00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Искусственный дождь, тающие ледники и хронический дефицит - эксперты о рисках для КР и соседних стран
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Дагы 200 млн. сом бар — чакан жана орто бизнеске 6%дан насыя берилүүдө
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
On air
10:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Климаттын өзгөрүшү организмге олуттуу таасир этет. Ысыктан кантип коргонобуз?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаров жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирге Бишкектеги Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты. Мындан тышкары, Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында төрага согуш ардагерлери Аспек Жумашев, Михаил Сухинин жана Николай Мироненкодон кабар алып, аларды майрамы менен куттуктады. Аспек Жумашев 18 жашында Кызыл Армиянын катарына чакырылып, фронтто тайманбастык менен салгылашкан. Көрсөткөн эрдиги үчүн II даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана башка жогорку сыйлыктар менен сыйланган. Ал эми Михаил Сухинин менен Николай Мироненко 1944-жылы армияга чакырылып, запастагы полкто кызмат өтөшкөн. Алар да каармандыгы үчүн бир катар сыйлыктарга ээ болушкан. Марлен Маматалиев ардагерлерге кайрылып, алардын эрдиги ар дайым сыймык менен эскерилерин белгиледи. Жыйынтыгында төрага аксакалдарга бекем ден соолук жана бакубат карылык каалап, белектерин тапшырып, баталарын алды.
9-майда Каракол шаарында “Евразия Кыргызстан” уюмунун аймактык кеңсеси Жеңиш күнүнө арналган “Жоокер боткосу” аттуу акция өткөрдү. Жеңиш паркынын аймагында талаа ашканасы уюштурулуп, шаар тургундарына жана конокторуна согуш жылдарындагы салттуу тамак — тушенка кошулган гречка боткосу жана ысык чай сунушталды. Жалпысынан 1000ден ашык порция таратылды. Уюштуруучулар белгилегендей, акция Жеңиш күнүн майрамдоого келгендер үчүн жоокер боткосунан даам сызуу менен бирге биримдикти, ыраазычылыкты жана жалпы тарыхый эстутумду сезүүгө мүмкүнчүлүк түздү. “Евразия Кыргызстан” аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулованын айтымында, 9-Май — муундарды бириктирген жана келечек муундардын тынчтыгы менен эркиндиги үчүн жанын берген баатырларды эске салган ыйык майрам. Ал ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдигин унутпай сактоо ар бир адамдын милдети экенин белгиледи.
Россия Трамптын убактылуу жарашууну 11-майга чейин узартуу сунушуна макул болду Россия Дональд Трамптын жарашууну 9-майдан 11-майга чейин узартуу сунушун кабыл алды. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Анын айтымында, чечим Владимир Путин менен америкалык президенттин жакында өткөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн уландысы болуп саналат. Ушаков Трамптын демилгеси Жеңиштин 81 жылдыгына туш келгени өтө маанилүү экенин белгилеп, АКШ согуштук аракеттерди токтото туруу талкууланган маалда Украина менен үзгүлтүксүз байланышта болгонун кошумчалаган. Тараптар миңден туткун алмашуу тууралуу да бир пикирге келишкен. Владимир Зеленский тынчтык режимине макул болгонун билдирип, туткун алмашуу үчүн зарыл нерсенин баарын даярдоого буйрук бергенин маалымдады. Белгилей кетсек, апрелдин соңунда Путин Трамп менен телефондон 1,5 саат сүйлөшүп, 9-Майга карата элдешүү жарыялоого даяр экенин билдирген. Л
Жаңылыктар түрмөгү
0