https://sputnik.kg/20260310/1100156240.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөө 1-апрелден кийин алынатБалдардын канында коргошун көп болууда. Адистер коңгуроо кактыБШК Кубанычбек... 10.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-10T15:00+0600
2026-03-10T15:00+0600
2026-03-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0a/1100156074_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cb6f4485dcd0543e01963b8947be5401.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөө 1-апрелден кийин алынатБалдардын канында коргошун көп болууда. Адистер коңгуроо кактыБШК Кубанычбек Конгантиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЖогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев мандатын тапшырганын БШКдан билдиришти. "Эл өкүлүнүн ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылды", — дешти аталган комиссиядан. Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган. Анын ордуна кийинки тизме боюнча Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.
Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөө 1-апрелден кийин алынат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын жетекчи орун басары Уларбек Дүйшө уулу "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, жылытуу мезгили марттын аягы менен ийгиликтүү аяктаса, апрель айында колдонуунун жыйынтыгына карап тиешелүү чечим чыгарылат. "Жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүп жатабыз. Эч жерде сааттап электр энергиясын бербей калуу учурлары катталган жок. Кыска мөөнөттүү гана мүчүлүштүктөр болбосо, чоң авариялык өчүрүүлөр болгон жок. Эми апрелге чейин дагы 20 күн бар. Жылытуу мезгилин толук бүтүрүп алышыбыз керек", – деди ал. Уларбек Дүйшө уулу муну "чектөө" деп айтуу туура эмес экенин билдирди. Ал керектөөчү менен түзүлгөн келишимде тармакка күч келген учурда электрди лимит менен берүү алдын ала көрсөтүлгөнүн белгилеген.
Кыргызстанда ар бир бешинчи баланын канында коргошундун көлөмү көп экени аныкталды. Бул туурасында "Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо" журналына жарыяланган изилдөөдө айтылган. Медиктер, окумуштуулар 1-6 жаштагы балдарды изилдөөгө алган. Негизги жыйынтыктар: ата-энелердин бул маселеден кабары аз. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы коргошун менен уулануунун кесепети кандай болорун билбейт; курамында уулуу металл тиешелүү ченемден ашык, сертификатталбаган курулушта колдонгон сырларды пайдалануу коргошундун негизги булагы экени аныкталган; ошондой эле чопо жана керамика идиштери, балдардын оюнчуктары да кооптуу дешкен; боёктордо, идиштерде жана керектөөчү товарлардын курамындагы бул металлдын канча көлөмдө болушун тактап, аныктап туруу үчүн мамлекеттин көзөмөлүн арттыруу зарыл; калк арасында оор металлдар менен ууланууну көзөмөлдөй турган, заманга бап келген жабдуулар менен камсыздалган мониторинг борборун түзүү жана ар 2–3 жылда бир жолу изилдөө жүргүзүү керек.
Жибек Жолу проспектиндеги жаңы көпүрө келе жаткан дем алышта ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн көпүрөнүн түндүк тарабы жарым-жартылай ачылмак, бирок аба ырайына байланыштуу ушул дем алыш күндөрүнө жылган. "Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт", – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, азыркы учурда транспорт каражаттары көпүрөнүн түндүк тарабынан өтүүдө. Калган жарымын март айынын аягына чейин ачуу пландалууда. Көпүрөнүн курулушу 1-октябрда башталган.
Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөө 1-апрелден кийин алынатБалдардын канында коргошун көп болууда. Адистер коңгуроо кактыБШК Кубанычбек Конгантиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЖогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Конгантиев мандатын тапшырганын БШКдан билдиришти. "Эл өкүлүнүн ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, күбөлүгү жараксыз деп табылды", — дешти аталган комиссиядан. Конгантиев азыркы чакырылыштагы парламентке №21 Ленин шайлоо округунан депутат болуп келген. Буга чейин ал бир нече жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп да шайланган. Анын ордуна кийинки тизме боюнча Чыңгыз Айдарбеков келиши ыктымал.Электр энергиясын пайдаланууга киргизилген чектөө 1-апрелден кийин алынат. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын жетекчи орун басары Уларбек Дүйшө уулу "Кабар" агенттигиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, жылытуу мезгили марттын аягы менен ийгиликтүү аяктаса, апрель айында колдонуунун жыйынтыгына карап тиешелүү чечим чыгарылат. "Жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүп жатабыз. Эч жерде сааттап электр энергиясын бербей калуу учурлары катталган жок. Кыска мөөнөттүү гана мүчүлүштүктөр болбосо, чоң авариялык өчүрүүлөр болгон жок. Эми апрелге чейин дагы 20 күн бар. Жылытуу мезгилин толук бүтүрүп алышыбыз керек", – деди ал. Уларбек Дүйшө уулу муну "чектөө" деп айтуу туура эмес экенин билдирди. Ал керектөөчү менен түзүлгөн келишимде тармакка күч келген учурда электрди лимит менен берүү алдын ала көрсөтүлгөнүн белгилеген.Кыргызстанда ар бир бешинчи баланын канында коргошундун көлөмү көп экени аныкталды. Бул туурасында "Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо" журналына жарыяланган изилдөөдө айтылган. Медиктер, окумуштуулар 1-6 жаштагы балдарды изилдөөгө алган. Негизги жыйынтыктар: ата-энелердин бул маселеден кабары аз. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы коргошун менен уулануунун кесепети кандай болорун билбейт; курамында уулуу металл тиешелүү ченемден ашык, сертификатталбаган курулушта колдонгон сырларды пайдалануу коргошундун негизги булагы экени аныкталган; ошондой эле чопо жана керамика идиштери, балдардын оюнчуктары да кооптуу дешкен; боёктордо, идиштерде жана керектөөчү товарлардын курамындагы бул металлдын канча көлөмдө болушун тактап, аныктап туруу үчүн мамлекеттин көзөмөлүн арттыруу зарыл; калк арасында оор металлдар менен ууланууну көзөмөлдөй турган, заманга бап келген жабдуулар менен камсыздалган мониторинг борборун түзүү жана ар 2–3 жылда бир жолу изилдөө жүргүзүү керек.Жибек Жолу проспектиндеги жаңы көпүрө келе жаткан дем алышта ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн көпүрөнүн түндүк тарабы жарым-жартылай ачылмак, бирок аба ырайына байланыштуу ушул дем алыш күндөрүнө жылган. "Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болчу. Оңдоо иштеринен кийин көпүрө кеңейтилип, азыр 13 метрге жетти. Көпүрөнүн туурасы 34,3 метрди, ал эми узундугу 25 метрди түзөт", – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, азыркы учурда транспорт каражаттары көпүрөнүн түндүк тарабынан өтүүдө. Калган жарымын март айынын аягына чейин ачуу пландалууда. Көпүрөнүн курулушу 1-октябрда башталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0a/1100156074_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a15a5da0ea5501760983930c3ab00835.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио