00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:51
8 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Умело копить и грамотно вкладывать: чему еще учат в рамках глобальной недели денег?
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Что афгано-пакистанский конфликт означает для безопасности Центральной Азии
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкек мэриясы: 2026-жылы 119 км жол курулат жана кайра курулат
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Закат феодалов, подъём капиталистов: беседа о смене эпох и устройстве общества
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу салынып жаткан турак жайлардын баа саясаты боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, МИК батирлери 25 жылга, алгачкы төлөмсүз берилет. Бишкек шаарында мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 1 чарчы метрдин баасы районго жараша 900–1000 долларды түзөт. Ипотекалык шарттар: Социалдык ипотека жана Жеңилдетилген ипотека — жылдык 4%, 25 жылга Арзан ипотека — жылдык 8%, 25 жылга болуп бөлүнөт жана бул программалардын бары баштапкы төлөмсүз. Үлүштүк курулуш механизми боюнча батирлердин баасы 1000–1400 доллар болуп, негизинен чет өлкөдө иштеген жарандарга сунушталат. Бул учурда батирдин 50% дароо төлөнөт, калган бөлүгү 15 жылга бөлүнөт. Президенттин маалыматы боюнча 2025-жылы 4 662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Республика боюнча 80 245 батир курулууда. 2026-жылы 20 021 батир пайдаланууга берилет.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2028-жылдары Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрө турган уюмду аныктады. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул мезгилде Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борбору ЖРТны өткөрүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалды. Шарттарга ылайык, тестирлөө көз карандысыз негизде өткөрүлүп, бардык катышуучулар үчүн ачыктык, объективдүүлүк жана бирдей шарттар камсыздалууга тийиш. Эске салсак, ЦООМО Жалпы республикалык тестирлөөнү 2002-жылдан бери өткөрүп келет.
АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландия АКШ үчүн зарыл экенин айтып, бул тема боюнча кайрадан билдирүү жасады. Ал бул тууралуу The Atlantic басылмасына берген маегинде айтты. Анын сөзүнө караганда, Гренландия АКШнын коргонуу кызыкчылыктары үчүн маанилүү. Трамп аралды «орус жана кытай кемелери курчап турган аймак» деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда Ак үй Николас Мадурону кармоо операциясына катышкан атайын топ менен түшкөн Трамптын сүрөтүн жарыялады. Мындан тышкары, Трамп Венесуэла АКШ кийлигишкен акыркы өлкө болбошу мүмкүн экенин да билдирген. АКШ президенти Венесуэланын жаңы лидери Делси Родригеске карата да коркутуу сөздөрүн айтты. Анын айтымында, эгер ал «туура чечимдерди кабыл албаса», Мадурого караганда да оор жазага туш болушу мүмкүн. Бул билдирүүлөргө жооп катары Дания Трампты Гренландияга байланыштуу коркутууларды токтотууга чакырды. Өлкөнүн премьер-министри Метте Фредериксен АКШ Дания падышачылыгына кирген аймактарды аннексиялоого укугу жок экенин билдирди. Эске салсак, Трамп буга чейин Канада, Гренландия жана Панама каналы боюнча да АКШнын көзөмөлүн күчөтүү тууралуу бир нече жолу билдирүү жасап, бул өлкөлөрдүн катуу каршылыгына туш болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0