https://sputnik.kg/20241229/gruziya-mikhail-kavelashvili-1091151817.html
Грузияда Михаил Кавелашвили президенттик кызматка расмий киришти
Грузияда Михаил Кавелашвили президенттик кызматка расмий киришти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Грузияда Михаил Кавелашвили бүгүн, 29-декабрда, президенттик кызматка расмий киришти. Инаугурация аземи парламентте өткөнүн РИА... 29.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-29T17:16+0600
2024-12-29T17:16+0600
2024-12-30T16:33+0600
дүйнөдө
грузия
президент
инаугурация
михаил кавелашвили
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1e/1091171548_0:0:2338:1316_1920x0_80_0_0_acef7a6962349bba570a2747904aaa46.jpg
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Грузияда Михаил Кавелашвили бүгүн, 29-декабрда, президенттик кызматка расмий киришти. Инаугурация аземи парламентте өткөнүн РИА Новости жазды. Ал арада өлкөнүн буга чейинки башчысы Саломе Зурабишвили резиденциядан кеткени кабарланды. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, Тбилисидеги башаламандыктарды колдоп чыккан эле.Михаил Кавелашвили Грузиянын алтынчы президенти болуп шайланды. Ал шайлоочулар коллегиясындагы 300 адамдын ичинен 224 добуш топтогон.Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурдагы футболчу.2022-жылы Кавелашвили ачык катында АКШ элчисинен оппозициянын бийликти кулатуу чакырыктарына, ошондой эле Киевдин Грузияны Россияга каршы жаңжалга кошулуу өтүнүчүнө карата мамилесин билдирүүнү суранган. Ал АКШ элчилиги Грузиядагы бийликти поляризациялоо жана өзгөртүү үчүн өзүнүн агенттерин колдонуп жатканын айткан эле. Жаңы шайланган президент үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.Белгилей кетсек, Грузия — парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, нагыз бийлик премьер-министрде.
https://sputnik.kg/20241218/aliyev-gruziya-abal-tuuraluu-1090908160.html
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1e/1091171548_130:0:2207:1558_1920x0_80_0_0_2f3cd354437284991c7c9c93f5f79ba1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, грузия, президент, инаугурация, михаил кавелашвили
дүйнөдө, грузия, президент, инаугурация, михаил кавелашвили
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Грузияда Михаил Кавелашвили бүгүн, 29-декабрда, президенттик кызматка расмий киришти. Инаугурация аземи парламентте өткөнүн
РИА Новости жазды.
Ал арада өлкөнүн буга чейинки башчысы Саломе Зурабишвили резиденциядан кеткени
кабарланды. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып, Тбилисидеги башаламандыктарды колдоп чыккан эле.
Михаил Кавелашвили Грузиянын алтынчы президенти болуп шайланды. Ал шайлоочулар коллегиясындагы 300 адамдын ичинен 224 добуш топтогон.
Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурдагы футболчу.
2022-жылы Кавелашвили ачык катында АКШ элчисинен оппозициянын бийликти кулатуу чакырыктарына, ошондой эле Киевдин Грузияны Россияга каршы жаңжалга кошулуу өтүнүчүнө карата мамилесин билдирүүнү суранган. Ал АКШ элчилиги Грузиядагы бийликти поляризациялоо жана өзгөртүү үчүн өзүнүн агенттерин колдонуп жатканын айткан эле. Жаңы шайланган президент үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Белгилей кетсек, Грузия — парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, нагыз бийлик премьер-министрде.
18 Бештин айы 2024, 14:54