртип-бери секиртип атып, Бүбүгө келгенде "бул кыз балет үчүн жаралган" деп кыйкырып жиберет. Он жашар кыз ошондо гана "балет" деген сөздү адеп уккан болуу керек. Эч нерсени түшүнбөйт. Ата-энеси Таш-Дөбөдөн башка эч жакка чыкпаган эрке кызынын Ленинградга кетишине караманча каршы чыгат, анан калса коңшу-колоңу да "ошол бойдон кызыңар эми келбейт", "балет дегениңерде кыз балдар жигиттер менен кучакташып алып жылаңач секирет", "бир оруска тийип кетет" дегендей сөздөрдү айтып аябай коркутат. Ананчы, айыл боюнча эч бир балерина түгүл, балет көргөндөр жок болсо. Бул кызды айылдыктар атынан айтпай "көк көз" деше турган, бир "көк көз" кетсе кетиптир да дешкен сыяктанышат. Азыр ойлоп көрсөк, жанагы комиссияга өкмөт чоң укук берген болуу керек, ким баласын же кызын жибербесе, аны камап коюуга чейин бармак окшойт (сталиндик репрессия башталып аткан). Болбосо ким эле ата-бабасы билбеген өнөрдү үйрөнүп кел деп жердин түбүнө жибере койсун! Кыскасы, кыздын дале, ата-энесинин дале каалоосу жок, "өкмөт адамдарынан", "жолдош Сталинден" коркконунан эле алардын колуна салып берген болуу керек... Бул 1936-жыл эле... 24 кыргызстандык улан менен кыз мамлекет эсебинен окуп, белгисиз кесиптин ээси болууга Ленинградга аттанышат.
Ленин шаарынын таңдары менен кечтери. Тагдырды караңыз! Тагдыр жазса, жолуң ачылат! "Балет" деген, "Ленинград" деген түшүнө да кирбеген кыз, таш-дөбөлүк таңкы шүүдүрүмдөй таза, Ала-Арчадан соккон желге башын акырын ийген гүлдөй назик кыз миңдеген-миңдеген кыздар жетпей жүргөн, кыялдарында гана окуган Ленинграддагы хореографиялык окуу жайдын окуучусу болуп калат! Дагы тагдыр! Ага адегенде Наталия Камкова устат болот. Ал Ленинграддагы С.Киров атындагы академиялык опера жана балет театрынын балет солисти жана Ленинград хореография окуу жайынын педагогу болгон. Ошол эжейи, чамасы, кыргызстандыктарга жетекчи болгон го, аны үйүнө чейин алып кетип, арык, "тил билбес" кызды камкордукка алыптыр, ал түгүл алгач Риккардо Дриго деген Россияда 40 жылдан ашык жашаган италиялык композитор жана дирижердун "Пиччикатонун" концерттик программасын коюп, Бүбүсараны бийлетип да чыккан экен. Камкова Агриппина Ваганованын окуучусу болгон. Агриппина Яковлевна ошол жылдарда 50дөн ооп калган, РСФСРдин эл артисти, орус классикалык балетинин негиздөөчүсү, "Основы классического танца" (1934) деген аталышта уникалдуу, кийин көп жолу басылып, көп тилге которулган эмгеги чыккан, илимге "Ваганованын системасы" деген теорияны киргизген, 1924-жылдан тарта Наталья Камкова, Елена Тангиева баштап, кийин Галина Уланова (1928) сыяктуу советтик балеттин жылдыздарын даярдап чыгарган СССРдеги №1 бийчи-педагог эле. Дал ошол биздин көпөлөктөй кыз барганда 1931-жылдан 1937-жылга дейре Ленинграддагы С.Киров атындагы академиялык опера жана балет театрынын балет труппасынын көркөм жетекчиси болуп турган. Дагы тагдыр! Ваганованын дагы бир ошол жылкы окуучусу Нонна Ястребова болгон, ал Бүбүсарадан үч жашка улуу эле, кийин С.Киров атындагы академиялык опера жана балет театрында иштеп Ленинград блокадасында калып калган кызык тагдырлуу кыз, лиро-комедиялык пландагы классикалык балерина, РСФРдин эмгек сиңирген артисти (1957). Кыскасы, ушундай тагдырлар менен жолугушуу, Балтика боюндагы "буурул таңдарды" тосуу, музейлер, өзгөчө Эрмитаж, тарыхый жерлер, эстеликтер, Нева суусу, кемелер ж.б. анын ички дүйнөсүн байытып, маданий баалуулуктарын жогорулатат. Ленинграддагы С.Киров атындагы академиялык опера жана балет театрынын сахнасында ал биринчи жолу Петр Чайковскийдин "Уйкудагы сулуу" балетин көргөн экен. Балетти толук аңдап түшүнбөсө да акыры ушулардай бийлөө керектигин, анан ушулардай болуп сахнага чыга турганын түшүнөт. Өзгөчө Алла Шелестин дене гармониясы, пластикасы, грациясы таң калтырды.
