https://sputnik.kg/20260403/kischi-suzgon-aydoochuga-ish-kozgoldu-1100597013.html
Бишкекте жөө өтмөктөн 25 жаштагы жигитти коюп кеткен айдоочуга иш козголду
Бишкекте жөө өтмөктөн 25 жаштагы жигитти коюп кеткен айдоочуга иш козголду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы жигитти коюп кеткен Lexus 460 унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголду. Шаардык милиция жолтандабастын 25... 03.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-03T17:09+0600
2026-04-03T17:09+0600
2026-04-03T17:09+0600
кыргызстан
жол кырсык
жөө жүргөндөр
каза болду
кылмыш иши
милиция
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100597104_0:169:1281:889_1920x0_80_0_0_95cb724f9359a86c9a13a9aa36e25d6b.jpg
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы жигитти коюп кеткен Lexus 460 унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголду. Шаардык милиция жолтандабастын 25 жаштагы айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун) менен кылмыш иши козголду. Унаасы айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Каргаша 3-апрелге караган түнү Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон. Lexus автосунун айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, алгач жөө өтмөктөгү кишини өткөрмөкчү болуп токтогон Honda Fit автокөлүгүн артынан сүзүп, андан соң жөө адамды койдуруп кеткен. Андан кийин жолдун жээгинде токтоп турган дагы эки автоунаага урунуп барып, токтогон. Жолдон өтүп бараткан 25 жаштагы жигит окуя болгон жерден каза тапкан.
https://sputnik.kg/20260330/naryndagy-zhol-kyrsyk-1100510331.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/03/1100597104_0:49:1281:1009_1920x0_80_0_0_43ee87d0400ac78a3373e238ac7edc05.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жол кырсык, жөө жүргөндөр, каза болду, кылмыш иши, милиция
кыргызстан, жол кырсык, жөө жүргөндөр, каза болду, кылмыш иши, милиция
Бишкекте жөө өтмөктөн 25 жаштагы жигитти коюп кеткен айдоочуга иш козголду
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы жигитти коюп кеткен Lexus 460 унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголду. Шаардык милиция жолтандабастын 25 жаштагы айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу") 3-бөлүгү (Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген ошол эле жосун) менен кылмыш иши козголду. Унаасы айып короого киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Каргаша 3-апрелге караган түнү Аалы Токомбаев көчөсүндө болгон. Lexus автосунун айдоочусу катуу ылдамдыкта баратып, алгач жөө өтмөктөгү кишини өткөрмөкчү болуп токтогон Honda Fit автокөлүгүн артынан сүзүп, андан соң жөө адамды койдуруп кеткен. Андан кийин жолдун жээгинде токтоп турган дагы эки автоунаага урунуп барып, токтогон. Жолдон өтүп бараткан 25 жаштагы жигит окуя болгон жерден
каза тапкан.