00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:08
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу отурумга катышпаган депутаттардын маянасы кыркылып, тизмеси коомго жарыя болорун айтты.Мындай эскертүүнү ал VIII чакырылыштын жыйынынын экинчи күнүндө жасады. Спикер мыйзамдар комитеттерде ийне-жибине чейин каралып, пленардык жыйынга добуш берүүгө гана чыгарылышы керектигин белгиледи. Ошондуктан ар бир депутат комитеттердеги талкууга активдүү катышуусу керектигин эскертти.Эске салсак, Жогорку Кеңештин бул сапаркы чакырылышы ишин кечээ, 2025-жылдын 17-декабрында, баштады. Алар ант берип, мандатын алып ишке киришти.
Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводду кийинки жылдан баштап ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Ишкана 2018-жылы чийки зат туруктуу келбегендиктен жана анын кымбаттыгынан улам рентабелдүү болбой, ишин токтоткон. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда ишкана реконструкцияланып жатат. Ал аяктап өндүрүш жанданса, болжол менен 100 жаңы жумуш орду түзүлөт. Ошондой эле заводдо суюлтулган газ өндүрүү пландалууда. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, завод токтоп калганга чейин жылына 450 миң тонна чийки мунайды кайра иштетүүгө кубаты бар болчу. Бул көрсөткүч көбөйтүлөбү же жокпу, такталган эмес. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан 2017-жылдан бери алгач ирет Кыргызстанга мунай жеткирүүнү кайра жандандырганы кабарланган.
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) стратегиясынын негизги максаттарынын бири инвестициялардын чөйрөсүн кеңейтип, ага Кыргызстан менен Арменияны активдүү тартуу болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине банктын башкаруучулугунун төрагасы Николай Подгузов билдирди. Каржы уюмунун жетекчиси бул тууралуу Алматы шаарындагы 2026-жылга карата макроэкономикалык божомолдун бет ачарында айткан. Ал бул багытта эң чоң ийгиликтер Кыргызстанда экенин белгилеген. Эгер мурда ЕАӨБ республика аймагындагы долбоорлорго 10–20 миллион доллардын тегерегинде гана инвестиция салып келген болсо, азыр бул көрсөткүч абдан өскөн. Мисалы, “Бишкек Солар” долбооруна салынган капиталдын көлөмү эле 180 миллион долларды түзүп, бул банктын стратегиясы үчүн чоң жетишкендик болуп саналат. “Мурда Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча белгилүү бир чектөөлөр бар эле, азыр болсо бул лимиттер кыйла кеңейди. Биз жыл сайын бул жерде пландалган көлөмдөрдөн кыйла ашып жатабыз. Бул, биринчи кезекте, республикадагы долбоорлор менен толук кандуу иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнү менен байланыштуу. Кыргызстанда долбоордук каржылоонун маданияты олуттуу түрдө өстү”, — деген Подгузов. Ал бардык ишке ашырылып жаткан долбоорлор ири инвестициялык портфелди түзүп, Евразия өнүктүрүү банкын инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы сапка чыгарып жатканын кошумчалаган.
РФ Мамлекеттик Думасынын жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Вячеслав Володин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Володин кесиптешин парламенттик шайлоодогу жеңиши жана спикерликке шайланышы менен куттуктады. Ал россиялык жана кыргызстандык мыйзам чыгаруучулардын ортосундагы конструктивдүү диалог эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин белгиледи. Тараптар парламенттер аралык өз ара кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнү жана Москвада өткөн ЖККУ ПАнын жыйынтыгын талкуулашты. Мамлекеттик Думанын төрагасы Тургунбек уулуна ийгиликтерди каалап, аны Россияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0