00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Тоң районунда багылып жаткан 30 жейрен жаратылышка кое берилдиӨлкөдө курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандар көбөйүүдө. Медиктер коңгуроо кагуудаДанияр Амангелдиев ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына катыштыМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев видео байланыш аркылуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Отурумдун жүрүшүндө ЕЭК Кеңеши дары-дармек каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө фармацевтикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечим кабыл алды. Чечим ЕАЭБдин бажы аймагындагы лабораториялык практиканын эрежелеринин талаптарына тестирлөө борборлорун текшерүүнү жүргүзүү жол-жоболоруна карата мамилени шайкеш келтирүү максатында кабыл алынды жана калктын ден соолугуна коркунуч туудурган дары-дармек каражаттарын жүгүртүүгө жол бербөө максатында кабыл алынды. Целлюлозанын эфирлери жана натрий сульфиддери үчүн ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифинин импорттук бажы алымдарынын ставкаларын төмөндөтүү чечими кабыл алынды. Импорттук бажы алымынын ставкасын төмөндөтүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин металлургиялык жана химиялык өнөр жай ишканаларын колдоого багытталган.
Кыргызстанда курч ичеги-карын инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айнура Узакбаева жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине билдирген.Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада жалпы 300 бейтап жатат, алардын ичинен курч ичеги-карын инфекциясы менен 110 бейтап дарыланууда. Алардын басымдуу бөлүгү жаш балдар. “Биздин жугуштуу оорулар ооруканабызга күн сайын 300гө жакын бейтап кайрылат. Анын ичинен 100дөйү балдар. Орточо оор жана оор абалдагы бейтаптар гана ооруканага жаткырылат. Калгандарына дарыгерлер кеңеш берип, үйдө дарыланууга жиберет. Учурда курч ичеги-карын инфекциясына кабылган 110 адам бизде дарыланып жатат”, - деди ал.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда багылып жаткан 30 жейрен жаратылышка кое берилди. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, калгандары кийинки жылы облустун башка, шарты туура келген жерлерине жайылтылат. 2021-2022-жылдары Өзбекстандан алып келинген 25 жейрендин саны учурда 70ке жеткен.Коё берилген жаныбарлардын алтооно GPS-каргы тагылганы кошумчаланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Россиянын Украинанын аймагына абадан сокку урганына кайгырып жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Россиянын аракеттери абдан кейитет. Мен муну жийиркеничтүү деп эсептейм. Бул менин эмес, Байдендин согушу", — деди Трамп журналисттерге. Ал РФке каршы кошумча санкцияларды киргизе аларын, бирок акыркы чечимди сегиз күндөн кийин кабыл аларын айтты. "Менимче, бул Путинди анча деле коркутпайт. Мындан пайда болобу же жокпу, билбейм, бирок ошентсе да жасайбыз", — деди Ак үйдүн башчысы. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 7 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ2-августка караган түнү айрым жерлернде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 2-август, ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад облустарында +30...+35, Баткен өрөөнүндө +29...+34, Ысык-Көл кылаасында +23...+28, Нарын жергесинде +22...+27 градус сык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0