Алешемдикке жол берилбейт! Жапаров бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзамга кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров документтерге кол коюу учурунда. Архив
Мамлекет башчы Садыр Жапаров документтерге кол коюу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2024
Жазылуу
Президент Кыргызстанда бардык нерсе мыйзам чегинде болорун кошумчалаган.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга кол койгонун социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Президент 30 жылдан бери иштеп келе жаткан өкмөттүк эмес уюмдар буга чейин чет өлкөлүк донорлордон алган акчаны каалаган нерсесине, анын ичинде жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыктарына да иштетип келгенин айтып, мындан ары Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, банктан эсеп ачарын белгилеген.
"Чет өлкөлүк донорлорду биздин өкмөттүк эмес уюмдар "мыйзам кабыл алынса бизге куугунтук болот, чет өлкөнүн агенти деп камашат" деген сыяктуу жалган маалыматтарды айтып, алдашкан. Алар ошого ишенип алышкан. 30 жылдан бери бирөөсүн дагы "чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар" деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек? Эч кандай куугунтук болбойт. Буга мамлекет башчы катары кепилдик берем. Биздин мамлекетте силерден жана силердин донорлордон жашыра турган жашыруун сырыбыз жок. Колуңардан келсе миллиондорду эмес, миллиарддарды алгыла. Ал биздин өлкө үчүн пайда гана алып келет. Болгону мындан ары баарын ачык-айкын көрсөтүп, эл катары эле иштегиле деп жатабыз. Ошондо чет өлкөлүк донорлоруңар дагы канча акчасы кайсы долбоорлорго жумшалганын ачык көрүп турушат. Алданышпайт", — деп жазган Жапаров.
Президент өнүккөн деген Батыш өлкөлөрүндө өкмөттүк эмес уюмдар Юстиция министрлигине катталып, банктан эсеп ачып, салык кызматына каттоого туруп иштешерин айтып, мындан ары Кыргызстанда да баары мыйзам чегинде болорун, бийлик өкмөттүк эмес уюмдардын алешемдиктерине жол бербей турганын кошумчалаган.
Эскерте кетсек, кабыл алынган мыйзамга ылайык, эми өлкөдө "чет өлкөнүн өкүлү функциясын аткарган бейөкмөт уюм" түшүнүгү киргизилет. Тагыраагы, сырттан каржыланып, саясий иштерге аралашып жүргөн коммерциялык эмес уюмдарды "чет элдик агент" деп аташат.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2024
Садыр Жапаровдун АКШ мамкатчысы Блинкенге берген жообу. Негизги учурлар
Жаңылыктар түрмөгү
0