https://sputnik.kg/20240415/osh-rossiya-azyk-zhetkiruu-1084273078.html
Ошко Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди
Ошко Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди
Sputnik Кыргызстан
Азык-түлүктү социалдык долбоорлорго катышкан жарандар алат. 15.04.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-04-15T19:46+0600
2024-04-15T19:46+0600
2024-04-16T09:17+0600
кыргызстан
россия
азык-түлүк
буу
колдоо
ош
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0f/1084272026_0:64:1280:784_1920x0_80_0_0_386bff0d2e1ecc8875b2172ec59c1ac8.jpg
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилгенин РФтин элчилиги билдирди.Ошко 337,5 тонна байытылган ун, 60,7 тонна өсүмдүк майы алып келинди. Жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берилди.Кандай долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатат:Россия — Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору. Акыркы 10 жылдын ичинде Россия өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кыргызстандыктарга ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.
https://sputnik.kg/20240329/rossiyanyn-elchisi-kyrgyzstandyktarga-kayryldy-1083830112.html
ош
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/0f/1084272026_75:0:1206:848_1920x0_80_0_0_d22182c4fc7eb76813926d8130bfdbe5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, азык-түлүк, буу, колдоо, ош, сүрөт
кыргызстан, россия, азык-түлүк, буу, колдоо, ош, сүрөт
Ошко Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди
19:46 15.04.2024 (Жаңыртылды: 09:17 16.04.2024) Азык-түлүктү социалдык долбоорлорго катышкан жарандар алат.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилгенин РФтин элчилиги билдирди.
Ошко 337,5 тонна байытылган ун, 60,7 тонна өсүмдүк майы алып келинди. Жардам БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу берилди.
"Бул салым коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана Кыргызстандагы мектептерди ысык тамак менен камсыздоого жардам бере турган долбоорлор аркылуу аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтөт", — деди элчилик.
Кандай долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатат:
ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүү;
тобокелдиктерди азайтуу үчүн бак-дарактарды отургузуу жана дарыя жээктерин бекемдөө;
айылда көпүрөлөрдү жана дренаждык системаларды куруу;
жашоо-тиричиликти өнүктүрүү жана айыл чарба тажрыйбалары үчүн мүмкүнчүлүктү жогорулатуу боюнча тренингдер.
Россия — Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору. Акыркы 10 жылдын ичинде Россия өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кыргызстандыктарга ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.

29 Жалган Куран 2024, 18:01