00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
10 мин
Стоп-кадр
Кинонун жаңы доору: блогерлер режиссёрдон да кызыктуубу?
17:11
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:07
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек арада зым тартылгандан кийин видеокамераларды орнотууну тапшырганын атайын кызматтан билдиришти. Аткаминер кечээ, 12-декабрда, Баткен облусундагы Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстандын мамлекеттик чек аралары бириккен аймакта орнотулган стелага барып, чек арадагы зым тосмолордун сапатын текшерген."Зымдарды тартып бүткөндөн кийин бардык чек ара тилкелеринин көрүнүктүү-көрүнүктүү жерлерине видеокамараларды орнотобуз. Дайыма басып жүрө бербей чек арадагы абалды ошондон эле карап тургудай бололу. Андан тышкары, тартылган зымды бойлото сөзсүз жол салынышы керек", — деген Ташиев. Белгилей кетсек, учурда Тажикстан менен болгон чек аранын 80 пайызына зым тартылып бүткөн. Толугу менен кийинки жылы бүтмөкчү.
Бишкекте дагы бир "тез байытам" деген компания аныкталып, негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, VML_KG компаниясына алдандым деп 157 жаран арыз жазган. Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон."Компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тиешелүү документтер алынды. Алдамчылыкка шектелип, анын 67 жаштагы негиздөөчүсү убактылуу кармоочу жайга камалды", — деп айтылат маалыматта. Милиция жарандарды "тез жана кепилденген киреше" убадалагандарга ишенбөөгө чакырат. Эч кандай тобокелчиликсиз жогорку киреше тууралуу убадалар каржы пирамидасынын негизги белгилеринин бири экенин эстен чыгарбоо керек.
Кыргыз-Россия Славян университетинде режиссёр Оливер Стоундун "Атом" даректүү тасмасынын атайын көрсөтүүсү өттү. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти. Иш-чараны Росатом уюштуруп, ага 300дөн ашык студент катышкан."Тасма белгилүү долбоорлорду талдоо принциби менен жаралган. Анда Россия, АКШ жана Франциянын көмүртектин көлөмүн азайтуу максатында кайра жаралуучу энергия булактарын атомдук станциялар менен айкалыштырып ийгиликтүү колдонгон мисалдары келтирилген", — деп айтылат маалыматта. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылы Венеция кинофестивалынын документалдык кино секциясында өткөн. Андан соң фильм Өзбекстан, Кытай, Түркия, Монголия, Мьянма, Россия, Венгрия, Индия жана Бангладеште көрсөтүлгөн.
Беларусь президенти Александр Лукашенко коргонуу жана аскердик коопсуздукка байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги жазды. Өзгөртүүлөр үч негизги мыйзамга киргизилгени белгиленген. Төмөнкү эки жагдай өзгөрүүнүн негизги өзөгүн түзөт: кайсы бир мамлекет же мамлекеттер коалициясы тарабынан Союздук мамлекетке (Россия), ошондой эле ЖККУга мүчө өлкөлөргө каршы жасалган куралдуу агрессия актысы Беларуска жасалган кол салуу деп эсептелет; Беларустун Куралдуу күчтөрү өз аймагында же союздаш мамлекеттердин аймагында куралдуу жаңжалдардын тутанышына алып келиши мүмкүн болгон кризистик кырдаалдарды жоюуга тартылышы мүмкүн. Мындан тышкары, мыйзам менен аба чабуулуна каршы коргонуу күчтөрүнүн тынчтык жана согуш маалындагы милдеттери так аныкталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0