https://sputnik.kg/20251214/1098564443.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин экинчи күнү башталды. Күн мурун футболдук турнирдин биринчи күнү... 14.12.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-12-14T13:00+0600
2025-12-14T13:00+0600
2025-12-14T13:56+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0e/1098564277_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9467b2be8c13959d712516c8fc8de37e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин экинчи күнү башталды. Күн мурун футболдук турнирдин биринчи күнү аяктаган. Мелдештин жыйынтыгында "Президенттин командасы" "Аймактар", "Фемида" командаларын утуп, "Элчилер" командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Жалпысынан турнирде 16 команда күч сынашууда. Турнир Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлүүдө.
Кыргыз-Россия Славян университетинде режиссёр Оливер Стоундун "Атом" даректүү тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Иш-чараны Росатом уюштуруп, ага 300дөн ашык студент катышкан."Тасма белгилүү долбоорлорду талдоо принциби менен жаралган. Анда Россия, АКШ жана Франциянын көмүртектин көлөмүн азайтуу максатында кайра жаралуучу энергия булактарын атомдук станциялар менен айкалыштырып, ийгиликтүү колдонгон мисалдары келтирилген", — деп айтылат маалыматта. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылы Венеция кинофестивалынын документалдык кино секциясында өткөн. Андан соң фильм Өзбекстан, Кытай, Түркия, Монголия, Мьянма, Россия, Венгрия, Индия жана Бангладеште көрсөтүлгөн.
Бишкекте кафеде мушташкан үч кыз кармалганын шаардык милициядан кабарлашты. Окуя 13-декабрга караган түнү Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан тамактануучу, эс алган жайда болгон.Чыр салгандарга алгач Тез чара көрүүчү топ келип, бирок ызы-чууну баса алган эмес. Анда соң милиция чакырылып, анда да кыздар кызматкерлер менен айтышып, сөгүп, айласын кетирген. Натыйжада "Майда бейбаштык" беренеси боюнча 31, 30 жана 20 жаштагы үч кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Брюсселдин Россиянын активдерин мөөнөтсүз бөгөттөө чечими Европага олуттуу сокку уруп, анын бүткүл дүйнө алдындагы аброюн биротоло талкалаганын италиялык l'AntiDiplomatico басылмасы жазганын РИА Новости билдирди. Макалада айтылгандай, Евробиримдик бул чечим менен эл аралык укук жана мамлекеттик суверенитет жаатында чектен ашып кетти. Автордун пикиринде, бүгүнкү чечим менен европалык түзүмдөр өздөрүн дүйнөлүк коомчулуктун алдында толук дискредитациялап жатышат. Ошол эле учурда Брюссель Россиядан мурда өзүнө чоң зыян келтирүүдө. "ЕБ мындай кадамы менен Европада сакталган активдер мындан ары коопсуз эмес экенин көрсөттү. Ансыз да солгундап турган еврого жана европалык каржы системасына ишеним өлүмгө тете сокку алды. Мындан ары кайсы ири держава өз резерин каалаган учурда тартып ала турган системага ишенип сактайт?" — деп суроо салат басылма. Буга чейин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас ЕБ өлкөлөрү тоңдурулган россиялык резервди мөөнөтсүз бөгөттөөнү чечкенин билдирген. Анын айтымында, 210 миллиард евро көлөмүндөгү россиялык каражат Москва Киевге толук репарация төлөмөйүнчө ЕБ аймагында калат.
Бүгүн, 14-декабрда президент Садыр Жапаров катышкан салттуу "Мурас" достук футбол турниринин экинчи күнү башталды. Күн мурун футболдук турнирдин биринчи күнү аяктаган. Мелдештин жыйынтыгында "Президенттин командасы" "Аймактар", "Фемида" командаларын утуп, "Элчилер" командасына утулуп, 1/4 финалга чыкты. Чейрек финалда ошондой эле “Достук”, “Өнөр”, “Аймактар”, “Спорт чеберлери”, “Ыйман”, “Иш башкармасы”, “Ден соолук” командалары да ойношот. Жалпысынан турнирде 16 команда күч сынашууда. Турнир Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлүүдө.Кыргыз-Россия Славян университетинде режиссёр Оливер Стоундун "Атом" даректүү тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Иш-чараны Росатом уюштуруп, ага 300дөн ашык студент катышкан."Тасма белгилүү долбоорлорду талдоо принциби менен жаралган. Анда Россия, АКШ жана Франциянын көмүртектин көлөмүн азайтуу максатында кайра жаралуучу энергия булактарын атомдук станциялар менен айкалыштырып, ийгиликтүү колдонгон мисалдары келтирилген", — деп айтылат маалыматта. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылы Венеция кинофестивалынын документалдык кино секциясында өткөн. Андан соң фильм Өзбекстан, Кытай, Түркия, Монголия, Мьянма, Россия, Венгрия, Индия жана Бангладеште көрсөтүлгөн. Бишкекте кафеде мушташкан үч кыз кармалганын шаардык милициядан кабарлашты. Окуя 13-декабрга караган түнү Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан тамактануучу, эс алган жайда болгон.Чыр салгандарга алгач Тез чара көрүүчү топ келип, бирок ызы-чууну баса алган эмес. Анда соң милиция чакырылып, анда да кыздар кызматкерлер менен айтышып, сөгүп, айласын кетирген. Натыйжада "Майда бейбаштык" беренеси боюнча 31, 30 жана 20 жаштагы үч кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.Брюсселдин Россиянын активдерин мөөнөтсүз бөгөттөө чечими Европага олуттуу сокку уруп, анын бүткүл дүйнө алдындагы аброюн биротоло талкалаганын италиялык l'AntiDiplomatico басылмасы жазганын РИА Новости билдирди. Макалада айтылгандай, Евробиримдик бул чечим менен эл аралык укук жана мамлекеттик суверенитет жаатында чектен ашып кетти. Автордун пикиринде, бүгүнкү чечим менен европалык түзүмдөр өздөрүн дүйнөлүк коомчулуктун алдында толук дискредитациялап жатышат. Ошол эле учурда Брюссель Россиядан мурда өзүнө чоң зыян келтирүүдө. "ЕБ мындай кадамы менен Европада сакталган активдер мындан ары коопсуз эмес экенин көрсөттү. Ансыз да солгундап турган еврого жана европалык каржы системасына ишеним өлүмгө тете сокку алды. Мындан ары кайсы ири держава өз резерин каалаган учурда тартып ала турган системага ишенип сактайт?" — деп суроо салат басылма. Буга чейин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас ЕБ өлкөлөрү тоңдурулган россиялык резервди мөөнөтсүз бөгөттөөнү чечкенин билдирген. Анын айтымында, 210 миллиард евро көлөмүндөгү россиялык каражат Москва Киевге толук репарация төлөмөйүнчө ЕБ аймагында калат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/0e/1098564277_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5f63821739a2930378e22d93ca8e5be5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио