https://sputnik.kg/20241218/aliyev-gruziya-abal-tuuraluu-1090908160.html
Макрондун карааны кайрадан көзгө чалдыкты. Алиев Грузиядагы башаламандык тууралуу
Макрондун карааны кайрадан көзгө чалдыкты. Алиев Грузиядагы башаламандык тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Грузиядагы башаламандыкка дагы кийлигишти. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев... 18.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-18T14:54+0600
2024-12-18T14:54+0600
2024-12-18T16:02+0600
азербайжан
ильхам алиев
грузия
башаламандык
эммануэль макрон
дүйнөдө
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090905239_0:160:3074:1889_1920x0_80_0_0_a4c3c388c2401d70476c555481b62bbc.jpg
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Грузиядагы башаламандыкка дагы кийлигишти. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК менен РИА Новостиге курган маегинде билдирди. Ноябрдын аягында Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин кароону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялаган. Мындан улам оппозициянын кезектеги нааразылык акциялары башталган. Митингчилер петардаларды, таштарды, бөтөлкөлөрдү колдонушкан. Талкаланган жерлерден "Молотов коктейлинин" бөтөлкөлөрү да табылганы кабарланган. Коопсуздук күчтөрү атайын техникаларды, анын ичинде суу аткычтарды колдонуу менен жооп кайтарышкан.Грузиялык укук коргоочу, "Адам укуктары үчүн мурдагы саясий туткундар" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Нана Какабадзе РИА Новостиге билдиргендей, нааразылык акциялары Батыш тарабынан бейөкмөт уюмдар аркылуу каржыланган. Батыш өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна кызыкдар. Анткени Россияга каршы "экинчи фронтту" ачууну көздөөдө.
https://sputnik.kg/20241214/gruziyada-zhany-prezident-shajlandy-1090824363.html
азербайжан
грузия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/12/1090905239_172:0:2903:2048_1920x0_80_0_0_eb0bca12c3e5a9c002239816ec38db19.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
азербайжан, ильхам алиев, грузия, башаламандык, эммануэль макрон, дүйнөдө
азербайжан, ильхам алиев, грузия, башаламандык, эммануэль макрон, дүйнөдө
Макрондун карааны кайрадан көзгө чалдыкты. Алиев Грузиядагы башаламандык тууралуу
14:54 18.12.2024 (Жаңыртылды: 16:02 18.12.2024) БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Грузиядагы башаламандыкка дагы кийлигишти. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев ВГТРК менен
РИА Новостиге курган маегинде билдирди.
"Азыр абал (Грузияда – ред.) стабилдүүлүккө карай ооп жатканы жакшы. Бул жерде дагы Макрондун карааны көзгө чалдыкты. Бул киши өз өлкөсүндө отура албай Грузияга дагы кийлигишүүдө", — деди Алиев.
Ноябрдын аягында Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо маселесин кароону 2028-жылга чейин токтотуу чечимин жарыялаган. Мындан улам оппозициянын кезектеги нааразылык акциялары башталган. Митингчилер петардаларды, таштарды, бөтөлкөлөрдү колдонушкан. Талкаланган жерлерден "Молотов коктейлинин" бөтөлкөлөрү да табылганы кабарланган. Коопсуздук күчтөрү атайын техникаларды, анын ичинде суу аткычтарды колдонуу менен жооп кайтарышкан.
Грузиялык укук коргоочу, "Адам укуктары үчүн мурдагы саясий туткундар" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Нана Какабадзе РИА Новостиге билдиргендей, нааразылык акциялары Батыш тарабынан бейөкмөт уюмдар аркылуу каржыланган. Батыш өлкөдөгү бийликтин алмашуусуна кызыкдар. Анткени Россияга каршы "экинчи фронтту" ачууну көздөөдө.