00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Бишкек задыхается: почему проблема смога остаётся нерешённой
16:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новый закон о безопасности еды по правилам ЕАЭС: что теперь обязаны соблюдать производители
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:08
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары комитет төрагаларын шайлашты. Парламенттин басма сөз кызматынын кабарлашынча жашыруун добуш берүү жашыруун жүргөн. Анын натыйжасында бул депутаттар комитет төрагалары болуп шайланды: Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна шайланды; Элдар Сулайманов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна шайланды; - Бакыт Тентишев Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна; - Токтобүбү Ашымбаева Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна шайланды; - Куванычбек Конгантиев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна шайланды; - Алтынбек Кудайбердиев Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна шайланды; - Болотбек Борбиев Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды; - Гүлсүнкан Жунушалиева Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Кыргызстанда Россиядан импорттолгон кайсы товарларга суроо-талап жогору экени айтылды. Бул тууралуу Россиянын экспорттук борборунун директору Владимир Некрасов маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстанда өтүмдүү товарлардын көптөн бери калыптанган тизмеси бар. Ага курулуш үчүн керектелген металл продукциялары, агроөнөр жай комплексинин продукциялары жана машина куруу тармагынын товарлары кирет. Металлургия тармагы негизги багыт бойдон калып, Россиянын экспорттук борбору аркылуу түзүлгөн келишимдердин жалпы көлөмү 434 миллион долларга жеткен. Агроөнөр жай комплексинде да жогорку темп сакталып, экспорттук долбоорлор 56,7 миллион долларга мамлекеттик колдоого ээ болгону айтылды. Ошондой эле машина куруу товарларынын экспорту 61,7 миллион долларга чейин өскөн. Некрасовдун айтымында, бул өзгөчө маанилүү, анткени бул тармак өнөр жай менен инфратүзүмдү жакшыртуу үчүн технологиялык негизди түзөт.
Европа комиссиясы Евробиримдиктин саммиттинин күн тартибинен Россиянын активдерин конфискациялоо боюнча маселени алып салды. Бул тууралуу Венгриянын премьери Виктор Орбан социалдык тармактарда билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды. "Биз жеңишке жеттик, себеби Еврокомиссиянын төрайымы артка чегингенин, Россиянын активдери жөнүндөгү маселе ал тургай күн тартибинде да болбой турганын билдирди. Көшөгө артындагы сүйлөшүүлөр жана кечээ кечиндеги күрөш да жыйынтыкка алып келди", — деген Орбан видеокайрылуусунда. Шаршембиде Politico басылмасы ЕБ өлкөлөрүнүн резервдерин алуу тууралуу чечим мындай кадамга каршы чыгып жаткан Бельгиядан башкасына карата 18-19-декабарда саммитте кабыл алына турганын маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0