© Фото / Александр ФедоровБүбүсара Бейшеналиева. Архив
90-летие кыргызской балерины Бюбюсары Бейшеналиевой - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2026
Бүбүсара Бейшеналиева. Архив
Сахнадагы биринчи кадамы. Эми дагы анык тагдыр! 1939-жылы Москвада Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү белгиленген. Даярдык аябай катуу болгон, бардык жанрлар, искуссвонун бардык түрү, опера да бар, бир гана балет жагы өксүп калган. Эмне кылуу керек? Ошондо Ленинградга хореогафиялык окуу жайына кетип, 3-курс болуп калган бийчилер тобу эске келет. Аларды да бир көрсөтүп койсок, мындай өнөрдөн да кыргыздар өксүү эместигин билип калышат дейт биздин адистер чоңдорубузга. Акыркы күнкү концертке чыгармак болушат окуучу-студенттерди. Адегенде акындар, комузчулар, манасчылар, ырчылар чыгып отуруп, аяк жагында Ленинградда билим алып жаткан кыргыз тобуна кезек жетет. Алар Александр Глазуновдун "Вальсын" бийлеп чыгат. Ал кезде Александр Константиновичтин жаңы эле көзү өткөн экен. Бул бий менен кыргыз бийчилери европалык маданиятты да терең биле ала турганын тастыкташкан. Ушул бийчилер тобунда эбелектей 13 жашар Бүбүсара өзгөчө симпатия жараткан. Ушул 1939-жылдан 26-майында болуп өткөн Кыргызстандын маданият күндөрүн жалпысы отуз миңдей адам, анын ичинде мамлекет жетекчилери көргөн экен. Алгачкы жолу чоң сахнага, болгондо да Кремлде чыгуу болочоктогу балет жылдызы үчүн аябай чоң шыктануу жараткан.
Ленинграддан – Фрунзеге. Ленинграддагы хореографиялык окуу жайын 1941-жылы токтотот. Согуш чыгып, студенттерди Кыргызстанга эвакуациялашкан. Балетти ойлой турган заман эмес эле. Кыз бир аз чоңоюп, 15ке келип калган. Булардын баарын Фрунзеге келгенде Опера жана балет театрына ишке алышат. Бул театр кагаз жүзүндө 1926-жылы эле негизделип, бирок имараты жок болчу. Согуш жылдарында эркектердин көбү аскерге кетсе да, опера-балет театры ишин токтотпойт. Владимир Фере партиянын тапшырмасы менен Москвада иштеп жүрсө да, 1939-жылдагы Кыргызстандын маданият күндөрүнө карата "Ажал ордуна", "Алтын кыз", "Айчүрөк" операларын даярдап, жалпы союзда оозго алынып турган эле. Ал накта кыргыздын тунгуч балеттери болгон "Анар" (1940) менен "Селкинчектин" (1943) музыкасын жазат (В.Власов менен бирге). "Селкинчекти" балетмейстер Л.М.Крамаревский даярдайт. Элдик оюндар, салттар, тойлор, майрамдар хореографиянын жардамы менен көрсөтүлөт. Анда Бүбүсара Бейшеналиева Зайнура деген анча көрүнө бербеген, карапайым кыздын ролун аткарат. Ошентсе да бул ролу театрдагы башталыш катары, балеттеги дебют катары маанилүү болгон.
