Бишкекте болочок журналисттер үчүн "Евразия" медиа мектеби ачылат
15:30 01.08.2025 (Жаңыртылды: 15:48 01.08.2025)

© Sputnik / Антон Слонь
Жазылуу
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкекте болочок журналисттер үчүн "Евразия" медиа мектеби ачылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн брифингде уюштуруучулар билдиришти.
Долбоорду "Слово Кыргызстана" редакциясынын базасында "Евразия" уюму ишке ашырат. Бул медиамектеп басма сөз, теле, радио жана санариптик журналистика боюнча жаңы муундагы журналисттерди даярдаган аянтча болот.
"Слово Кыргызстана" басма үйүнүн директору — башкы редактор Елена Жолобова медиамектеп актуалдуу контент жаратып, түз эфирде иштеп, ар кандай форматта иштей ала турган универсалдуу журналисттерди тарбиялоого шарт түзөрүн белгиледи.
"Биз журналист чындыкты гана айтууга тийиш деп ойлойбуз. Анткени коомдун ишеними акыйкатка байланган", — деди ал.
Жолобова медиамектепте кесиптик жана этикалык даярдыкка өзгөчө көңүл буруларын жана ментор катары өлкөдөгү тажрыйбалуу журналисттер тартыларын кошумчалады.
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Курманбек Раматов жаштар маалыматты текшерүүнү, этиканы сактоону жана аудитория менен иштешүүнү үйрөнөрүн айтты.
"Бүгүн маалымат мейкиндиги акыл-эс таймашына айланып калды. Мындай шартта фактылар менен иштеп, жоопкерчилик менен сүйлөгөн журналисттерди даярдоо өтө маанилүү", — деди ал.
"Ала-Тоо 24" телеканалынын шеф-редактору жана алып баруучусу Светлана Акматалиева билдиргендей, катышуучулар жаңылык даярдоо, интервью алуу, түз эфирде өзүн алып жүрүү жана этика боюнча терең билим алышат.

"Ала-Тоо 24" телеканалынын шеф-редактору жана алып баруучусу Светлана Акматалиева
© Sputnik / Антон Слонь
Медиаэксперт Елена Горбачева долбоор улуттук медиа чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жардам берерин белгиледи.
"Биз медиарынок талап кылган форматтар жана маалыматты кантип так, түшүнүктүү жеткирүү керектиги тууралуу сөз кылабыз", — деди ал.
"Евразия Кыргызстан" аймактык кеңсесинин маалымат катчысы Толкун Камчыбекова медиамектеп — бул жөн гана билим берүүчү платформа эмес, кесипкөйлөрдүн клубу экенин белгиледи. Ал журналисттер ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана күчтүү медиа коомчулугун түзүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле жаш журналисттерге классикалык журналистика мектеби менен заманбап санарип форматтар ортосунда диалог түзүүчү аянтча болору айтылды.

"Евразия Кыргызстан" аймактык кеңсесинин маалымат катчысы Толкун Камчыбекова
© Фото / пресс-служба ОАО "Кыргызалтын"
RT телеканалынын журналисти, "Евразия" эл аралык сыйлыгынын эксперттик кеңешинин мүчөсү Константин Придыбайло маалымдагандай, медиамектепте Россиядан келген мыкты эксперттер дагы сабак беришет.

RT телеканалынын журналисти, "Евразия" эл аралык сыйлыгынын эксперттик кеңешинин мүчөсү Константин Придыбайло
© Фото / предоставлено Константином Придыбайло
"Жакында эле Бишкекке барып журналисттер жана блогерлер менен жолуктум. Алар оозунда сөзү бар мыкты адамдар экен. Медиамектеп замандан артта калбоо үчүн түзүлдү. Мыкты спикерлер абдан кызыктуу маалыматтар менен бөлүшөт. Журналисттер ар дайым окуп турушу керек. Эгер токтоп калса, анда иштин бүткөнү", — деди ал.




