00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Когда усталость — не норма: как отличить выгорание от болезни
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
11 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Кышка даярдык: министрлик энергетикалык объектилерде иштердин 90%дан ашыгы аткарылганын билдирдиБорбор калаанын айрым жерлеринде газ 4 күнгө өчүрүлөтБүгүн кыргыз-тажик чек арасында Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери жолугуштуАлдыда кененирээкБүгүн, 29-сентябрда Кыргызстан президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолукту. Баткендеги өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Облус башчылары жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен, эки тараптан тең алмашуу макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүүгө байланыштуу маселелерди, чек араны демаркациялоодо, чек ара сызыгын, короо жай, бак дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту сактоо, жергиликтүү тургундардын ортосунда жакын кошуналык мамилелерди чыңдоо, ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу багытында иш аракетерди улантуу макулдашылды.
2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата энергетикалык объектилерди жаңылоо жана даярдоодо иштери 90% дан ашык аткарылды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлүп жаткан реформага жана алдыдагы 2025-2026- жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыкты сапаттуу жүргүзүү талабына ылайык, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында жана 8 айдын ичинде комплексдүү капиталдык оңдоо иштери аткарылды.Мындан тышкары, имараттарды, курулмаларды, тейлөөчү унааларды оңдоо иштери, ошондой эле энергетикалык объектилерди суу-ташкынынан жана аба-ырайынын таасиринен коргоого багытталган чаралар да көрүлүүдө.
Бишкектин айрым жерлеринде 4 күн газ болбойт. «Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, төмөн жана орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: Алыбаев көч., Крылов көч., темир жол, Осмонов көч. – 1-2-октябрь күндөрү; Мурманск көч., Гагарин көч., Садырбаев көч., Ахунбаев көч. – 29-30-сентябрь күндөрү. «Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 15 тыйынга рубль 1 сом 4 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ30-сентябрга караган түнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шейшемби, 30-сентябрда күндүз күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жамгыр жаап, күндүз ала булут каптап турат. Күндүн табы +20...+22, Ош шаарында күн ачык болуп +25...+27 градуска чейин ысыйт.
Жаңылыктар түрмөгү
0