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСайра Кийизбаева менен Бүбүсара Бейшеналиева. Архив
Народные артистки СССР Сайра Кийизбаева и Бюбюсара Бейшеналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2026
Сайра Кийизбаева менен Бүбүсара Бейшеналиева. Архив
Бийчинин чолпон жылдызын жандырган "Чолпон" балети. Анын сахнадагы ийгилиги 1944-жылы 30-декабрда коюлган Михаил Раухвергердин үч көрүнүштүү "Чолпон" балетинде Чолпондун образында байкалган. Ушул ролдон кийин чеберчилигин көрсөтүп, андан башка спектаклдерге чакыруу алган. Раухвергер музыкасын Oтунчу Сарбагышев менен Л.Крамаревскийдин либреттосуна жазган бул чыгарманын негизи кыргыз элдик жомокторунан алынган. Темир кандын уулу Нурдин болуп-толуп турган кезинде бир кедейдин Чолпон деген кызын жактырып калат. Ар кандай элдик жомоктордогудай эле экөөнүн бири-бирине жетиши кыйын болот, ар кандай кара күчтөр, алардын башында Айдай деген сыйкырчы кыз буларга аябай каршылык көрсөтөт. Бардык жомоктордун соңундай эле ак сүйүү, адилеттик жеңип чыгат. Бул чыгарма бийлөөгө өзгөчө ылайыктуу эле, ритмдүү, эмоционалдуу, фольклордук мотивдер күчтүү. Али балет эмне экенин аңдап түшүнө элек кыргыз көрүүчүлөрү үчүн жомоктук сценография, токтобогон кыймыл, өзгөчө Бүбүсара Бейшеналиеванын сулуулугу, анын колундагы сыйкырдуу жоолук, Бүбүсара-Чолпондун оозунан от бүрккөн ажыдаар менен, акылын уурдап кетер жин менен күрөшү, табияттын ага жан тартып турушу башкача бир керемет өнөр болгон. Бул өнөрдүн Чолпон менен, Бүбүсара Бейшеналиева менен Ала-Тоого келиши улуттук маданияттын гана эмес, жалпы республиканын майрамы эле... Ошол жылдарда "Чолпон" коюлганда кассада билет калбай, билет алуу үчүн тааныштын таанышын салышчу экен. Көпчүлүк театрга бараткан Бүбүсара Бейшеналиеваны ээрчип алып, бир ошол бийчи үчүн барышчу дешет. Спектакль менен театр СССРдин көптөгөн шаарларына гастролдоп, Бүбүсара Бейшеналиеванын жалпы союзга даңазасы тарай берген.
Бийдеги он жыл. Бүбүсара Бейшеналиева Фрунзенин Дзержинский бульварында бара жатса, бульвар ага жарашып, ал бульварга жарашып, бийчи менен жаштардын паркы өзүнчө бир гармония түзүп турчу. Жаштар алдынан чыгып саламдашып, гүл сунуп, улгайып калган эркектер шыпшына карашып, анын жумушка бара жатканы өзүнчө бир спектакль болчу. "Селкинчек" менен "Чолпондон" кийин А.Глазуновдун "Раймонда" балетинде Раймонданын ролун аткарат. Бул чыгарманы "орус хореографиясынын бермети" деп аташат. Музыкасы француздардын эски обондору менен коштолуп, адам эркиндиги, ошол эркиндикке жетүүнүн ролу чагылдырылат. Жаш кыздын мүнөзүндөй музыка да лирикалуу, назик эле, бийчи ошол башкы багытты эң сонун кармай алган. Философия, гуманизм, лирика, махабат — баары биригип Раймонда-Бейшеналиеваны көрүүчүлөр менен абдан терең жуурулуштурган. Дал ошол көрүүчүлөр бул кыз Москвадан келип калган Улановабы деп таң кылышкан, анткени ал буту-бутуна тийбей, ушунчалык жеңил бийлеп жаткан. 1949-жылы Борис Асафьевдин "Бакчысарай фонтаны" деген А.С.Пушкиндин ушундай аталыштагы поэмасына негизделген балет-поэма даярдалат (либретто Н.Волков). Бул чыгарманы классикалык деңгээлде сахналаштыруунун советтик балетте салты бар: Алла Шелест гаремдеги кыйноолорго каршылыгын билдирген Зареманын образын, Галина Уланова польшалык унчукпас уяң туткун кыз Мариянын образын жараткан. Ушул өзү пир туткан эки классик балериналардан кийин Мариянын да, Зареманын да образында бийлөө түйшүгү да, бактысы да Бүбүсара Бейшеналиевага туш келет. Тагдырдын дагы бир тартуусун караңыз: согуш жылдарында кавказ элдерине (грузиндерден башка) сталиндик депортация жараяны колдонулуп, ошол сүрүлгөндөр менен чечен бийчиси Махмуд Эсенбаев да биздин республикага келет, ал 1944-1946-жылдарда Кемин районунун Ак-Түз поселкасындагы Маданият үйүндө элдик бий ийримин ачат, кийин 1946-жылдан 1956-жылга дейре Фрунзе шаарындагы Опера жана балет театрында солист болуп иштейт. Ошол жылдарда П.И.Чайковскийдин "Уйкудагы сулуу", "Ак куу көлү", Б.В.Асафьевдин "Бакчысарай фонтаны" балеттери коюлуп, шыргыйдай узун, келбети келишкен кавказ жигити биздин назик кыз менен дуэт болуп сахнага чыгат. Кийин Эсенбаев (1924-2000) дүйнөгө атактуу бийчи болду, Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алды (1984), ошондо да Кыргызстанга келип, "Ала-Тоо жазы" фествалдарына катышып, Бүбүсара тууралуу жакшы сөздөрүн айтып жүрдү. "Мен Бүбүсараны 1944-жылдан бери билем. Алгач жөнөкөй эле адамдардай көрүнгөн. Күрөң пальточон, кичинекей кара көз кыз кирип келгенде балетмейстер Л.Крамаровский мени чакырып алып: "Жакшылып көрүп ал, келечектеги кыргыздын Улановасы келди" деген эле. Мен ал сөзгө анда анчейин ишене берген эмесмин. Биз бирге машыга баштадык. Музыканын биринчи тактысынан баштап эле бий үчүн жаралгандай, укмуштай сезимталдыгы мени таң кылтырган. Баягы мен көргөн кичинекей жөнөкөй кыз Золушка болду да калды. Ошондон тартып мен кандай гана спектаклде болбосун Бүбүсара менен бийлегенди абдан жактырчумун. Өзгөчө "Ак куу көлү" балетиндеги "Испан бийин" бийлегенде ушунчалык ырахат алар элем. Ал драмалык шыгы да абдан өнүккөн актриса эле" — деп жазган легендалуу Махмуд Эсенбаев.
