00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
ОГО!
Транспортный налог, туризм в Караколе и угрозы вируса — что обсуждали на этой неделе?
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Евразия" бейөкмөт уюму Медицина кызматкерлеринин ассоциациясын түздү

© Фото / АНО "Евразия"Медиктердин Моксвада өткөн "МедМедиа" конгресси
Медиктердин Моксвада өткөн МедМедиа конгресси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2024
Жазылуу
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Москвада 23-25-ноябрь күндөрү "МедМедиа" аталышындагы медиктердин конгресси өтүп, анын жыйынтыгы менен Медицина блогерлеринин ассоциациясы түзүлгөнүн "Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму билдирди.
Иш-чарага Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 100дөн ашуун медицина кызматкери катышкан. Конгресс "Дени сак Евразия" форумунун алкагында өттү.
Эки күн аралыгында катышуучулар үчүн лекциялар, семинарлар, тегерек столдор уюштурулуп, анда салттуу баалуулуктарды, энелик жана көп балалуулук темасын медиа айдыңында жайылтуу маселелери талкууланды.
"Максатыбыз — Евразия жашоочуларынын саламаттыгын сактоо жана салттуу баалуулуктар темасын илгерилетүү үчүн евразиялык мамлекеттерден чыккан дарыгер-блогерлердин башын бириктирүү. Континентибиздин эли ден соолугуна кам көрүүнүн ыкмалары тууралуу туура маалымат алышына кызыкдарбыз, ушул багытта иштейбиз. Биздин медиктер евразиялык саламаттык сактоо тармагында чыныгы навигатор боло алышат", — деген Мамдума депутаты жана "Евразия" уюмунун кеңешинин төрагасы Алена Аршинова.
© Фото / АНО "Евразия"Медиктерди Москвада өткөн "МедМедиа" конгресси
Конгресс врачей МедМедиа в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2024
"МедМедиа" программасынын соңу менен дарыгерлердин ортосундагы кызматташууну бекемдөө үчүн Евразиялык медицина блогерлеринин ассоциациясы түзүлгөн. Медицина кызматкерлери көйгөйлөрдү талкуулап, социалдык тармактарды колдонууда тажрыйба алмашуу, жаш адистерди колдоо жана дарылоого жаңы технологияларды киргизүү жаатында байма-бай жолугушуп турууну макулдашышканы айтылат. Жакын арада дарыгерлердин атайын топтору түзүлүп, алар так бир медициналык маселелерди жана региондогу социалдык көйгөйлөрдү чечүү менен алектенишмекчи.
Россиянын саламаттык сактоо минисринин орун басары Олег Салагай евразиялык интеграция саясат эмес, биргелешип өнүгүү муктаждыгы экенин белгиледи.
"Медицина жана саламаттык сактоонун орток тили — бизди орус тилинен да артык бириктире турган кызматташуунун өтө күчтүү инструменти. Николай Семашко түптөп, ошондон тараган медициналык мектептерибиз — көздүн карегиндей сактап, өнүктүрө турган баасы жок ресурс. Мамлекеттердин көбүндөгү акысыз саламаттык сактоо жана анын жеткиликтүүлүгү — кызматташуунун анык далили", — деди Салагай.
Маалымат үчүн
Евразия" автономиялуу бейөкмөт уюму — улуттар аралык мамилени илгерилетүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм. Максаты — элдердин улуттук иденттүүлүгүн сактоо менен постсоветтик аймактагы интеграциялык процесстерди бекемдөө. Уюмдун башкы багыттарынын бири окуучуларды, студенттерди жана жаш адистерди колдоо болуп саналат. Долбоорлорунун арасында билим берүү программалары, тажрыйба алмашуу, ири мамлекеттик жана жеке компанияларда стажировкадан өтүү, медиамектеп бар. Муну менен бирге "Евразия" — бул мектеп жана ЖОЖ окутуучулары үчүн кесиптик платформалар, журналист жана блогерлер үчүн гранттар, ишкерлер үчүн өнөктөш издөө жана продукцияны сатуу боюнча бизнес-миссиялар, тарыхты сактоо жана мадатият багытындагы долбоорлор.
РФ ТИМинин расмий өкүлү  Мария Захарова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2024
Захарова: Евразия — жогорку темпте өнүгүп жаткан мейкиндик. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0