00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин экинчи күнү башталды. Күн мурун футболдук турнирдин биринчи күнү аяктаган. Мелдештин жыйынтыгында "Президенттин командасы" "Аймактар", "Фемида" командаларын утуп, "Элчилер" командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Жалпысынан турнирде 16 команда күч сынашууда. Турнир Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлүүдө.
Кыргызстандык боксчу Омар Ливаза БАЭде өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин күмүш медалын тагынды.63,5 килограмм салмак категориясында рингге чыккан мекендеш финалда россиялык спортчу Илья Попов менен күч сынашкан. Эскерте кетсек, Ливаза – бул биринчиликте финалга чыккан алгачкы кыргызстандык боксчу. Чечүүчү беттешке өзбекстандык спортчуну, андан кийин Армения, Азербайжан жана Замбиянын мушкерлерин жеңип чыккан.
Обончу, аткаруучу, композитор, педагог Шеркул Дүйшөналиев 68 жаш курагында узакка созулган оорудан дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Оркестр коштоосундагы концерттери жана симфониялык ырлары угармандардын эсинде узакка сакталуучу чыгармалардан болуп калды. Шеркул Дүйшөналиев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1957-жылы туулган. Бишкектеги музыкалык-педагогикалык окуу жайынан билим алган. Обончу чыгармачылык эмгек жолун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык ансамблинде жана "Наристе" тобунда баштаган. Кыргыз радиосунун камералык хорунда көп жылдар бою эмгектенип, республикалык фестивалдардын бир топ сыйлыктарына татыган. "Жүрөгүм сезет", "Булактагы кездешүү", "Табият сыры", "Кумар көз", "Көңүл бөлсөң", "Ойлончу", "Сизге тааныш эмеспи", "Үйлөнүү тоюна", "Үмүт", "Жаштар бийи" жана башка обондорду жараткан. Ал өзүнүн ырларын, андан сырткары, көптөгөн обончу, композиторлордун ырларын, эстрадалык ансамблдердин жана симфониялык оркестрдин коштоосунда кыргыз радисунун алтын фондуна жаздырып, калтырып кетти.
АКШнын Браун университетинде атылган октон эки адам каза болуп, дагы сегиз киши оор абалда жаракат алып, учурда ооруканада жатат. Бул тууралуу жекшемби күнү Провиденс шаарынын мэри Бретт Смайли билдиргенин РИА Новости жазды."Бүгүн түштөн кийин эки адам каза болгонун, дагы сегиз киши оор абалда экенин тастыктай алам. Алар Род-Айленд штатындагы медициналык жайда дарыланууда. Азыркы тапта жабыркагандар жана каза болгондор боюнча маалымат ушулар", — деди мэр маалымат жыйында. Кол салууга шектелип жаткан адам азырынча кармала электигин, эркиндикте экендигин айтышты. Бийлик өкүлдөрү шектүү кара түстөгү кийимчен болгонун кошумчалашкан. Браун университети — АКШдагы эң байыркы жана абройлуу жогорку окуу жайлардын бири.
Жаңылыктар түрмөгү
0