Балеттеги ар бир эле чыгармачыл адам П.И.Чайковскийдин "Ак куу көлү" балетинде ойногусу келет, бул чыгармасы дүйнөлүк балеттин шедеври. Трагедия менен лирика, жаратылыш менен адам терең гармонияда чагылдырылат. Мында Бейшеналиева Одетта-Одиллиянын бейнесин жаратат. Бир эле мезгилде акты, тазалыкты алып жүргөн, лирикалуу Одетта менен каралыкты, ичи тарлыкты алып жүргөн Одиллия Бүбүсара аткарган бийлер менен көрүүчүгө жетет. Байыркы немец уламышы ак куулар бийи менен көркүнө чыгат. 1953-жылы Р.Глиэрдин авторлугунда "Кызыл кызгалдак" балети коюлуп, анда Бейшеналиева Тао-Хоанын ролун аткарат. Анын сахнадагы негизги ажарын ачкан бир гана кыймылы десек, бир жактуу болуп калат, анда образга жан дүйнөсү менен кирген психологизм бар эле. Бүбүсара Бейшеналиева 1954-жылы улуттук өнөр тарыхында эң жаш убагында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамын алат.
Кайрадан Ленинград. Эми башка даражадагы талант. Абдан атагы таш жарып турганда, бирок элдин абалы али да оор кезде турмушка чыгып, композитор Акмат Аманбаев менен кол кармашат. Анын атасынын аты Тайлак экен, чек арада 20-жылдарда киши колдуу болот да Акмат Кеминде тарбияланат. Абдылас Малдыбаев тунгуч композитордун жездеси экен, ошол киши аны Москвада музыка жагында окутат. Жубайлар 1946-жылы Эрмек аттуу уулдуу болушат. Эрмектин таятасынын уул баласы жок болгондуктан Акмат менен Бүбүсарадан суранып өз фамилиясына жаздырат (Бейшеналиев Эрмек Акматович). Бүбүсара менен Акмат тез эле эки башка жолго түшөт. Бирок уруш-талаш болбоптур, атасы баласына келип, баласы атасына барып турчу экен. Бийчи жалгыз бала менен жашайт. 1941-жылы согуш чыгып кеткенде стденттер окуусун аргасыз токтотот дебедикпи. Эми бийчи согуш бүтүп, турмуш бир аз болсо да калыбына келгенде Ленинграддагы хореографиялык окуу жайына 1948-жылы кайтып, бир жылдай окуусун улантат. Азыр эми ал баягы уяң, кичинекей кыз эмес, 20дан ооп калган, "Селкинчек", "Чолпон", "Раймонда", "Уйкудагы сулуу", "Ак куу көлү", "Бакчысарай фонтаны" аркылуу балет өнөрүнүн жылдызы болуп калган эле. Бул жолу Ваганова менен кайра тереңдетип иштешет. Орус балет жылдыздары да аны "Биби", "Бибочка" дешип кастарлашат. Ошол эле кезде Фрунзеге жаңы балеттерди даярдоого, репетицияларга келип турган.
Кыргыз ССРинин Москвадагы маданият кундөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2023
Октябрь революциясынан кийин өр алган кыргыз маданияты. Тарых барактары
Жаңылыктар түрмөгү
0