https://sputnik.kg/20260405/irandan-ulam-dujno-tushukchu-krizistin-masshtaby-1100614801.html
АКШда Ирандан улам дүйнө жүзү тушукчу кризистин масштабы айтылды
АКШда Ирандан улам дүйнө жүзү тушукчу кризистин масштабы айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнө жүзү Улуу депрессиядан берки чоң каатчылыкка тушугат. Бул тууралуу Канзас-Ситидеги Миссури... 05.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-05T14:59+0600
2026-04-05T14:59+0600
2026-04-05T14:59+0600
дүйнөдө
иран
жакынкы чыгыш
акш
экономика
каатчылык
согуш
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0a/1087749071_0:75:3072:1803_1920x0_80_0_0_3eb8b09750fa022d4e52c70fcd1a9b1f.jpg
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнө жүзү Улуу депрессиядан берки чоң каатчылыкка тушугат. Бул тууралуу Канзас-Ситидеги Миссури университетинин профессору Майкл Хадсон YouTube-каналдын эфиринен айтканын РИА Новости жазды. Хадсондун эсеби боюнча, бүтүндөй дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң ири экономикалык апааттын босогосунда турат. "Иран Ормуз кысыгы аркылуу бир кеме үчүн эки миллион доллар алып мунай экспортуна уруксат берип жатканы менен жер семирткич ташууга тыюу салды. Демек, айдоо иштери үчүн жер семирткич жетишсиз. Кандай болгон күндө да дүйнө жүзү 1930-жылдары болгон Улуу депрессиядан берки чоң экономикалык кыйынчылыкка тушугат", — деди илимпоз. АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы ушул жылдын 28-февралында башталган. Тараптар ошондон бери бири-бирине сокку уруп келүүдө. Тель-Авив Тегеранга өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтып келсе, Вашингтон Иранды аскердик күчүнөн ажыратам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырган. Тегеран коргонууга даярдыгын билдирип, сүйлөшүүлөрдү жандантууга азырынча зарылдык жок экенин белгилеген болчу.
https://sputnik.kg/20260405/-tramp-irandy-tozok-otu-menen-korkuta-bashtady-1100613626.html
иран
жакынкы чыгыш
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0a/1087749071_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_be45517b4bad09fc4a4df6f4f8751264.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, иран, жакынкы чыгыш, акш, экономика, каатчылык, согуш
дүйнөдө, иран, жакынкы чыгыш, акш, экономика, каатчылык, согуш
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам дүйнө жүзү Улуу депрессиядан берки чоң каатчылыкка тушугат. Бул тууралуу Канзас-Ситидеги Миссури университетинин профессору Майкл Хадсон YouTube-каналдын эфиринен айтканын
РИА Новости жазды.
"Бир керемет болуп АКШ тышкы саясатынан, империялык позициясынан баш тартып, БУУнун эрежесине ыңгайлашкан кадимки мамлекет болууну чечсе да реалдуулук ушундай: мунай ташылчу жол бөгөттөлдү, Жакынкы Чыгыштан келчү гелийдин запасы жок болду. Аны ала турган башка булак жок. Мындан улам гелий менен иштеген дүйнө жүзүндөгү компаниялар аны колдонуунун көлөмүн азайтты. Жер семирткич өндүрүшүндө да абал ушундай", — деген окумуштуу.
Хадсондун эсеби боюнча, бүтүндөй дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң ири экономикалык апааттын босогосунда турат.
"Иран Ормуз кысыгы аркылуу бир кеме үчүн эки миллион доллар алып мунай экспортуна уруксат берип жатканы менен жер семирткич ташууга тыюу салды. Демек, айдоо иштери үчүн жер семирткич жетишсиз. Кандай болгон күндө да дүйнө жүзү 1930-жылдары болгон Улуу депрессиядан берки чоң экономикалык кыйынчылыкка тушугат", — деди илимпоз.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аскердик операциясы ушул жылдын 28-февралында башталган. Тараптар ошондон бери бири-бирине сокку уруп келүүдө. Тель-Авив Тегеранга өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтып келсе, Вашингтон Иранды аскердик күчүнөн ажыратам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырган. Тегеран коргонууга даярдыгын билдирип, сүйлөшүүлөрдү жандантууга азырынча зарылдык жок экенин белгилеген болчу.